Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртуу жана климаттык күн тартибин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу маалымдашты, деп билдирет 24.kg, жазат InoZpress.
Эл аралык долбоорлор жана инвестициялар
Ведомстводо такташкандай, №221 тескемеси менен абанын сапаты боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы жаңыланды. 10 жыйын өткөрүлүп, Ош жана Манас шаарларында жеринде талкуулар уюштурулду. Жыйынтыгында булганууну азайтуу боюнча практикалык кадамдар аныкталды.
Эл аралык кызматташуунун алкагында эки ири долбоор ишке ашырылууда:
- KOICA колдоосу менен — 2028-жылга чейин болжол менен 874,5 миллион сом көлөмүндөгү программа;
- Дүйнөлүк банк колдоосу менен — болжол менен 4,37 миллиард сомдук демилге.
Эки долбоор тең абанын мониторинг системасын модернизациялоого жана экологиялык чечимдерди киргизүүгө багытталган.
Климаттык стратегия жана эл аралык милдеттенмелер
Президенттин №105 жарлыгы менен экологиялык коопсуздук концепциясы бекитилип, министрлер кабинетинин №397 токтому менен көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү концепциясы кабыл алынган. Улуттук адаптациялык пландын долбоору да даярдалды.
№487 токтом менен экология, климат жана жашыл экономика маселелери боюнча координациялык кеңеш түзүлгөн. Анын жыйынында «Үчүнчү улуттук аныкталган салым» жана Улуттук инвентаризациялык отчет бекитилип, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катчылыгына жөнөтүлгөн.
Кыргызстан 12 эл аралык экологиялык конвенциянын катышуучусу болуп саналат. Радиациялык коопсуздук боюнча Вена конвенцияларына кошулуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өттү.
Мындан тышкары Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Корея, Япония, Кытай, Улуу Британия жана ШКУ менен сегиз келишимге кол коюлган. Азыркы учурда абанын сапаты, биологиялык ар түрдүүлүк жана радиациялык коопсуздук багытында жети эл аралык долбоор ишке ашырылууда. 17 мамлекет менен техникалык жана инвестициялык кызматташуу жүргүзүлүүдө.
Калдыктарды башкаруу жана аймактарды колдоо
Калдыктарды башкарууну системалаштыруу максатында №325 токтом менен «Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги механизминин алкагында 74 миллион сомдон ашык утилизациялык төлөмдөр жыйналды.
Жергиликтүү деңгээлде «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймак» сынактары өткөрүлдү. Финалга 9 шаар жана 10 айыл аймак чыкты. Жеңүүчүлөргө «Шумкар» таштанды ташуучу унаалар, калдыктарды сорттоо линиялары жана атайын техника тапшырылды.
Биз буга чейин Абдуразаков, Токолдошев жана Учбаев ИИМдеги кызматтарынан бошотулгандыгы тууралуу жазганбыз.
