Кыргызстанда трансформатор өндүрүүчү завод курулушу мүмкүн

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен Казакстанга барып, Alageum Electric компаниясынын негиздөөчүсү Сайдулла Кожабаев менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанда жаңы завод куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул ишкана трансформаторлорду өндүрүүгө адистешет. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын бекемдеп, электр техникалык жабдууларды импорттоого болгон көз карандылыкты азайтуу күтүлүүдө.

Бул тууралуу «InoZpress» шилтеме берүү менен билдирди 24.kg

Alageum Electric өкүлдөрү Кыргызстанда филиал ачууну көздөп жатышканын билдиришти. Компания завод курууга инвестиция салууга даяр, бул ички рынок үчүн трансформаторлорду арзан баада өндүрүүгө шарт түзөт. Эгерде бардык пландар ийгиликтүү ишке ашса, курулуштун алгачкы этаптары ушул жылдын ичинде башталышы мүмкүн. Бул келишимди расмий бекемдөө үчүн Кыргызстан энергетика министрлиги менен Alageum Electric кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Иш сапардын алкагында Таалайбек Ибраев Казакстандын ири трансформатор чыгаруучу ишканаларына да барды. Анын ичинде Кентау трансформатор заводу жана «Азия Трафо» заводу. Ал ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, продукциянын сапаты менен таанышып, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулады. Казакстандын алдыңкы электротехникалык ишканалары менен кызматташуу Кыргызстан энергетика тармагынын жаңылануусуна өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Alageum Electric – Казакстандагы эң ири электротехникалык холдинг, курамына 30дан ашуун ишкана кирет. Алар электр энергиясы жабдууларын өндүрүү жана тейлөө менен алектенишет. Холдингдин структурасына Кентау трансформатор заводу, «Азия Трафо», «Электромонтаж» ААК жана башка компаниялар кирет. Компания электр жабдууларын долбоорлоодон баштап орнотууга жана тейлөөгө чейин толук кызматтарды көрсөтөт.

Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, Кыргызстанда салттуу жөрөлгөлөр менен майрамдардын чыгымдарын чектөө сунушталды

Добавить комментарий