GPS навигациясы 1990-жылдары аскердик максатта иштелип чыккан, бирок бүгүнкү күндө ал транспорттон тартып энергетикага чейин дээрлик бардык тармактарга сиңип калган. Бул көрүнбөгөн көз карандылык глобалдык кризиске алып келиши мүмкүн. Бир эле иштен чыгуу учактарды токтотуп, биржаларды талкалап, энергетикалык тармакты үзгүлтүккө учурата алат.
Об этом сообщает «КТРК» со ссылкой на HackerNoon
GPS сигналы өтө алсыз — адистер аны «миллиарддын миллионунан ондон бири ватт» деп сүрөттөшөт. Бул сигнал Күн бороондоруна, тоскоолдукка жана бурмалоого (спуфинг) кабылып калышы мүмкүн. Эгер система толугу менен иштен чыкса, кесепети заматта жана кеңири масштабда болот. Акыркы жылдары дүйүн жүзүндө GPSке болгон ишенимдин бузулушу бир нече ири окуяларга себепчи болгон.
Бардык тармакты бириктирген жашыруун инфраструктура
GPS азыр дүйнөдөгү маанилүү тармактардын өзөгүнө айланган. Каржы биржалары соода операцияларын так убакыт менен белгилөө үчүн GPSти колдонушат. Электр тармактары генераторлорду синхрондоштуруу үчүн спутниктик убакытка таянышат. Айыл чарбада так эгүү жана жыйноо GPS аркылуу ишке ашат. Мобилдик байланыш тармактары (4G, 5G) сигналдарды координациялоо үчүн ушул эле системага көз каранды.
Бул процесстердин баары бир жалгыз булагына байланган. GPS токтогон замат синхрондоштуруу бузулат, ишмердүүлүк токтойт. Лондон Экономика институтунун маалыматына ылайык, GPS толук иштен чыкса, АКШнын экономикасына күнүнө 1 миллиард доллардан ашык зыян келтирет.
GPS жаңылыш көрсөтсө – реалдуу коркунуч
2024-жылдын ноябрында АКШнын Орегон штатында 20дан ашуун унаа GPSтин көрсөтмөсү менен негизги трассадан чыгып, кар каптаган токой жолуна түшүп кеткен. Айдоочулар өз алдынча чечим кабыл алуунун ордуна, толук ишеним менен навигаторго баш ийишкен. Натыйжада, алар карда камалып калышып, кээ бирлери спутниктүү SOS системасын иштетүүгө мажбур болушкан.
Бул окуя жөн гана жолдон адашуу эмес — бул технологияга көз каранды болуунун кооптуу деңгээли. Автоматташтырылган чечимдер адамдын интуициясын жана жоопкерчилигин алмаштырганда, мындай каталар мындан да оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
GPS иштебей калса эмне болот
Эгер GPS системасы толук иштен чыкса, анын таасири бардык тармактарда сезилет. Транспортто — учактар учпай калат, жол жарыктары иштебей калат, жеткирүү жана такси кызматтары токтойт. Байланыш тармагында — байланыш мунараларынын сигналдары дал келбей калат, интернет ылдамдыгы төмөндөйт. Финансылык операцияларда — соода убакыттары бузулат, каржылык коопсуздук системалары иштебей калат.
Энергетика тармагында — генераторлор синхрондон чыгып, регионалдык өчүрүүлөр башталат. Жеткирүү чынжырлары — запастарды көзөмөлдөө токтойт, порттор жана дүң базарлар башаламан абалга туш болот. Өзгөчө кырдаал кызматы — GPSсиз иш-аракет кыла албай калат. Булардын баары бир эле алсыз сигналдан көз каранды.
Эмне үчүн резервдик система жок
АКШ өкмөтү 2004-жылдан бери GPSке альтернатива түзүү тапшырмасын алса да, ушул күнгө чейин бир дагы резервдик система ишке кирген жок. Ага карата көптөгөн кеңешмелер, буйруктар жана убада берилген. Ошол эле маалда Кытай үч багытта коргонуу системасын колдонот: BeiDou спутниктери, була аркылуу убакыт берүү жана eLoran радио сигналдары. Россияда GLONASS жана ЧАЙКА иштейт.
АКШда болсо, GPS жана… үмүт. Акыркы улуттук кеңештер да GPSти коргоо боюнча так жоопкерчилик жана артыкчылыктуу макам жок экенин белгилешет. Система ушунчалык маанилүү болгону менен, аны коргоо боюнча реалдуу аракет аз.
Эми эмне кылыш керек
Учурда эле бир нече чечим ишке ашырууга даяр. eLoran — бул жер бетинде иштеген, тоскоолдукка туруктуу навигация жана убакыт берүү системасы. Кытай менен Россияда колдонулат. Кванттык убакыт технологиялары да спутникке таянбаган убакыт системаларын өнүктүрүүдө. Кошумча альтернативалар — була аркылуу убакыт берүү, M-GPS®, жасалма интеллект менен иштеген визуалдык навигация жана башка ыкмалар да иштелип жатат.
Мамлекеттик жана жеке мекемелер “GPS жок күн” сценарийинде машыгуу өткөрүп, системалык алсыз жактарды аныктай алышат. Эң маанилүүсү — коомчулукту кабардар кылуу. GPS — бул жөн гана навигатор эмес, бул — заманбап цивилизациянын пайдубалы жана аны коргоо стратегиялык ресурс катары каралышы керек.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, жаңы муундагы батареялар.