The Lancet Psychiatry журналында жарыяланган жаңы изилдөө орто жаштагы депрессиянын алты белгилерин аныктап, алардын кийин деменция өнүгүү коркунучу менен байланыштуу экенин көрсөттү, жазат InoZpress.
Изилдөөдө окумуштуулар 5800дөн ашуун адамдын 25 жылдык саламаттык маалыматтарын талдашкан. Натыйжада, орто жашта беш же андан көп депрессия белгилери байкалган адамдардын деменцияга чалдыгуу ыктымалдыгы башка катышуучуларга караганда 27% жогору экени аныкталган. Бирок бул көрсөткүчтүн негизги себеби депрессиянын алты өзгөчө белгиси болуп чыкты.
Деменция тобокелин күчөткөн алты белгилер
Аталган белгилерге көңүлдү топтой албоо, өзүнө ишенбөө, тынымсыз тынчсыздануу, көйгөйлөрдү чече албоо, айланадагыларга жылуу сезимдин жоктугу жана аткарылган иштерге канааттанбоо кирет.
«Жалпы коркунуч бардык белгилерге бирдей тиешелүү эмес. Биз дал ушул белгилер деменция тобокелин жогорулатарын таптык», — деди изилдөөнү жетектеген Филипп Франк, Лондон университеттик колледжинин психиатрия бөлүмүнүн улук изилдөөчүсү.
Изилдөөчүлөр бул белгилер диагноз коюлгандан көп жыл мурда эле деменциянын алгачкы көрсөткүчтөрү болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Ишенимдин жоголушу жана стресске туруштук берүү көйгөйү — негизги факторлор
Анализ көрсөткөндөй, өзүнө ишенбөө жана көйгөйлөрдү чечүүдө кыйналып калуу деменция коркунучун дээрлик 50% көбөйтөт.
«Кээ бир белгилер башкасына караганда кыйла көп маалымат берет. Бул мурдагы изилдөөлөрдүн эмнеге ар кандай жыйынтык чыгарганын түшүндүрөт», — деп түшүндүрдү Франк.
Ал белгилегендей, орто жаштагы ар бир депрессия учурлары деменцияга алып келбейт — тобокелдик айрым психологиялык белгилерге гана байланыштуу.
Депрессия — мээ ишинин көрсөткүчү
BrainsWay компаниясынын башкы медициналык директору жана психиатр Ричард Бермудес бул изилдөө психикалык жана мээ ден соолуктарынын өз ара байланышына дагы бир далил болгонун айтты.
«Пациенттер өзүнө ишенбөө же көңүлүн топтой албоо жөнүндө айтканда, бул жөн гана эмоция эмес. Бул мээнин иши толук кандуу болбой жатканынан кабар берет», — деди ал.
Бермудестин айтымында, айрым депрессия белгилери маанай эмес, мээ тармактарындагы өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү болушу мүмкүн, ошондуктан мээни эрте колдоо жана профилактика өзгөчө маанилүү.
Диагностика жана алдын алуу үчүн жаңы ыкмалар
АКШдагы Хакенсак университеттик медициналык борборунун гериатр адиси Камал Вагле бул иликтөө депрессияны жалпы диагноз катары эмес, белгилердин өзүнчө жыйындысы катары кароого жол ачарын белгиледи.
«Бул ыкма деменция баштала электе эле аны алдын алууга багытталган так чараларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», — деди ал.
Окумуштуу бул жыйынтыктар ар түрдүү калк арасында да тастыкталышы керектигин жана дал ушул белгилерди өз убагында дарылоо деменция коркунучун азайта алабы — аныктоо маанилүү экенин кошумчалады.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, окумуштуулар мээ жаракатынан кийин эс тутум бузулушун токтото турган затты табышканы тууралуу.
