Улуттук валюта – форинт өз позициясын жоготууну улантууда. Октябрь айында анын түшүшү акыркы эки жылдагы эң терең төмөндөө болду, бул бюджеттик жана монетардык саясаттагы маневрлерди кыйындатууда.
Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен «InoZpress» маалымдады.
Форинттин түшүшү менен Венгриянын ИДПсынын эки квартал катары менен кыскарышы тууралуу маалыматтар пайда болду. Борбордук банк негизги ченди төмөндөтүүнү токтотууга аргасыз болуп, аны 6,5% деңгээлинде калтырды. Жумшартууну кайра баштоо мүмкүнчүлүгү эми белгисиз убакытка жылдырылды.
Валютанын алсызданышы жана экономикалык өсүштүн төмөндөшү кошумча тобокелчиликтерди жаратат. Өлкөдө 2026-жылдагы күтүлүп жаткан шайлоо алдында фискалдык туруксуздук күчөйт деген кооптонуулар күчөдү. Экономисттер төмөн ИДП өсүшү өкмөттүн финансылык максаттарына жетүүнү татаалдаштырарын айтышууда.
Экономикалык кыйынчылыктарга жооп катары бийлик финансылык секторго тиешелүү жаңы салык чараларын киргизип, кыймылсыз мүлккө инвестицияларды колдоо программасын ишке киргизди, бул инвестицияларды стимулдаштырууга жардам бериши керек. Бирок, адистердин баамында, бул экономикалык кырдаалды узак мөөнөткө турукташтыруу үчүн жетишсиз болушу мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин Вилия Блинкявичютенин премьер-министрлик кызматтан баш тарткандыгы тууралуу жазганбыз.