Кыргызстандагы камсыздандыруу компаниялары жыл башынан бери 1,2 миллиард сомдук келишимдерди түзүштү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келишимдердин көлөмү 10 пайызга кыскарганы менен, бул кирешелердин өсүшүнө тоскоол болгон жок.
Бул тууралуу «InoZpress» шилтеме берүү менен билдирди КТРК
Бул төмөндөө кыймылсыз мүлктү өз ыктыяры менен камсыздандыруу тармагындагы өзгөрүүлөр менен байланыштуу. Учурдагы жылдын тогуз айында камсыздандыруу компаниялары 3,8 миллиард сом киреше тапкан.
Ошол эле учурда таза киреше 552 миллион сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйгөн. Келишимдердин басымдуу бөлүгү жеке жактар менен түзүлүп, алардын 75 пайызы өз ыктыяры менен камсыздандырууга туура келди.
Камсыздандыруу учурларынын көбү кырсыктар жана оорулар менен байланыштуу. Жалпысынан алганда, эң ири төлөмдөр кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга (179 миллион сом) жана медициналык камсыздандырууга (46 миллион сом) туура келди.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, ЕАЭСте жүк жана жүргүнчү ташуулар артты — Кыргызстан алдыӊкы орунда.