Америкалык кардиолог Ассим Десай мээнин сыйлык системасын «кайра иштетүү» аркылуу адам дофаминдик секириктерге көз каранды болбой, туруктуу канааттануу сезимин калыптандыра алары тууралуу айтып берди. Материал Psychology Today сайтында жарыяланган, жазат InoZpress.
Адистин айтымында, заманбап адам күн сайын чексиз дүүлүктүрүүлөрдүн — билдирмелердин, сатып алуулар менен тасмаларды карап чыгуунун — таасиринде жашайт. Бул адаттар мээдеги дофамин деңгээлинде тез жана кыска мөөнөттүү секириктерди жаратат. Бирок андан кийин мээ ошол эле сезимди алуу үчүн дагы көп стимулдарды талап кыла баштайт. Десай бул көрүнүштү медицинадагы «тахифилаксия» түшүнүгүнө салыштырган — организм дарынын адаттагы дозасына жооп бербей калганда.
Дофаминдик секириктердин илимий негизи
Дофамин — бул «кубануу гормону» эмес, сыйлыкка болгон күтүүнү жөнгө салган зат. Мээ мүмкүн болгон жагымдуу натыйжаны сезгенде, дофаминдин деңгээли көтөрүлөт. Натыйжа канчалык күтүүсүз болсо, ошончолук чоң зат бөлүнөт. Дал ушул принцип социалдык тармактарда, онлайн сатып алууларда жана оюн-зоок индустриясында колдонулат.
Бирок мындай секириктердин көптүгү мээнин табигый ритмин бузат. Психиатр Анна Лембке «Dopamine Nation» китебинде муну «дофамин жетишсиздиги синдрому» деп түшүндүрөт. Бул абал адамда апатия, түйшөлүү же тынчсыздануу пайда болгон учур. Натыйжада кадимки жашоодогу майда кубанычтар — сейилдөө, музыка, баарлашуу — өз күчүн жоготот.
Ритм жана тең салмак — гармониянын ачкычы
Мээ да жүрөк сыяктуу туруктуу ритмге муктаж. Кардиологияда туруктуу пульс — ден соолуктун белгиси, ал эми ашыкча өзгөрмөлүү ритм — коркунуч сигналы. Мээнин сыйлык системасында да ушундай эле процесс жүрөт: өтө көп дофаминдик толкундар системаны чарчатат жана концентрацияны бузат.
Тең салмактуулукту калыбына келтирүү үчүн ырахаттын секириктерин — туруктуу, жай агымга алмаштыруу керек. Бул абал «дофаминдик тең салмак» деп аталат. Ал адам стимул менен эс алууну кезектештирип, процесстин өзүнөн ырахат алганды үйрөнгөндө жаралат.
Мээде туруктуу дофамин агымын кантип жаратуу керек
Ассим Десай мээнин табигый тең салмагын калыбына келтирүүгө жардам берген бир нече жөнөкөй ыкманы сунуштайт:
- Табиятта көбүрөөк убакыт өткөрүңүз — күн нуру, жашыл айлана жана жаратылыштын үндөрү нерв системасын калыбына келтирет.
- Музыка угуу — изилдөөлөр көрсөткөндөй, музыка эмоция жана мотивацияга байланышкан мээ бөлүктөрүн активдештирет.
- Жакындарыңыз менен байланышта болуңуз — туруктуу баарлашуу мээге ишенимдүү дофамин булагын берет.
- Санариптик жүктү азайтыңыз — билдирмелерди өчүрүп, телефонду белгилүү убактарда гана текшериңиз.
- Маани, баалуулуктарды өлчөп көрүңүз — лайктардын ордуна ички канаат сезимин тандаңыз.
Мындай көндүмдөр адамдын ички абалын тынч жана туруктуу кылат. Убакыт өткөн сайын адам стресс факторлорго азыраак реакция кылып, кубанычты терең сезе баштайт.
Өз ритмиңизди угууга үйрөнүңүз
Десай белгилегендей, бакыт — бул жарк этип өткөн учур эмес, туруктуу процесс. Ал дем алуу аркылуу ички ритмди калыбына келтирүүнү сунуштайт: 4 секунд дем алуу, 4 секунд кармоо жана 8 секунд чыгарып дем алуу. Бул ыкма парасимпатикалык системаны активдештирип, мээ менен дененин ишин шайкеш кылат.
Кийинчерээк мээ жаңыны кубалоонун ордуна, учурдагы жашоодон ырахат алууну үйрөнөт. «Чыныгы туруктуулук, — деп жазат Десай, — биз ырахаттын дагы бир толкуну үчүн чуркабай, ошол бар болгонун баалай баштаганда келет».
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, 2025-жылдын күздөгү башкы макияж тренди — кызыл шарап түсүн эринге, бетке жана кабакка кантип колдонуу керектиги.
