АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына жана өзүнүн 80 жылдык мааракесине карата Ак үйдүн газонунда UFC турнирин өткөрүүнү жарыялады, бирок беттештердин курамы ММА күйөрмандарынын бир бөлүгүндө нааразычылык жаратты, деп билдирет The Hill, жазат InoZpress.
Freedom 250 аттуу турнир 2026-жылдын 14-июнунда — АКШнын мамлекеттик желек күнү жана Трамптын туулган күнүндө өтөрү пландалууда.
Программага кайсы беттештер киргизилди
Кеченин башкы беттеши Илия Топурия менен Джастин Гейджинин ортосунда өтөт. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болот.
Андеркарддагы эң көңүл бурдурган кармаш — Алекс Перейра менен Сирил Гандын дуэли.
Мындан тышкары программага төмөнкү беттештер киргизилген:
- Шон О’Мэлли — Айманн Захаби
- Маурисио Руффи — Майкл Чендлер
- Бо Никал — Кайл Докос
- Диего Лопес — Стив Гарсия
Эмне үчүн күйөрмандар нааразы
Буга чейин Конор Макгрегор Ак үйдөгү турнирге катышуусу «кол коюлуп жана тастыкталганын» билдирген.
Бирок анын ысымы акыркы тизмеде жок болуп чыкты. Бул эң медиялык мушкерлердин катышуусун күткөн күйөрмандар үчүн негизги нааразычылыктардын бири болду.
Мындан тышкары айрымдар толук кандуу чемпиондук кур үчүн бир гана беттеш өтөрүн сынга алышууда. Перейра менен Гандын убактылуу кур үчүн кармашын көпчүлүк жогорку деңгээлдеги титулдук беттеш катары кабыл алышпайт.
Турнирди уюштурууга адаттагы UFC кечелерине караганда үч эсе көп каражат жумшалары да кошумча суроолорду жаратты.
Эске салсак, буга чейин биз Усик менен Рико Верховендин беттешинин коммерциялык мааниси тууралуу промоутердин баасы.
