АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандыктар үчүн кыска мөөнөттүү визалардын мөөнөтүн кыскартты. Бул чечим иммиграциялык системадагы кыянатчылыктарды алдын алуу максатында кабыл алынды, деп билдирет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.
Бул тууралуу «InoZpress» шилтеме берүү менен билдирди 24.kg
Элчиликтин маалыматына ылайык, визалардын мөөнөтүн кыскартуу АКШнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коопсуздук коркунучтарын болтурбоо үчүн кабыл алынган чаралардын бир бөлүгү. Мындай чечим иммиграциялык система аркылуу коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Кыргызстандыктар үчүн визанын мөөнөтүн кыскартуу чечими бир нече факторлорго байланыштуу кабыл алынды, анын ичинде Дональд Трамптын президенттик жарлыгы менен белгиленген коопсуздук чаралары бар. Анын ичинде, визаларды берүү процесси, АКШга бара турган чет элдик саякатчылар улуттук коопсуздука коркунуч туудурбаса, ага жол берилиш керек.
Ошондой эле, элчилик билдирүүсүндө белгиленгендей, визалык уруксаттардын мөөнөтүн кыскартуу иммиграциялык системага каршы болгон кыянатчылыктарды алдын алууга мүмкүндүк берет. Бул кадам өлкөгө кирүүчүлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана мүмкүн болгон коркунучтарга дароо жооп кайтарууга багытталган.
Мындан тышкары, визаларга болгон өзгөртүүлөрдүн чегинде АКШ, Кыргызстанды камтыган дагы 36 өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө чектөөлөрдү киргизүү маселесин карап жатканын белгиледи. Бул тизмеге Түштүк Азия, Африка жана Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирүүдө.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, Кыргызстан Россиядан электр энергиясын импортту көбөйттү.