Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) маалыматына ылайык, Каспий деңизиндеги суунун деңгээли төмөндөөнү улантууда жана жакынкы ондогон жылдарда тайыздануу процесси кыйла тездеши мүмкүн.
Адистердин баамында, климаттын өзгөрүшү суунун бетинен бууланууну күчөтүүдө. Мунун кесепети Азербайжан, Иран, Казакстан, Россия жана Түркмөнстандын миллиондогон тургундарына таасирин тийгизет, жазат InoZpress.
Климат суунун жоголушун күчөтүүдө
Адистер деңиз деңгээлинин төмөндөшүн биринчи кезекте глобалдык температуранын жогорулашы менен байланыштырышат. Каспий дүйнөлүк океанга табигый чыгышы жок болгондуктан, күчөгөн буулануу бассейндеги суунун көлөмүнө түздөн-түз таасир этет.
Божомолдорго ылайык, кийинки 50 жыл ичинде деңиз деңгээли төмөндөөнү улантат. Бул жээк тилкесинин жана жаратылыш экосистемаларынын олуттуу өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
Сейрек кездешүүчү жаныбарлар коркунуч алдында
Тайыздануу аймактагы биологиялык ар түрдүүлүккө буга чейин эле таасирин тийгизип жатат. Өзгөчө тынчсызданууну Каспий бассейнинде жашаган осетр балыктарынын абалы жаратууда.
Ошондой эле Каспий тюленинин жашоо шарттары начарлоодо. Ал көбөйүү үчүн деңиздин түндүк бөлүгүндөгү кышкы муздарды пайдаланат. Мындан тышкары, жээкке жакын экосистемаларга көз каранды болгон суу-баткак жерлериндеги канаттуулардын 100дөн ашуун түрү үчүн да тобокелдиктер көбөйүүдө.
Олуттуу экономикалык чыгымдар болушу мүмкүн
Суунун деңгээлинин төмөндөшү бир катар тармактарга таасир этиши мүмкүн:
- деңиз ташуулары;
- порттордун иши;
- балык чарбачылыгы;
- туризм тармагы;
- жээк инфраструктурасы.
ЮНЕПтин маалыматы боюнча, жаңы шарттарга ылайыкташтыруу жана порт объектилерин модернизациялоо жүз миллиондогон доллар инвестицияны талап кылышы мүмкүн.
Аймак өлкөлөрүнө биргелешкен чаралар сунушталууда
Кырдаалга жооп кайтаруу үчүн эксперттер Каспий жээгиндеги мамлекеттерди 2003-жылдагы Тегеран конвенциясынын алкагында кызматташтыкты күчөтүүгө чакырышат.
Негизги сунуштар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- биргелешкен илимий мониторингди өнүктүрүү;
- климаттык маалыматтар менен алмашуу;
- жаратылышты коргоо программаларын координациялоо;
- чек ара аралык адаптациялык чараларды даярдоо.
Эске салсак, буга чейин майыптыкты таануунун жаңы эрежелери күчүнө кирип, МСЭК дарыгерлери атайын окуудан өткөнү тууралуу жазганбыз.
