Өнөктөшүңүзгө ата-эне болбоңуз: сезимдерди жеп жаткан теңсиз мамиле тууралуу

Эгер түгөйлөрдүн бири мамиледе “тарбиячынын” ролун ойноп калса — дайыма эскертип, көзөмөлдөп, үй жумуштарынын баарын мойнуна алса — анда бул мамиле тең укуктуулугун жана жакындыкты жоготот. Psychology Today басылмасында психолог Жастин Леммиллер түшүндүргөндөй, бала кезден калыптанган ата-энелештирүү (parentification) образы кийинчерээк түгөйлүк жашоодо чарчоо жана мамиленин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Мындай жүрүм-турум, адатта, бала кезинде ата-энесине кам көрүп, жоопкерчилик алган адамдарда өнүгөт, жазат InoZpress.

Бул жерде сүйүүнүн белгиси катары болгон кам көрүү эмес, жоопкерчиликтин дисбалансына байланыштуу сөз болууда: бирөө дайыма чечим кабыл алып, үй чарбасын тартып кетет, экинчиси болсо “мүнөзсүз” же көз каранды абалда калат. Бул жагдайда “ата-эне” ролундагы адам өз керектөөлөрүн экинчи орунга жылдырып, чарчап, тажап же жада калса өнөктөшүнө карата ачуулана баштайт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бала кезде ата-энелештирүүгө дуушар болгон аялдар кийинчерээк өз түгөйү менен болгон мамилесинде канааттанбастыкты көп кездештиришет, анткени алар өз керектөөлөрү тууралуу ачык айтууга көнбөй калышат же аларды маанилүү эмес деп эсептешет.

Ата-энелештирүү деген эмне жана ал кантип көрүнөт

Ата-энелештирүү дегенибиз — бул бала ата-эненин ордун басып, ага тиешелүү чоңдордун жоопкерчилигин өзүнө алган психологиялык абал. Бул көрүнүш түрдүү формада байкалат: кичүү бир туугандарына каралашуу, үй чарбасын жүргүзүү, үй-бүлөлүк финансылык маселелерге аралашуу же ата-энесинин эмоциялык жүгүн көтөрүү. Мындай шартта баланын өз керектөөлөрү эске алынбай, сезимдери басылып калат, ал өзү гана баарына жооптуу деген түшүнүк менен чоңоёт.

Бул модель кийин түгөйлүк мамиледе кайталанышы мүмкүн: адам өз түгөйүнө да кам көрүүчү же башкаруучу ролду өзүнө алып, “жолдош” эмес, “ата-эне” болуп калат. Ал өнөктөшүн көзөмөлдөп, үй тапшырмаларын дайыма эскертип же бүт нерсени өзү кылып баштайт. Натыйжада бул теңсиз мамиле болуп, чарчоо жана нааразычылык жаратат.

Ата-эне болуу сексуалдык жана эмоционалдык жакындыкка кандай таасир этет

Sex and Psychology Podcast подкастында секс-терапевт Кейт Балестрьери түшүндүргөндөй, өнөктөшүнүн ордуна бардык жумушту аткаруу — адамды чарчатып, өзүнөн алыстатып, сексуалдык каалоону азайтат. Эгер өнөктөшүңүздүн ар бир кадамын көзөмөлдөп, аны дайыма эскертип же аны “тарбиялоого” мажбур болсоңуз — бул мамиледе чыңалууну жаратып, жакындыкты жоготот.

Мындай мамиле өнөктөштөрдүн ортосунда мурункудай эмоционалдык байланышты жок кылат. Бул көрүнүш туруктуу абалга айланып, “ата-эне” болгон тарап тынымсыз чарчайт, ал эми “бала” ролундагы өнөктөш өзүн бааланбаган же сынга кабылгандай сезет. Бул жагдайдан чыгуу үчүн ролдорду кайра кароо жана жоопкерчиликти тең бөлүштүрүү зарыл.

Мамилени кантип тең салмактап, ролдорду өзгөртүүгө болот

Биринчиден, маселенин бар экенин таануу керек. Леммиллер жана Балестрьери кеңеш бергендей, өнөктөшүңүз менен ачык сүйлөшүү зарыл: үй чарбасындагы жумуштар, милдеттер кимде, кандайча тең бөлүштүрүүгө болот — ушул маселелерди талкуулоо маанилүү. Эгерде мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин деле өзгөрүү болбосо, анда өз мойнуңузга алган “ата-эне” ролунан акырындык менен баш тартып, айрым тапшырмаларды токтотууга болот. Мисалы, болгону өзүңүздүн кир кийимдериңизди жууп, башка иштерди таштап коюу.

Алгач мындай аракет убактылуу ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, бирок дал ушул ыңгайсыздык өнөктөшүңүздү жоопкерчилик алууга түртөт. Эгер бул дагы жардам бербесе же маселе өтө терең болсо, анда түгөйлөр үчүн атайын терапевтке кайрылуу сунушталат. Себеби башкы максат — күнөө коюу эмес, эки тарап тең угулуп, өзүн баалуу сезген тең укуктуу мамилени куруу.

Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, нарциссизм маданиятка айланган учур.

Добавить комментарий