Түркия Россия жетектеген күч блогу менен Кытайдын шеригине айланып баратат
вторник, 30 апреля 2013 г. 22:56:16
Алмата (Рейтер). НАТОнун мүчөсү Түркия  Кытай менен Россия үстөмдүк кылган күч блогунун “диалог боюнча шериги” болуучу келишимге жума күнү кол койду жана анын тагдыры Азия менен байланыштуу экенин билдирди.    
Түркиянын өкмөт башчы Тайип Эрдоган 2013-жылдын 26-апрелинде Стамбулда Глобалдык алкоголь  саясаты боюнча симпозиумда сөз сүйлөдү. 
"Бул чыны менен биз үчүн тарыхый күн”, -деп билдирди Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Казакстандын коммерциялык борбору болгон Алматада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы  Дмитрий Мезенцев менен өз ара түшүнүштүү тууралуу меморандумга кол койгондон кийин. 
"Эми бул тандоосу менен Түркия биздин тагдырыбыз Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрү менен байланышта экенин билдирет”. 
Кытай, Россия жана Борбор Азиянын төрт мамлекети - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан менен Өзбекстан - 2001-жылы ШКУну исламдын радикалдашуусунан келип чыккан коркунучтарга жана коңшулаш Афганистандан  келген баңгизаттын мыйзамсыз айланашына каршы күрөшүш  үчүн аймактык блок катары түзгөн.   
Ошондон бери Борбор Азиядагы мурдатан берки империялык чебер Россия жаратылыш ресурстарына бай аймакка Кытайдын экономикалык экспансия кылышына тынчсыздануу менен байкоо салып келген, ал эми Пекин мунай менен газга миллиарддаган доллар инвестиция салып, аймактын өкмөттөрүнө үлкөн насыяларды берген.  
Түркия  өзү  Европа Биримдигине (ЕБ) кирүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөр жай жүрүп жатканына тынчсызданып турган учурда ШКУ менен көбүрөөк тыгыз байланышта болууга кызыкдар экенин көрсөттү. 
Анкара ЕБге кирүүгө 2005-жылы сүйлөшүү жүргүзө баштаган, бирок блокко кириш үчүн Кипр аралына байланыштуу пикир келишпестиктерден улам ар бир талапкер түзө турган 35 саясий тармактын же бөлүмдөрдүн бирөөнү гана бүтүргөн. 
Түркиянын өкмөт башчысы Тайип Эрдоган Түркиянын блокко кирбей жатышын “кечирилгиз” деп атаган жана  Брюсселди  “сүйлөшүүлөрдө адилетсиз шерик болду”, - деп айыптаган.   
Кытай Россия жана Батыш менен Борбор Азиянын үлкөн жаратылыш ресурстарына кириш үчүн атаандашып жаткан маалда, айрым талдоочулар ШКУну НАТОго  потенциалдуу тең салмак катары карашат. 
 
Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекистан түрк тилинде сүйлөйт жана ШКУ менен экономика, террористтик коркунучтар, баңгизатын соодалоо менен биргелешип күрөшүү кызматташтыгынын милдеттери тууралуу айтып жатып  Давутоглу бул өлкөлөр менен тарыхый  жалпылыкты баса белгиледи.  
“Түркия кылымдар эмес миңдеген жылдар бою биргелешип жашаган өлкөлөрдөн турган үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калат”, - деп айтты ал. 
Буг чейин Шри-Ланка жана мурдагы советтик мамлекет Белорусияга  берилген  “диалог боюнча шериктеш” деген Түркиянын азыркы статусу ШКУнун жолугушууларына катыша турган, бирок добуш берүүгө укугу жок Индия, Пакистан, Монголия, Иран жана Афганистан ээ болгон байкоочу деген статустан төмөн турат.  
Ошого карабай оптимисттик маанайдагы жана кубанычын жашырбаган Давутоглубул статус башталыш гана экенин баса  белгиледи.   
"Мен Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөрүлө турган кийинки саммитке жана министрлердин жыйынына катышабыз деп үмүттөнөм”, - дейт  Давутоглу. "Бул бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып кызматташуунун узак жолунун башталашы”.  
 
Дмитрий Соловьев,
“The Star”, 27-апрель,2013-жыл
Которгон -
  “Inozpress.kg”

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
kolesa.kg


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней