Нарын облусунда жубайларга кол салышып, сейфтеги акчаны уурдашты

Нарын облусунун Кочкор районундагы Дон-Алыш айылында белгисиз адамдар жергиликтүү тургундардын үйүнө кирип, каракчылык кылышты. Каракчылар темир арматура менен уйкусунда жаткан жубайларды сабап, алардын баштарына оор жаракат келтиришкен. Андан соң үйдөгү сейфти алып кетишкен. Жабырлануучуларды туугандары таап, милиция менен тез жардам чакырылган.

Бул тууралуу «InoZpress» шилтеме берүү менен билдирди 24.kg

47 жаштагы эркек башынан катуу жаракат алып, тез арада Бишкектеги ооруканада операция жасалды. Азыр анын абалы турукташкан. 41 жаштагы жубайы дагы оор жаракат алып, азыркыга чейин комада. Туугандарынын айтымында, сейфтеги 500 миң сом яктарды сатуудан түшкөн каражат болгон. Бул акча көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы эле.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал 42 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталды. Кармалган кишиден кылмышка тиешелүү далилдер табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Калган кылмышкерлерди аныктоо жана окуянын чоо-жайын иликтөө иштери уланууда.

Дон-Алыш айылынын тургундары аймактагы коопсуздуктун абалына олуттуу тынчсыздануусун билдиришүүдө. Мындай окуялар милициянын өз убагында реакциясын талап кылат деп белгилешүүдө. Укук коргоо органдары элди окуя боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, айтып берүү үчүн милицияга кайрылууга чакырууда.

Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, кочкор районунда кызмат адамдары 1,5 миллион сомдон ашуун каражатты уурдап алышкан

Добавить комментарий