ИИ-агенттер санариптик дүйнөдө жаңы күчкө айланып, инновациялар менен кошо коркунучтарды да жаратты.
2025-жыл жасалма интеллекттин өнүгүшүндө бурулуш учур болду: лабораторияларда гана колдонулган системалар өз алдынча иштей баштады. The Conversation маалыматы боюнча, программаларды колдоно алган жана чечим кабыл ала алган ИИ-агенттердин пайда болушу жылдын эң чоң технологиялык окуясына айланды, жазат InoZpress.
Эми ИИ жөн гана жооп бербестен, анализ жүргүзүп, инструменттерди колдонуп, башка системалар менен кызматташып, татаал тапшырмаларды өз алдынча аткара алат. 2025-жыл — теория практика менен айкалышкан учур болду.
2025 — ИИ-агенттердин жылы
Anthropic компаниясынын Model Context Protocol аттуу протоколу ИИ-моделдерге тышкы программалар менен байланышууга мүмкүнчүлүк берди. Бул кадам жасалма интеллектти текст жараткан система болуудан чыгарып, активдүү аткаруучу куралга айлантты.
«Моделдер жөн гана сүйлөшкөндөн ишке өттү», — деп белгилейт изилдөөнүн автору Томас фон Давьер.
Кийин Google өзүнүн Agent2Agent протоколун ишке киргизди, ал агенттерге бири-бири менен баарлашууга мүмкүндүк берди. Эки протокол тең кийин Linux Foundation фондуна өткөрүлүп, ачык стандарт катары кабыл алынды.
Глобалдык атаандаштык жана технологиялык секирик
Жылдын башында Кытайдын DeepSeek-R1 аттуу модели ачык түрдө жарыяланды. Бул кадам дүйнөлүк рыноктогу күч тең салмагын өзгөрттү. Alibaba жана Tencent сыяктуу компаниялар өз моделдерин активдүү жайылта башташты.
«Ачык моделдер ИИни көпчүлүккө жеткиликтүү курал кылды», — деп айтылат Data Provenance отчетунда.
АКШдагы OpenAI, Anthropic жана Google жаңы, күчтүү моделдерди сунуштап, рынокто атаандаштыкты күчөттү.
Өз алдынчалык коркунуч алып келет
2025-жылдын ноябрында Anthropic компаниясы өзүнүн Claude Code аттуу агентин киберчабуулда колдонушканын билдирди. Бул окуя автономдуу системалардын коркунучтарын көрсөттү.
«Автоматташтыруу киберчабуул жасоону жеңилдетет жана тобокелдикти күчөтөт», — дешет адистер.
ИИ-агенттердин өсүшү менен коопсуздук маселелери да көбөйүүдө: маалыматтын агып чыгышы, манипуляция жана хакердик колдонуу тобокелдиги жогорулады.
2026-жыл эмнени алып келет
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ИИ-агенттерди баалоонун жаңы стандарттары иштелип чыгууда. Натыйжага гана эмес, процесске да баа берүү зарыл болуп калды.
«Эми маанилүү болгон нерсе — агент жыйынтыкка кандай жол менен жеткени», — деп белгилешет Carnegie Mellon университетинин окумуштуулары.
Мындан тышкары, Linux Foundation “Agentic AI Foundation” аттуу жаңы уюм түздү. Ал жасалма интеллектти коопсуз жана ачык колдонуу боюнча эл аралык эрежелерди иштеп чыгат.
Алдыдагы негизги чакырыктар
ИИ-инфраструктурасынын энергия керектөөсү өсүүдө, бул энергетикалык системаларга басым жасоодо. Ошол эле учурда, автоматташтыруу жумуш орундарын азайтуу жана жеке маалыматты көзөмөлдөө сыяктуу маселелерди жаратты.
«ИИ-агенттер жөн гана программалык код эмес. Алар социалдык жана техникалык жоопкерчиликти талап кылган системалар», — деп баса белгилейт автор.
Европа менен Кытайда ИИни жөнгө салуу аракеттери жүрүп жатканда, АКШда бул жаатта так эрежелер али түзүлгөн эмес. 2026-жыл дүйнөдө жасалма интеллектке болгон ишенимдин сыноо жылы болот.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, смартфондор жашыруун сенсорлор аркылуу колдонуучулар жөнүндө кандай маалымат чогултарын түшүндүргөн макаланы жарыялаганбыз.
