Үй Илим жана технологияларКетогендик диета депрессиянын оор формасында убактылуу жеңилдик берет

Кетогендик диета депрессиянын оор формасында убактылуу жеңилдик берет

Кетогендик диета оор депрессиянын белгилерин кыска убакытка жеңилдетсе да, туруктуу жыйынтык берүүчү ыкма катары аны далилдөө үчүн көбүрөөк изилдөө талап кылынат.

Кето диетасы

Көмүрсуусу аз кетогендик диета терапияга туруктуу депрессиясы бар чоңдордун абалын кыска мөөнөттө жакшыртышы мүмкүн. Бул жыйынтык Улуу Британиядагы окумуштуулар жүргүзгөн клиникалык изилдөөнүн негизинде чыгарылган. Изилдөөнүн толук жыйынтыгы JAMA Psychiatry журналында жарыяланган, жазат InoZpress.

Терапияга туруктуу депрессия деп бейтап эки же андан көп антидепрессантты колдонгондон кийин да симптомдорунун азайбаганын билдирет. Мындай учурда адистер жаңы ыкмаларды издешет, алардын бири — тамактанууну өзгөртүү аркылуу маанайга таасир этүү.

Изилдөө кантип жүргүзүлгөн

Сыноого 18 жаштан 65 жашка чейинки 88 адам катышкан. Алар кокусунан эки топко бөлүнүп, ар башка диетаны алты жума бою карманышкан. Биринчи топ суткасына 30 граммдан ашпаган көмүрсуусу бар кетогендик диетаны тандаган. Экинчи топ өсүмдүккө негизделген фито-диета менен жашылчаларды көбөйтүп, каныккан майларды каныкпаган майларга алмаштырган.

Катышуучулар мурунку дары-дармектерин колдонууну улантышкан. Калория көлөмү салмак жоготуунун маанайга таасирин четтетүү үчүн көзөмөлдөнгөн.

Жыйынтыктар жана байкоолор

Алты жуманын аягында эки топто тең депрессия белгилери азайган. Бирок кетогендик диета карманган топтун PHQ-9 шкаласы боюнча көрсөткүчү орточо 10 пунктка төмөндөгөн, фито-диетадагы топтун көрсөткүчү — 8 пунктка. Изилдөөчүлөр бул айырманы кыска мөөнөттүү, бирок клиникалык мааниге ээ деп белгилешкен.

Он эки жума өткөндө катышуучулардын жарымы диетаны толук сактабай калган. Ошол себептен натыйжалардын айырмасы жоголгон. Окумуштуулар кетогендик диета убактылуу гана жардам бериши мүмкүн экенин, узак мөөнөттүү эффектти аныктоо үчүн кошумча изилдөө керек экенин айтышат.

Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, жангy изилдөөдө аутизм балдар менен кыздарда бирдей кездешери аныкталганы тууралуу.

Сізге де ұнауы мүмкін