Бакиев эмне үчүн Беларуста кала берерин түшүндүрдү
четверг, 6 июня 2013 г. 10:49:12
Минскиде жашап жаткан Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев эки жылдан ашуун убакыттан бери Беларустун жараны экенин жана мекенине кайтуу ниети азыр жок экенин билдирди. Бишкекте анын туугандарынан өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө каршылык акцияларын уюштуруп жатат деп шектенишүүдө.
Президент Лукашенконун жеке чакыруусу менен келип, 2010-жылдын апрель айынан бери Беларуста жашап жаткан Курманбек Бакиев акыры үн катты.
"Мына эки жарым жылдан бери мен эч кандай интервью бербей келатам, баса белгилеп коеюн, эч кимге, эч кандай. Менин унчукпаган себебим, мен саясаттан кеттим, биротоло жана таптакыр кеттим, кайра келейин деген ниетим жок. Азыр балдарымдын, неберелеримдин тарбиясы менен, мурда эч колум тийбеген иштер менен алекмин ", -деп айтты Бакиев "Интерфакс-Запад" агенттигине.
Кыргызстандын экс-президенти 2010-жылдан бери Беларустун жараны экенин ырастап, ошол себептүү аны Бишкекке экстрадиция кылуу мүмкүн эмес деп эсептейт.
"Мен өзүмдүн коопсуздугум жана кандайдыр бир өч алуулар жөнүндө айтсам, 2010-жылы апрелде курман болгондордун баарынын бүт убалы, аларды колуна курал берип, Өкмөт үйүнүн алып келгендердин мойнунда»,-деп билдирген Бакиев «азыркы жетекчилер: Атамбаевди, Отунбаеваны, Текебаевди, Бекназаровду жана башкаларды» күнөөлүү деп атады.
Кыргызстандагы азыркы сот системасын жана тергөө органдарын Курманбек Бакиев акыйкат боло албайт деп эсептейт. 2010-жылдагы окуялар боюнча сот иши ыдырап жатканын айтат.
"Көз каранды эмес иликтөөгө жана процесске катышууга мен даярмын. Бирок анда азыркы жетекчилердин башына кыйын күн түшөт", - деп билдирди Кыргызстандын экс-президенти.
 
Интригалар бүттүбү?

Беларуста үй-бүлөсүнөн сырткары ким менен кайда жашап жатканын экс-президент Бакиев айтпады.
Минскиге келгенден кийин өткөргөн пресс-конференциясында Курманбек Бакиев Би-Би-Сиге ишкерлик кылуу оюнда бар экенин, белорус элинин эсебинен жашап жатпаганын жана жашабай турганын айткан эле. Кыргызстанда жогорку кызматта менеджер болуп иштеп тургандагы тапкан-ташыганы, сактаган акчасы биринчи учурга жетет деп түшүндүргөн. 
Беларустагы мамлекеттик эмес басма сөз Бакиевдин Минскиде оюнчуктардын фабрикасын ача турган ниети бар экенин жазган, бирок бул кабар андан ары расмий түрдө ырасталган эмес эле.
Минскинин чет-жакасында Курманбек Бакиев өзү менен кошо качып келген аялы, эки баласы жана туугандары менен жашайт деп эл оозунда айтылган коттеждерди белорус кабарчылары издеп таппады. 2012-жылы белорустун оппозициялык активисттеринин бири Минскинин борборунан Кыргызстандын экс-президентинин бир тууган иниси Жаныбек Бакиевдин сүрөтүн тартып алып, Интернетке жайгаштырып койгон болчу. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги анда ошол сурөттө тартылган жарандарга эл аралык издөө жарыяланганын билдирип, Минскидеги кесиптештерине кайрылган. Бишкектин расмий өтүнүчтөрүнө Минскиден өз кезегинде издөө салынган адамдар жөнүндө эч маалыматыбыз жок деген жооп бир нече ирет айтылган.
Беларустун Башкы прокуратурасы ошондон кийин Жаныбек Бакиевди саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жаткан адам катары тааныган, ал эми расмий Бишкек 2012-жылы августта Минскидеги элчисин чакыртып алган. Андан көп өтпөй, 2012-жылы күзүндө Улуу Британия экс-президенттин уулу Бакиев Максимди экстрадицялоо чечимин чыгарбаган үчүн Кыргызстандын Лондондогу элчиси да кеткен.

