Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи АКШнын мүмкүн болгон соккусу тууралуу эскертүүлөрдөн кийин Тегерандагы жер алдындагы баш паанекке көчүрүлдү. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы маалымдады, жазат InoZpress.
Мындай чечим АКШнын аскердик аракеттерине байланыштуу чыңалуу күчөгөндөн кийин кабыл алынган. Дональд Трамптын америкалык аскер кемелерин Иран жээгине жөнөтүү тууралуу билдирүүсү Тегеранда коопсуздук чараларын күчөтүүгө түрткү берди.
АКШнын сокку уруусу боюнча коркунуч
Маалымат булактарына ылайык, Хаменеи көчүрүлгөн баш паанек Тегерандын аймагындагы бекемделген туннелдер системасынан турат. Анын күнүмдүк иштерин убактылуу уулу Масуд Хаменеи көзөмөлдөп, өкмөттүк түзүмдөр менен байланыштарды координациялап жатат.
АКШнын чабуул коркунучу 23-январда Дональд Трамп америкалык аскердик кемелердин Перс булуңуна карай жылып жатканын билдиргенден кийин күчөгөн. Ошол эле маалда ал «алардын колдонулбашына үмүттөнөрүн» белгилеген.
Иран бийлигинин жообу
Ирандын жогорку өкүлдөрү бул билдирүүнү түздөн-түз коркунуч катары кабыл алышкан. Өкмөт өкүлдөрү ар кандай аскердик агрессия Ислам Республикасына каршы толук масштабдагы согуш катары бааланарын билдиришкен.
Тегеран мүмкүн болгон чагымдарга жооп кайтарууга даяр экенин маалымдады. Акыркы күндөрү ирандык аскерлер стратегиялык объекттерди коргоону күчөтүп, чек ара райондорунда кеңири машыгууларды өткөрүштү.
Протесттер жана ички чыңалуу
2025-жылдын декабрь айынын аягынан тартып Иранда массалык нааразылык акциялары уланып келет. Экономикалык төмөндөө жана улуттук валютанын курсунын түшүшү элдик нааразычылыкты күчөттү. Ар кандай маалыматтарга караганда, нааразылык учурунда каза болгондордун саны 12 миңден 20 миңге чейин болушу мүмкүн.
Иран бийлиги АКШ менен Израилди өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө айыптап, демонстранттарды колдогон учурда бул мамлекеттерди «мыйзамдуу буталар» деп жарыялай турганын эскертти.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, АКШнын коргоо министрлиги жаңы стратегиясын жарыялап, Кытайды негизги коркунуч катары санабай турганын билдирген.
