Radiology журналында жарыяланган жаңы изилдөөдө Түндүк Американын Радиология коомунун (RSNA) колдоосу менен жүргүзүлгөн эмгек мээнин абалы жалпы майдын көлөмүнө эмес, анын денеде кайсы жерде топтолушуна байланыштуу экенин көрсөттү. Айрыкча эки түр — «уйку безине топтолгон май» жана «жашыруун май» — мээнин картаюусуна жана когнитивдик функциялардын төмөндөшүнө алып келери белгиленди, жазат InoZpress.
Кытайдын Сюйчжоу Медициналык университетинин окумуштуулары UK Biobank базасындагы 26 миңге жакын катышуучунун МРТ жыйынтыктарын изилдеп чыгышкан. Алар майдын бөлүштүрүлүшү мээнин картаюусуна жана неврологиялык өзгөрүүлөргө түздөн-түз таасир этерин аныкташкан.
Мээ үчүн коркунучтуу май кайсы жерде топтолот
Изилдөөдө мурда белгилүү болбогон эки май түрү аныкталган:
• Уйку безине топтолгон май — ашыкча май негизинен уйку безинде топтолот.
• «Жашыруун май» — сырткы көрүнүшү арык, бирок денесинде майдын үлүшү жогору адамдарда кездешет.
Бул эки тип тең мээнин боз затын азайтып, эс тутумду жана ой жүгүртүү жөндөмүн начарлатат. Уйку безинде майдын көлөмү 30% га чейин жеткен учурлар катталган — бул нормалдуу адамдардагы көрсөткүчтөн 2–6 эсе жогору.
Изилдөөнүн авторлорунун түшүндүрмөсү
Изилдөөнү жетектеген доктор Кай Лю кадимки семирүү көрсөткүчтөрү ар дайым так коркунучту көрсөтө бербесин белгиледи.
«Биздин изилдөө көрсөткөндөй, организмдеги майдын жайгашуусу мээнин ден соолугу үчүн жалпы салмактан да маанилүү. Айрыкча уйку безиндеги ички май деңгээли чоң роль ойнойт», — деди Лю.
Ал бул маалыматтар деменцияны жана башка ооруларды эрте аныктоого жардам берерин кошумчалады.
«Жашыруун майдын» өзгөчөлүгү
Бул топтогу адамдардын дене массасынын индекси нормалдуу болгону менен, майдын үлүшү жогору. Май негизинен курсак аймагында топтолот, ал эми боор жана уйку бези көрсөткүчтөрү кадимки бойдон калат.
«Бул типтин өзгөчөлүгү — сырткы көрүнүш эмес, май менен булчуңдун катышы. Денеси арык көрүнгөн адамдарда да майдын деңгээли жогору болушу мүмкүн жана бул мээнин ишине таасир этет», — деп түшүндүрдү окумуштуу.
Изилдөө майдын ушундай түрлөрүн өз убагында аныктоо дарыгерлерге оорулардын алдын алуу чараларын жеке тартипте сунуштоого жардам берет.
Медицина үчүн мааниси
Изилдөөнүн авторлору келечекте МРТ ыкмасы мээнин өзгөрүүсүн алдын ала аныктоого жардам берерин белгилешти. Бул адамдарга жаш курагында эле туура тамактануу жана кыймыл режими аркылуу коргонууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул ачылыш медициналык диагностикада майдын бөлүштүрүлүшүн эске алуу зарылдыгын жана ар бир адам үчүн жекелештирилген ыкманы колдонуу маанилүү экенин көрсөттү.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, организмге детокс керекпи: боор боюнча эксперт мифти жокко чыгарды.
