Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов улуттук кызыкчылыктар менен ички туруктуулукту сактоо азыркы шартта эң негизги максат экенин билдирди. Анын айтымында, республика өзүнүн геосаясий кызыкчылыгына коркунуч келтириши мүмкүн болгон аракеттерге так жооп берип келет.
Бул тууралуу «InoZpress» шилтеме берүү менен билдирди 24.kg
Дипломат Кыргызстан менен Орусиянын тарыхый байланышын бурмалоо аракеттерине өзгөчө токтолду. Ал Орусияны колонизатор катары көрсөтүү сыяктуу билдирүүлөр эки өлкөнүн салттуу достук мамилелерине доо кетирүүгө багытталганын белгиледи.
Элчи мындай сөздөр Кыргызстандын жаштарына тийгизген таасири жөнүндө өзгөчө баса белгиледи. Анын айтымында, жаш муун тарыхый көз караштарын өзгөртүүгө көбүрөөк кабылып, маалыматтарга сезимталдык менен мамиле жасашат. Бирок, ал улуу муун ата-бабалардын эскерүүсүнө таянып, тарыхты объективдүү түшүнө тургандыгына ишеничин билдирди.
Вакунов тарыхты бурмалоо өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү деп атап, мындай аракеттер эки тараптуу мамилелер үчүн чоң чакырык жаратаарын жана аларга кылдат мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.
Биз буга чейин жазганыбызды эскертебиз, 2024-жылы Кыргызстанда жол эрежесин бузгандар 525 миллион сомдон ашык айып төлөштү.