Bulak.kg маалымдагандай, Бишкекте майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу берилди.
Тиешелүү чечим Бишкек шаардык кеңеши тарабынан майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо жана шаар ичинде жүрүүгө жеткиликтүү шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Жеңилдик борбор калаада туруктуу жашап, каттоодо турган 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын ассистенттерине тиешелүү болот, жазат InoZpress.
Жеңилдик кимдерге берилет
Муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине берилди.
Жеңилдетилген транспорттук картаны алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылуу керек:
- Ленин жана Биринчи Май райондору — Токтогул көчөсү, 245;
- Свердлов району — Чүй проспектиси, 28;
- Октябрь району — Байтик Баатыр көчөсү, 17.
Чечим эмне үчүн кабыл алынды
Жеке ассистенттер күн сайын балдарды билим берүү, медициналык, спорттук жана чыгармачылык мекемелерге коштоп барышат.
Бийлик өкүлдөрү акысыз жол кире үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын азайтып, шаар ичинде жүрүүнү ыңгайлуураак кыларын белгилешти. Ошондой эле бул чара майыптыгы бар балдар үчүн социалдык, билим берүү жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Эске салсак, буга чейин биз Оштогу троллейбустардын ордуна электробустар алынары тууралуу жазганбыз.
