Европа Биримдигинин жасалма интеллект (ЖИ) жөнүндөгү мыйзамынын ишке кирүүсү жаңы этапка чыкты. Документ Европада ЖИ колдонулушун жөнгө салууну көздөйт жана 2024-жылдын 1-августунда күчүнө кирген. Бирок анын айрым жоболору 2027-жылга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн экенин The Conversation басылмасы жазды, жазат InoZpress.
Еврокомиссия мындай чечимди технологиялык гиганттардын жана АКШ өкмөтүнүн катуу басымынан кийин кабыл алган. Жаңы сунуштар мыйзамдын жогорку тобокелдиктеги ЖИ системаларына тиешелүү бөлүгүн кечеңдетүүнү карайт. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, кадрларды тандоо же насыя берүү процесстерин талдоодо колдонулган системалар 2027-жылдын декабрына чейин мыйзамдын жоболоруна толук баш ийбейт.
Европа бизнеске жеңилдик берүүнү көздөйбү?
ЕБ мындай кадамды санариптик жөнгө салууну жеңилдетүү жана европалык компаниялардын атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу үчүн жасалган деп түшүндүрөт. Бирок сынчылар бул чаралар маалымат коопсуздугу жана жеке жашоону коргоо боюнча мурдагы жетишкендиктерди артка кайтаруу экенин белгилешүүдө.
Еврокомиссиянын билдирүүсүндө мындай делет:
«Жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелер европалык компанияларга технологиялык жактан өнүгүүгө жана рынокто калууга жардам берет, ошол эле учурда адам укуктарын, коопсуздукту жана адилеттүүлүктү сактайт». — деп айтылат ЕБнин расмий билдирүүсүндө.
Бирок адистер бул «жөнөкөйлөтүү» негизинен америкалык ири IT-компаниялардын кызыкчылыгына кызмат кыларын белгилешүүдө.
АКШнын каршылыгы жана «эркин рынок» аргументтери
АКШнын вице-президенти Ж.Д. Ванс 2024-жылдын башында жасалма интеллектке ашыкча чектөөлөрдү киргизүү «өнөр жайды өлтүрөт» деп билдирген. Ал ЕБнин маалыматтарды коргоо (GDPR) жана Санариптик кызматтар (DSA) жөнүндөгү мыйзамдарын да сынга алган.
«GDPRди сактоо кичи ишканалар үчүн аябай кымбат жана убакытты талап кылат. Ал эми DSA платформаларды мазмунду көзөмөлдөөгө жана “белгиленген дезинформацияны” өчүрүүгө мажбурлайт», — деген Ванс өз кайрылуусунда.
АКШ администрациясы тескерисинче, эркин маалымат айдыңын колдоо, ачык булактуу технологияларды өнүктүрүү жана “нейтралдуу” саясат жүргүзүүнү жактай турганын билдирген.
ЖИ боюнча глобалдык келишимдин жоктугу көйгөй бойдон калууда
2025-жылдын март айында Түндүк Каролина университетинде АКШ жана Германиянын окумуштуулары катышкан эл аралык жыйын өтүп, ЖИ боюнча трансатлантикалык кызматташуу маселесин талкуулашкан. Жыйындын жыйынтыгында жарыяланган илимий баяндаманын авторлору АКШнын инновациялык потенциалы менен Европанын адам укуктарына багытталган саясатты айкалыштыруу зарылдыгын белгилешкен.
Изилдөөдө белгиленген негизги көйгөйлөрдүн катарына алгоритмдик бир тараптуулук, купуя маалыматты сактоо, интеллектуалдык менчик уурулугу жана энергетикалык керектөөнүн экологиялык кесепеттери кирет. Алар бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык деңгээлде этикалык стандарттарды жана ачык отчеттуулукту киргизүүнү сунушташкан.
Инновация менен адилеттүүлүк ортосундагы тең салмак
Адистердин айтымында, инновацияны өнүктүрүү менен коомдук жоопкерчиликти сактоо бири-бирине карама-каршы түшүнүк эмес. Тескерисинче, бул эки багыт бири-бирин толуктап турушу керек. ЖИнин келечеги демократиялык жана туруктуу өнүгүүгө кызмат кылышы үчүн саясат жана илим бир нукта иш алып барышы зарыл.
Бул багыттагы негизги максат — коомдун ишенимин сактаган, ачык жана жоопкерчиликтүү ЖИ экосистемасын куруу. Европа менен АКШ бул процессте лидердик ролун сактап калуу үчүн биргеликте аракет кылууга тийиш.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, жасалма интеллекттин банктардагы жана финансы секторундагы ролу тууралуу баяндаганбыз.
