Кыргызстанда глаукома оорусунун болжол менен 8 миң учуру катталган, бирок адистер бейтаптардын чыныгы саны мындан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына таянып open.kg билдирет, жазат InoZpress.
Оорунун кооптуулугу эмнеде
Глаукома — бул көздүн ичиндеги басым жогорулашы менен коштолгон өнөкөт көз оорусу. Өз убагында дарыланбаса, ал жарым-жартылай же толук көрүү жөндөмүн жоготууга алып келиши мүмкүн.
Дарыгерлер белгилегендей, оорунун алгачкы стадияларында ачык белгилер байкалбай калышы ыктымал, ошондуктан көпчүлүк бейтаптар дарыгерге абалы кыйла начарлаганда гана кайрылышат.
Кимдер тобокел тобунда
Адистер глаукоманын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн болгон бир нече факторду белгилешет:
- 40 жаштан жогорку курак
- атеросклероз жана кан тамырлардын куракка байланыштуу өзгөрүүлөрү
- тукум куума бейимдик
- көздүн сезгенүү оорулары жана жаракаттар
- кант диабети
Бул факторлор бар адамдарга офтальмологго үзгүлтүксүз текшерилип туруу сунушталат.
Кайсы белгилерге көңүл буруу керек
Глаукоманын белгилери көбүнчө акырындап өнүгөт. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- көрүүнүн бүдөмүк болушу
- көрүү талаасынын тарышы
- жарык булагынын айланасында түстүү шакектердин пайда болушу
Айрым учурларда глаукоманын курч кармашы болушу мүмкүн — көрүү кескин начарлайт, көздө катуу оору пайда болуп, ал самайга өтүшү ыктымал, ошондой эле жүрөк айлануу жана кусуу байкалат. Мындай учурда шашылыш медициналык жардам талап кылынат.
Дарыгерлер эске салгандай, көз ичиндеги басымдын нормалдуу деңгээли 20 мм сымап мамысынан ашпоого тийиш. Аны жылына жок дегенде бир жолу текшертип туруу сунушталат.
Эске салсак, буга чейин биз КР Саламаттык сактоо министрлиги таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздерди жогорулатуу демилгеси тууралуу жазганбыз.
