Meduza билдиргендей, Россия Банкы евронун рублга карата расмий курсун эсептөө ыкмасын өзгөртүп, ички валюта рыногундагы чектелген операцияларга көз каранды болгон мурдагы механизмден баш тартты.
Жаңы схема боюнча евро курсу доллардын рублга карата курсу жана Европанын Борбордук банкы тарабынан Москва убактысы боюнча учурдагы жумуш күнүнүн саат 15:30уна карата белгиленген евронун долларга карата расмий курсу аркылуу эсептелет. Жөнгө салуучу мындай чечимди евро/рубль валюта түгөйү боюнча соода көлөмүнүн төмөн болушу менен түшүндүрдү, жазат InoZpress.
Борбордук банк эмне үчүн методиканы кайра карап чыкты
Россия Банкы мурдагы эсептөө ыкмасы ички валюта рыногундагы ликвиддүүлүктүн жетишсиздигинен улам натыйжалуулугун жогото баштаганын белгиледи.
Ушундан улам айрым бүтүмдөрдүн өзү расмий евро курсуна олуттуу таасир берип, көрсөткүчтөрдүн кескин өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон.
Евронун курсу эми кантип эсептелет
Эми расмий курс эки көрсөткүчтүн негизинде аныкталат:
- АКШ долларынын рублга карата курсу;
- Европанын Борбордук банкынын еврону долларга карата курсу.
Мындай ыкма ички рыноктогу факторлордун таасирин азайтып, расмий курсту дүйнөлүк валюта рыногундагы динамикага жакындатууга мүмкүндүк берет.
Эксперттер эмне дешет
Газпромбанктын стратегияларды иштеп чыгуу борборунун жетекчиси Егор Сусин өзгөртүүлөрдүн себептерин түшүндүрдү.
Анын айтымында:
«Акыркы күндөрү өзгөчө расмий евро курсу кээде 3 рублга өсүп, кээде 3 рублга төмөндөп жатканын көрдүк. Курс абдан өзгөрмөлүү болду, анткени чындыгында курсту түзүүгө негиз боло турган банктар аралык операциялар өтө аз. Атүгүл чакан бир жолку операция да аны олуттуу бурмалап коюшу мүмкүн эле. Жаңы эсептөө ыкмасы боюнча Борбордук банктын расмий курсу дүйнөдөгү евро-доллар курсуна гана көз каранды болот: башкача айтканда, эгер евро арзандаса, анда бул көрүнүш бизде дагы чагылдырылат».
Эксперттин пикиринде, жаңы система расмий курсту кыйла алдын ала божомолдоого мүмкүн кылып, аны түзүүдөгү жергиликтүү факторлордун таасирин азайтат.
Эске салсак, буга чейин биз Кыргызстанда пенсиялар 2026-жылдын күзүндө кайра жогорулай турганы жана Соцфонд индексациянын чоо-жайын түшүндүргөнү тууралуу жазганбыз.