Жогорку деңгээлдеги оюндар

Беларустун президенти Александр Лукашенко май айынын этегинде болгон ЖККУнун саммитине барган жок, Минскидеги талдоочулар мунун себеби «Бакиев проблемасы» деп белгилешүүдө.
Бакиевди Кыргызстандан чыгарып жибергени үчүн Роза Отунбаеваны да көп айыптап келатышат.
Саммиттин алдында кыргыз тарап Курманбек менен Жаныш Бакиевди Минскиден кайтарып келүү жөнүндө "мурда мүмкүн болбой жаткан сүйлөшүүлөр" башталганын билдирген. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Бакиевди экстрадициялоо процессинде «оң жылыштар бар» деп айткан.
2013-жылдын 11-февралында Курманбек жана Жаныбек Бакиевдер Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун өкүмү менен үч адамдын өлүмү боюнча сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевге 24 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыккан. Жаныбек Бакиев мүлкү конфискацияланып, өмүр бою түрмөгө кесилген.
Минскиде "Интерфакс-Запад" агенттигине берген интервьюсунда Курманбек Бакиев Кыргызстандын азыркы бийликтеринин аракетин мындай деп баалады: "Эффективдүү иштей албаган команда ушинтип ары-бери чуркай берет. Саясий вакуум эмне менен толот? Баардыгына Курманбек Бакиевди, Максим Бакиевди күнөөлөп, аларды өлкөгө кайтарып келүүнү талап кылуудан оңой нерсе жок".
Бакиев кулагандан кийин өткөөл өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева апрелдин башында болгон Бишкектеги илимий конференцияда 2010-жылы тополоң учурда Курманбек Бакиевди Россия, АКШ жана Казакстандын президенттеринин өтүнүчү боюнча Кыргызстандан чыгарып жибергенин айтты.
"Кырдаал абдан оор эле, жарандык согуш кетиши мүмкүн эле. Азыр баары Бакиевди ким чыгарып жиберсе, ошол күнөөлүү деп жатышат. Ошол учурда кырдаал абдан оор болчу", - деп баса белгиледи Отунбаева.

Кайым айтышуулар

Кыргызстандагы азыркы кырдаалды Бакиев Минскиден туруп «эң жаман» деп мүнөздөйт.
"Коррупциянын деңгээли барган сайын күчөп жатат, жумушсуздук өстү, экономика түшүп жатат, тышкы карыз көбөйдү, адамдардын жашоосу барган сайын жаман, ачык айтканда эл итке минди", - дейт экс-президент.
Кумтөр кениндеги жумушчулардын каршылык акциясынан улам май айынын аягында өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районундагы окуяларга токтолуп, Бакиев Кумтөр алтын өндүрүшүндөгү үлүштөр жөнүндө болгон талкуулар жана чечимдер боюнча кенен-чонон айтып берди.
"Бир дагы инвестор Кыргызстанга келбейт. Инвесторлорду качырбаш керек, инвестор менен мыйзамдын негизинде жана туруктуу шартта иштеш керек",-дейт К. Бакиев.
Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов экс-президент Бакиевдин интервьюсуна карата айткан жообунда аны кенже уулу Максим Бакиевдин жең ичинен жасаган иши боюнча "Центерра" компаниясына «кошумча 16,5 миң гектар алтын баскан концессия аянтын» берип жибергени үчүн күнөөлөдү.
Ниязов ошондой эле өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндо болгон каршылык акцияларына да Бакиевдердин катышы бар болушу мүмкүн деп эсептейт.
"Бакиевдер Кыргызстанда бийлик алмашат деп үмүт кылып жатышат, - дейт Кыргызстандын президентинин кеңешчиси. – Баштан өткөн кыйын жашоо Бакиевди өзгөртпөптүр. Бакиев Акаев сыяктуу эле жалганды сүйлөп жатат".

Татьяна Мельничук,
Би-Би-Си,
5-июнь 2013-жыл

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
колеса kg


Публикации Авторов:

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней