Ирандын жаңы жогорку лидери Моджтаба Хаменеи кызматка киришкенден кийин алгачкы билдирүүлөрүн жасады, деп маалымдашат CNN жана Sky News, жазат InoZpress.
Кайрылууну Ирандын мамлекеттик жаңылыктарын алып баруучу окуп берди. Хаменеи өзү камера алдында чыккан жок.
АКШнын базалары тууралуу коркутуулар
Билдирүүдө аймактагы бардык америкалык аскер базалары «дароо жабылышы керек», анткени алар «чабуулга алынат» деп белгиленген.
Иран лидери Тегеран коңшу мамлекеттер менен «достукка» ишенерин жана алардын аймагындагы америкалык объекттерге гана багыт аларын айтты. Жарандык объекттерге жасалган чабуулдар боюнча өзүнчө түшүндүрмө берилген жок.
Ошондой эле ал Ислам Республикасы «аймакта үстөмдүк кылууга же колониялык таасирге умтулбайт», бирок коңшу өлкөлөр менен биримдикке жана жылуу мамилеге даяр экенин белгиледи.
Ормуз кысыгы жана жаңы фронттор
Моджтаба Хаменеи Ормуз кысыгын жабуу АКШ жана Израилге басым көрсөтүүнүн куралы бойдон каларын айтты.
Жазуу түрүндөгү кайрылууда төмөнкүлөр айтылат:
«Ошондой эле душман аз тажрыйбага ээ жана өтө алсыз болгон аймактарда башка фронтторду ачуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү. Эгер аскердик абал уланса жана бул максатка ылайыктуу деп табылса, алар ишке киргизилиши мүмкүн».
Билдирүүдө «душманга каршы чыккан Иран элинин бардык катмарларына» ыраазычылык билдирилген.
Мындан тышкары, жогорку лидер «согуш учурунда жакындарын жоготкон» адамдарга көңүл айтып, «зыян орду толтурулат» деп билдирди.
Кайрылууда ошондой эле катаал формулировка камтылган:
«Адамзатка жана балдарга каршы кылмыш көз жаздымда калбайт. Биз шейиттердин каны үчүн өч алуудан баш тартпайбыз».
Компенсация талабы
Моджтаба Хаменеи каршылаштардан компенсация талап кыларын өзүнчө белгиледи. Ал АКШ жана Израилди айтып жаткан болушу мүмкүн.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
«Биз душмандан компенсация талап кылабыз. Эгер компенсация ала албасак, алар биздин мүлкүбүздү кандай жок кылышса, биз да алардын мүлкүн жок кылабыз».
Ошентип, Ирандын жаңы лидери алгачкы билдирүүлөрүндө тышкы саясатта катуу багытты белгилеп, аймакта чыңалуунун күчөшүнө жол берилиши мүмкүн экенин билдирди.
Эске салсак, буга чейин биз Тегеранда кармалган радиосигнал АКШнын атайын кызматтарында кооптонуу жаратканын жазган элек.
