The BMJ маалыматы боюнча, Квинсленд технологиялык университетинин окумуштуулары онкология боюнча илимий макалалардын тексттеринен массалык түрдө жасалма изилдөөлөрдүн белгилерин аныктаган. Жалпы 2,6 миллион иш изилденип, алардын олуттуу бөлүгү ишенимдүү болбой калышы мүмкүн экени белгиленди, жазат InoZpress.
Изилдөөчүлөр илимий тексттердеги жасалмалуулуктун белгилерин аныктоочу машиналык окутууга негизделген модель түзүштү. Алгоритм “paper mills” деп аталган, сатуу үчүн даяр макалаларды чыгаруучу уюмдар менен байланышкан 250 миңден ашык шектүү эмгекти аныктаган.
«Paper mills» кантип иштейт
Мындай «илимий фабрикалар» акча төлөгөндөргө автор катары орун сунуштайт же толугу менен даяр ишти сатат. Алар убакытты үнөмдөө үчүн көп учурда окшош шаблондорду, жасалма маалыматтарды же бурмаланган сүрөттөрдү колдонушат.
Изилдөө жүргүзгөн команда миллиондогон тексттерди колдонуп, мындай иштерге мүнөздүү тилдик «издерди» аныктоону үйрөткөн. Система 91 пайыз учурларда шектүү макалаларды туура таап, илимий журналдар үчүн пайдалуу текшерүү куралы болуп калды.
Масштаб жана тенденциялар
Анализ көрсөткөндөй:
- жалган иштердин үлүшү 2000-жылдардын башында 1 пайыз болсо, 2022-жылы 16 пайызга жеткен;
- көйгөй ири басмаканалардын миңдеген журналдарын камтыйт;
- эң көп шектүү иштер молекулярдык биология жана лабораториялык изилдөөлөр багытында кездешет.
Айрым журналдар бул инструментти рецензияга чейин колдонуп башташты. Окумуштуулар аны башка илимий тармактарга да кеңейтүүнү жана шектүү материалдарды эртерээк аныктоого жардам берүүнү көздөшөт.
Эмне үчүн бул медицина үчүн коркунучтуу
Онкология жаатындагы изилдөөлөр клиникалык сыноолорго жана дары-дармек иштеп чыгууга түз таасир этет. Эгер бурмаланган маалыматтар илимий базаларга кирип кетсе, бул чыныгы изилдөөлөрдү адаштырып, рак менен күрөштөгү прогрессти жайлатышы мүмкүн. Ошондуктан жасалма публикацияларды аныктоочу технологияларды өнүктүрүү өтө маанилүү болуп калды.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, жаңы изилдөө көрсөткөндөй, аутизм балдар менен кыздарда бирдей кездешет.
