City Magazine маалыматына ылайык, 2025-жылдын күзүндө сулуулук дүйнөсүн бир негизги түс багындырды — терең жана жагымдуу кызыл шарап түсү. Ал TikTok жана Instagram социалдык тармактарында чыныгы сенсацияга айланып, жылуулукту, назиктик менен табигый сулуулукту бириктирди. Бул макияж ашыкча жылтыракты да, драма элементтерин да талап кылбайт — жетиштүү болгон бир эле бордовый өң табигый сулуулукту баса белгилейт, жазат InoZpress.
Кызыл шарап өңүндөгү монохромдук макияж — бул модалуу жана ошол эле учурда уюткулуу көрүнгүсү келгендер үчүн күздүн символу. Ал суук айларда жылуу жана жумшак таасир берет — жүзгө шам жарыгындай жылтыл тартуулайт. Эксперттер бул тренд ар кандай теринин өңүнө жараша универсалдуу деп белгилешет.
Эмне үчүн дал ушул кызыл шарап түсү
Кызыл шарап өңүнүн өзүнө гана таандык мүнөзү бар. Ал жылуу, терең жана өз алдынча. Ага көңүл буруу үчүн кошумча жасалгалардын деле кереги жок.
Бул түс макияжда универсалдуу кызыл катары иштейт: ачык териде — экспрессивдүү, ал эми күрөңүрөөк териде — табигый көрүнөт. Ушул көп кырдуулугу аны быйылкы күз мезгилинин негизги түсүнө айлантты. Социалдык медиада бул көрүнүштү “элеганттуу жөнөкөйлүк” деп аташат — ашыкча аракетсиз эле жарашыктуу көрүнүш.
Кызыл шарап өңүндөгү макияжды кантип жасоо керек
Визажисттердин сунушу жөнөкөй: «бир түс — бир нече текстура». Эгер териңиздин өңү муздак болсо — кочкул кызгылт же кызгылт көк түстөрдү, ал эми жылуу өңдөгү тери үчүн — күрөң жышаан кошулган вариантты тандаңыз.
Эринге шарап өңүндөгү кремдүү помада колдонуңуз — ал өтө оор эмес, бирок жетиштүү каныккан болсун. Калган помаданын аз бөлүгүн манжаңыз менен жаагыңызга жеңил сүртүп, назик румянец түзүңүз. Кабак үчүн ошол эле түстүн жумшагыраак формасын колдонуп, катуу сызыктарсыз жайылган эффект жаратыңыз.
“Шарап өңүндөгү макияж” — бул өзүнө ишенүү
Бул тренд жөнөкөйлүгү менен популярдуу болду. Бир эле түс макияждын бардык элементтерин бириктирип, бүтүндүк жана назиктик берет. Мындай ыкма табигыйлыкты баса белгилеп, убакытты үнөмдөйт — толук образ үчүн аз каражат жетиштүү.
Адистер кызыл шарап өңүндөгү макияжды жөн гана мода эмес, сулуулуктун жаңы философиясы деп эсептешет — аз катмар, көбүрөөк стиль. Бул ыкма көрүнүштү гармониялуу жана заманбап кылып, аялдын өзүнө ишенүүсүн арттырат.
Популярдуулук сыры эмнеде
Кызыл шарап түсү ар дайым жылуулук жана ишеним менен байланыштырылат. Макияжда ал аялзатын элеганттуу жана назик көрсөтүп, жүзгө жумшактык менен сыр кошот.
Мындан тышкары, бул өң өтө ыңгайлуу — күндүзгү макияжга да, кечки образга да жарайт. Анда ашыкча жасалгалар жок, болгону жарашыктуу гармония жана ишеним бар.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, легендарлуу парфюмерия дүйнөсүндөгү бардык мезгилдердин мыкты сегиз жыты тууралуу.
