2025-жылдын 6-сентябрында Күндүн жогорку активдүүлүгүнө байланыштуу кызыл деңгээлдеги магниттик бороон күтүлүүдө. Бул тууралуу SWPC Космостук аба ырайын божомолдогон борборунун маалыматына таянып glavcom.ua кабарлайт. К-индекс 6,7ге жетет, бул көрсөткүч – күчтүү геомагниттик бороон болуп саналат. Аталган көрүнүш көптөгөн адамдардын физикалык жана психологиялык абалына терс таасир этиши мүмкүн, жазат InoZpress.
Адатта мындай бороондордо организмдеги басым, жүрөктүн кагышы өзгөрүп, баш айлануу, уйкусуздук, чарчоо сыяктуу белгилер байкалат. Муну менен катар байланыш тармактарында жана навигациялык шаймандарда да үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Андыктан адистер бул күндөрү өзгөчө көңүл бурууну сунушташат.
КҮЧТҮҮ МАГНИТТИК БОРООН ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?
Магниттик бороон Күндөгү жарылуулар жана плазмалык жаркын массалардан улам пайда болот. Бул учурда бөлүнүп чыккан заряддалган бөлүкчөлөр Жердин магнитосферасы менен кагылышат. Натыйжада, геомагниттик бороон жаралат.
Күндүн активдүүлүгү менен байланышкан бул көрүнүш К-индекс деп аталган көрсөткүч менен бааланат. Эгерде ал 5тен жогору болсо, бул кооптуу деп саналат. 6,7 деңгээли өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, анткени ал ири масштабдагы таасирге ээ болушу мүмкүн.
ДЕН СООЛУККА ТИЕЧҮҮ ТААСИРЛЕР
Геомагниттик бороон учурунда адамдардын өзүн жаман сезиши – кеңири тараган көрүнүш. Айрыкча, өнөкөт оорулары барлар, карылар жана метеочувствительный адамдар тобокел тобуна кирет.
Көп кездешүүчү белгилер:
- баш ооруу, уйкусуздук;
- кан басымдын көтөрүлүшү же төмөндөшү;
- чарчоо, жүрөк кагышынын өзгөрүшү;
- нервдик чыңалуу, кыжырдануу;
- өнөкөт оорулардын козголушу.
Эгер бул белгилер байкалса, үй шартында дарылануу же дарыгерге кайрылуу сунушталат.
КАНДАЙ КЫЛЫП ӨЗҮҢҮ КОРГОСО БОЛОТ?
Мындай күндөрү туура жашоо образы жана алдын ала даярдык маанилүү ролду ойнойт. Адистер күнүмдүк режимди сактап, оор психологиялык абалдан алыс болууну кеңеш беришет.
Пайдалуу кеңештер:
- узак уйку жана эрте уктоо;
- көп суюктук ичүү, чөп чайларын колдонуу;
- күн нурунан качып, көлөкөдө эс алуу;
- оор майлуу жана туздуу тамактарды, алкоголду чектөө;
- жеңил көнүгүүлөр жасоо;
- конфликттерден алыс болуу жана сабырдуулук сактоо;
- зарыл дары-дармектерди алдын ала даярдап коюу.
Ушул эрежелерди сактоо менен магниттик бороондун терс таасирлерин жеңилдетсе болот.
ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА БАЙЛАНЫШ СИСТЕМАЛАРЫНА ТААСИРИ
Күндүн активдүүлүгү байланыш системаларында да көйгөй жаратышы мүмкүн. Заряддалган бөлүкчөлөр спутниктик сигналдарга жана электрондук шаймандарга тоскоол болот.
Таасир бере турган тармактар:
- спутниктик GPS жана мобилдик байланыш;
- авиация жана логистикалык тармактар;
- радио байланыш жана куткаруу кызматтары;
- деңиздеги жана тоолуу аймактардагы сигнал берүү системалары.
Бул күндөрү сапарлар же техникалык иштер алдын ала пландалып, коопсуздук чаралары күчөтүлүшү зарыл.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, ак кийимдер кызгылт болуп калды.