Үй Илим жана технологиялар2025-жылдын сөздөрү: санариптик чарчоонун чагылуусу

2025-жылдын сөздөрү: санариптик чарчоонун чагылуусу

Жер

The Conversation басылмасынын автору Роджер Дж. Кройц жазгандай, 2025-жылы дүйнөлүк сөздүктөр тандаган «жылдын сөздөрү» технологиялык өсүш эмес, интернет доорунан болгон чарчоону чагылдырат. Мурда «блог», «твит» же «эмодзи» сыяктуу терминдер жаңычылдыктын белгиси болсо, азыркы сөздөр — ишенимсиздиктин жана жасалмалуулуктун символуна айланган, жазат InoZpress.

Автор белгилегендей, 2025-жылдын негизги сөздөрү — «AI slop», «parasocial» жана «rage bait» — коомдун технологияларга болгон мамилесинин өзгөрүшүн көрсөтөт. Интернет мындан ары шыктанууну эмес, тынчсызданууну жана чарчоону жараткан чөйрөгө айланууда.

Жасалма мазмун жана реалдуулукту жоготуу

2025-жылы Австралиянын Macquarie сөздүгү «AI slop» деген сөздү жылдын термини деп атады. Ал генеративдик жасалма интеллект жараткан сапатсыз, көп учурда катасы бар контентти түшүндүрөт. Мындай маалыматтар сүрөттөрдөн тартып карьералык кеңештерге чейин ар түрдүү форматта болот.

«AI slop — бул колдонуучу сурабаган, жасалма интеллект тарабынан жаралган сапатсыз санариптик мазмун», — деп түшүндүрөт Macquarie сөздүгү.

Изилдөөчүлөр бул көрүнүш вирус сыяктуу тарай турганын айтышат, анткени көпчүлүк колдонуучулар жасалма сүрөт менен чыныгыны айырмалай албай калышат. Натыйжада интернетке болгон ишеним улам азайууда.

Жаңы жалгыздык: парасоциалдык байланыштар

Кембридж сөздүгү «parasocial» деген сөздү тандады. Ал белгилүү адам, кино каарманы же жасалма интеллект менен реалдуу эмес байланыш сезимин билдирет.

«Парасоциалдык байланыш — бул экрандагы адам менен “бетме-бет” мамиленин иллюзиясы», — деп түшүндүрөт макала.

Кызыгы, адамдардын бир бөлүгү чат-ботторго болгон сезимдерин чыныгы мамиле катары кабыл ала башташкан. Айрыкча жаштар арасында ИИге «дос» же «терапевт» катары кайрылуу кеңири тараган.

Интернеттеги ачуулануунун маданияты

Оксфорд сөздүгү «rage bait» деген түшүнүктү тандады. Ал атайын аудиторияны кыжырдантуу же уруш чыгаруу максатында жазылган контентти билдирет. Бул ыкма колдонуучулардын көңүлүн буруп, баракчалардын трафигин көбөйтүүгө арналган.

«Rage bait авторлору башкалардын сезимин пайдалануу аркылуу пайда табууга аракет кылышат», — деп белгиленет Psychology Today изилдөөсүндө.

Мындай көрүнүш интернет мейкиндигиндеги поляризацияны күчөтүп, адамдардын ортосундагы чыңалууну арттырат. Натыйжада интернет билим бөлүшүү эмес, сезимдик күрөш талаасына айланууда.

Бош мааниге айланган жаңы сөздөр

Dictionary.com сайты болсо «6–7» деген белгисиз сленгди тандады. Ал Gen Alpha жана Z муунунун арасында популярдуу болуп, так мааниге ээ эмес. Рэпер Скрилла бул сөздү өз ырында колдонгондон кийин ал вирус сыяктуу жайылган.

«Биз бул сөзгө эч качан чыныгы маанини берген эмеспиз — жана бергибиз да келбейт», — деген Скрилла.

Бул көрүнүш санариптик нигилизмди чагылдырат: маалымат көп, бирок мааниси жоголгон дүйнөдө жашап жатабыз. Ар ким өзү каалагандай түшүнүп, чыныгы баалуулуктар көмүскөдө калууда.

Доордун символу — ийин куушуруу

2025-жылдын бардык сөздөрүн бириктирген маанай — чарчоо жана кайдыгерлик. Интернет фейктер, чат-боттор жана жасалма сүрөттөр менен толуп, чыныгы маанини жоготууда.

Автор белгилегендей, азыркы коомдун абалын эң жакшы сүрөттөгөн белги — 🤷. Бул символ санариптик дүйнөдөгү түшүнүксүздүк менен кабылдоодон баш тартууну билдирет.

Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, изилдөө көрсөткөндөй жасалма интеллект күтүлгөндөн азыраак энергия сарптайт.

Сізге де ұнауы мүмкін