Тыюу салганына карабастан: кээ бир америкалыктар Kaspersky антивирусун колдонуп келет

Аватар пользователя Тимур Бекмамбетов
Kaspersky

Бул тууралуу «InoZpress» шилтеме берүү менен билдирди КТРК

АКШнын өкмөтү Kaspersky программалык камсыздоосуна тыюу салганына карабастан, кээ бир америкалыктар бул чектөөлөрдү айланып өтүп, аталган компаниянын антивирусун колдонуп келет. 

Сентябрдын аягында Kaspersky автоматтык түрдө UltraAV программасын америкалык миллион колдонуучулардын компьютерлерине орнотуп, мурунку программасын алмаштырды. Бирок, бир катар адамдар дагы эле бул программаны колдонууда.

Көптөрү лицензияларын тыюу салынганга чейин сатып алып, VPN колдонуунун же жаңыртууларды башка серверлер аркылуу жүктөө жолдорун таап алган. Бул ыкмалар аларга жаңыртууларды алып турууга мүмкүнчүлүк берет. Кээ бир колдонуучулар компаниянын орус чалгын кызматтары менен байланышы бар деген айыптоолорго ишенбейт, ал эми башкалар программанын сапаттуу коргоосу жана көп жылдык тажрыйбасы үчүн аны колдонууга көнүп калышканын айтышууда.

Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, деректердин ири агып кетүүсү, миллиард жазуу коомдук колдонууда.

Аватар пользователя Тимур Бекмамбетов

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *