Түркмөнстандын президенти аттан кулаган видео кадрларды элден жашырууга аракет болду
пятница, 3 мая 2013 г. 21:54:41
Түркмөндөрдүн башчысы ушул аптада  жекшемби күнү болгон анын ат чабыштагы  жеңиши тууралуу расмий  эмес маалымат чет элдик веб-сайттарга, мамлекеттик телевидение бир секунд гана анын аргымагы мара чегинен өткөндөн кийин президенттин  кулап кеткенин көрсөткөн видео материалдар жарыяланып кеткенден соң, Интернет доорунда жеке керт башка сыйынтууну кармап туруу канчалык кыйын экенин аңдап түшүндү көрүнөт. 
Клиника Люмидент предлагает полный комплекс стоматологических услуг. http://www.lumident.kiev.ua/uslygi/implantatsiya_zubov/ - по этой ссылке можно получить всю необходимую информацию. Бирок  маалыматтарга таянсак түркмөн коопсуздук күчтөрү  борборазиялык республиканын баш калаасы Ашхабаддын чет жагындагы ипподромдон  көрүүчүлөр чыгып кеткенге чейин президент кулаган кадрды тыкыр издеп чыгышканына карабай,  бул эки ракурста жазылган видео кадр дүйнөгө тарап кетти жана Интернетке жайгаштырылды. 
55 жаштагы президенттин укмуштуудай катуу ат чаптырганы жана анын абдан катуу  жыгылып түшкөнү өз аты-жөнүн жашыруун калтырган көрүүчү тарабынан  Интернеттеги  EurasiaNet сайтына жайгаштырылган жана  Түркиядагы  Fox News  каналынын Fox Türkiye жаңылыктарында көрсөтүлгөн.
Аттан жыгылуунун чоңойтулган кадрлары бар, президент эсин жоготкондой болуп көрүнөгөн “Fox Türkiye”нын  материалында  эс алуу күндөрү Ашхабадда болгон Аргымактардын фестивалына чакырылган чет элдик коноктордун арасында Түркиянын  айыл чарба жана мал чарба министри болгону эскертилет. Министр балким телекомпания кадрды коопсуздук агенттеринен кантип алып өткөнүн түшүндүрүп береби ким билет? 
Америка тарабынан каржыланган Эркин Европа /  Азаттык радиосу президент түркмөн тилинде кубаттуу деп аталган “Беркарар” аттуу  эң баалуу Түркмөнстандын ахалтеке аргымагы менен жарышканын кабарлады. Көрүүчүлөрдүн бири, Люксембургдун ахалтеке ассоциациясынын президенти Клара де Вос ван Стеенвийк “президент маранын чегин кесип өтөөрү менен ал элге жылмайып карады жана болжол менен 20 метрдей өткөндөн кийин анын аргымагы кыязы борпоң кумга  буту сайылгандыктан кулап, тизелеп жыгылыды жана ошол жерде туруп калды. Ал эми президент  кумга кулады”,-деп болуп өткөн окуяны баяндап берди.  
Ипподромдун диктору жөн гана: “Биздин сүйүктүү президент  марага биринчи  келди”,-деп билдирди. 
 "Албетте бул эл үчүн абдан катуу шок болду”,-дейт  Стеенвийк. "Ал жакта миңдеген адамдар бар эле, бирок президент жыгылганда чымын учуп баратканы дагы угулчудай тымтырс болуп калышты”. 
“Президенттин кыймылсыз денесин ипподромдон алып-чыгып кетишкенден кийин  коопсуздук күчтөрү  чымын-куюн болуп элди аралап келишип, камера көтөрүп жүргөндөрдү ипподромдун ичине кирүүгө аргасыз кылышты”,-деп маалымдайт   EurasiaNet. "Баардык эшиктерди жабышты жана Бердымухаммедовдун кулаган сүрөтү жана видеосу бар көрүүчүлөрдүн  баары аны өчүрүүгө аргасыз болушту.Универстет курагындагы ыктыярдуулар дагы фотокамералардын эс тутум картасын эч ким жашырып калбаш үчүн жардам беришти”.    
“Көрүүчү үчүн ыңгайсыз болгон узак күтүүдөн кийин Бердымухаммедов  бир аз убакыт элдин алдына чыгып кол булгалады”,-деп кабарлады “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги. 
Эч ким  Түркмөн мамлекеттик телевидениесинен көрсөтүш үчүн ат чабыш маалында болгон бул драманын ал тургай редакцияланган вариантын жарыялаган жок, кийинчерээк аны Интернетке, Азаттык радиосунун түркмөн кызматынын сайтына жайгаштырышты. 
Билими боюнча мурдагы тиш  доктур  Бердымухаммедов өткөн жылы болгон шайлоодо  97 пайыз добуш алгандан кийин бир аз өтпөй түркмөн борборунун жаңы унаа жарыша турган жолунда өтчү унаа жарышына “катыша аламбы”- деп акыркы мүнөттөрдө сурап, уюштуруучулардын эсин эки кылган болчу. “Associated Press”  ал кезде президент өзүнүн  “трассадагы сыноо жүрүшүн  жаздырыш үчүн ишке киришкенин” кабарлаган. 
 
Роберт Маккей,
“New York Times”, 1-май, 2013-жыл
Которгон
– “Inozpress.kg”

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
машины в бишкеке


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней