Жогорку Кеңештин депутаттары Замирбек Мамасадыков менен Шайырбек Ташиев салттуу жөрөлгөлөр, тойлор жана иш-чаралар учурунда чыгымдарды чектөөгө багытталган мыйзам долбоорун сунушташты. Демилгечилердин пикиринде, үйлөнүү үлпөттөрү, тажыялар жана башка жөрөлгөлөр көп учурда ашыкча чыгымдарга, үй-бүлөлүк чыр-чатактарга жана ажырашууларга алып келүүдө. Буга жарандардын заманбап стандарттарга шайкеш келүүгө аракеттенүүсү жана карызга батуу себеп болууда.
Бул тууралуу «InoZpress» шилтеме берүү менен билдирди 24.kg
Мыйзам долбоору иш-чаралардагы катышуучулардын санын жана чыгымдарын жөнгө салууну сунуштайт. Мисалы, үйлөнүү үлпөтүнө 250дөн ашык адам чакырбоо, ал эми кудалашуу майрамына 100гө чейин адам катышуу чеги киргизилүүдө. Эгер эки иш-чара бириктирилип өткөрүлсө, коноктордун жалпы саны 350дөн ашпашы керек. Ошондой эле, мындай иш-чараларда бир баш ири мүйүздүү мал же жылкы союуга уруксат берилет. Мындан тышкары, ажылык сапарга жөнөп жаткан же келген адамдарды тосуу жөрөлгөсүн үй-бүлө чөйрөсүндө өткөрүү сунушталууда.
Мыйзам долбоору жаңы эрежелерди бузган адамдарга жаза карайт. Майрам ээлери 300 миң сомго чейин айыпка жыгылса, ал эми иш-чараларды уюштурган коомдук тамактануу жайлары 100 миң сом төлөөгө милдеттүү болот. Бул чаралар үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетип, чыгымдарга болгон жарышууну токтотууга жардам берери айтылууда.
Буга чейин, 2022-жылы, Кыргызстанда жөрөлгөлөрдөгү ашыкча чыгымдарга каршы күрөшүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Жаңы мыйзам долбоору бул багытты улантып, үй-бүлөлүк жана коомдук иш-чараларды жөнгө салууга багытталган конкреттүү механизмдерди сунуштайт.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, Бишкекте 5 300дөн ашуун абоненттер карыздары үчүн электр жарыгынан ажыратылат.