Түркмөнстандын байыркы сырлары Каракум чөлүнүн кумдарынан табылууда
воскресенье, 14 апреля 2013 г. 22:53:25
Мары, Түркмөнстан:төрт миң жылдан ашуун убакыт мурда чеп шаар болгонГонур-Тепе  көптөгөн кылымдар илгери Түркмөнстандын алыскы  батыш бөлүгүндө  Каракум чөлүнүн кумдарына көмүлүп калганга чейин балким сейрек өнүккөн цивилизацияболушу ыктымал. 
Советтик археологдор тарабынан  өткөн кылымда табылгандан кийин  мурда  миңдеген адамдардын үйү жана аймактагы гүлдөп-өнүккөн борбору болгон Гонур-Тепе өзүнүн сырларын ар бир жайда казылган жаңы артефактары аркылуу ачып жатат. 30 гектарга жакын жердеги үлкөн комплекстин  масштабы ири дубалдар менен курчалган мурдагы имараттар лабиринт сыяктуу көрүнгөн асмандан гана даана бааланышы мүмкүн.  
Байыркы белгилүү калаа болгон Мервадан болгону 50 чакырым, азыркы  Мары шаарына жакын жердеги  Гонур-Тепенин калдыктары дүйнөдөгү эң обочологон мамлекет болуп эсептелген Түркмөнстандын археологиялык байлыгынын көрсөткүчү болуп саналат. 
Биздин заманга чейинки болжол менен  2000-жылы  Гонур-Тепе  коло кылымындагы анча белгилүү эмес, бирок эң  бир татаал цивилизация  катары белгилүү Маргуша же болбосо Маргиандар аймагында жайгашкан башкы  жай болгон.  
Өткөн кылымга чейин чөл жана бадалдар менен  жашырлган аймактын бөлүгү  совет мезгилинде 84 жашында  дагы  бир жай мезгилин археологиялык казуу жүргүзүүгө арноого камданып жаткан  атактуу археолог Виктор Сарианиди тарабынан табылган.  
 "Мен бул археологиялык клондайк менен алгачкы бет келишкендеги кубанганым эсимде.  Сенсациябут алдыңда турган болчу”,- деген анда орус профессору «Франс-пресс» агенттигине. 
Казып алуулардын ар бир сезонунда Гонур-Тепе ошол кезде миңдеген адамдар жашаган  коло кылымынын калаасындагы кол өнөрчүлөрдүн чеберчилигинин сапатын көрсөткөн жаңы табылгаларды берет. 
Шаардын кол өнөрчүлөрү метал эритүүнү, алтын жана күмүш шөкөттөрдү, сыйына турган  материалдарды жасаганды жана сөөк менен ташты кескенди билишкен.  
 "Эл ушунчалык даражада алдыңкы технологияга ээ болгондугу таңкалыштуу.  Чеберлер  кадимки таштын жогорку даражадагы температурада формасын өзгөрткөндү, андан соң ал сактала тургандай кылып айнек менен каптап чыгууну билишкен”, - дейт археолог Надежда Дубова.
 "Быйыл Гонур дагы бир сюрпризди - фантастикалуу мозаиканы тартуулады”, -дейт ал  мындай обьект грек жана рим античностундагы мозаиканын стандарттуу доору тууралуу билдирерин белгилөө менен.   
Гонур-Тепенин урандылары Түркмөнстан аркылуу өзүнүн Афганистандагы булактарынан агып келе турган Мургаб дайрасынын айрылышындагы шаарлар менен калктуу райондун борборунда жайгашкан.  
Гонур-Тепеге  областын борбору болгон Марыдан үч сааттык аралыкта - эки саат бою азыр жоюлган мурдагы колхоздор аркылуу өткөн аңгыл-дөңгүл болгон асфальт жол, андан кийин дагы бир саат бадалдуу чөл менен  барууга болот.  
Баш калаа болгон Ашхабаддан 380 чакырым жерде жайгашкан Мары 200 миң адам жашаган, негизинен советтик стилде темир жол каттамы жана кабаты аз турак жайлар салынган типтүү провинциялдуу түркмөн шаары болуп эсептелет.   
Марыдан ары карай 30 чакырым жердеги аймакта дагы бир  атагы персиялык Ахеменидаддын убагынан тарта башталып биздин замандын 12-кылымындагы түрк башкаруусунун убагында туу чокусуна  жеткен ири Мерв талкаланган шаары жатат.   
Мерв монголдор тарабынан 1221-жылы таланып-тонолуп, он миңдеген адамдар кырылган салгылаштан кийин биротоло кыйраган. Анын урандылары Гонур-Тепе сыяктуу эле чөлгө көмүлүп калган.  
Анын эң башкы кенчи болуп ушул кезге чейин сакталган Сельджук  Султан Санджардын мавзолейи эсептелет. Ал 200 миң адам жашап жана тез арада дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан шаарча болгон Мервди башкарып турган.  
“Куполунун диаметри 17 метрден ашык болгон мавзолей революциялык конструкция болгон”, -дейт архитектура боюнча түркмөн тарыхчысы  Руслан Мурадов.
“Куполдун  конструкциясы Флоренциядагы чиркөөнүн чоң куполун иштеп чыккан Кайра жаралуу доорунун улуу конструктору  Филиппо Брунеллескинин идеясынан 300 жыл мурда курулган", -деп тастыктайт ал.
Гонур-Тепенин урандыларынан айырмаланып байыркы Мерв азыркы Түркмөнстан Россия империясынын алыскы  чеги болгон падышачылык мезгилде эле казылган. Ал 1999-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.  
“Археологдор Мары областындагы ири байлыктын үстү жагын казууну баштады”, -дейт «Франс-пресске» Марыдагы тарых музейинде иштеген тарыхчы Виктор Турик.  
 “Областа археологиянын 354эстелиги бар жана анын 95 пайызы ушул кезге чейин эксперттер тарабынан изилденген эмес”, -дейт ал. 
Түркмөнстан дүйнөдөгү эң обочологон мамлекет бойдон калып келет, бирок жыл сайын негизинен атайын турлар уюштурган чет элдик туристтердин агымы  келет.   
Марыда болгону үч мейманкана бар, бирок президент Гурбангулы Бердымухамедов бир аз мурда  кезектеги жолу  туризмдин өсүшүн  камсыздоо аракетинде жаңы  350 орундуу мейманкананы курууга буйрук чыгарды. 
Бул арада аймакта казылган жана көп аракет менен реставрация жана консервация кылууга муктаж болуп турган, өзгөчө алтын жана күмүш, артефактарды эмне кылуу керек деген суроонун башы ачык турат. 
Түркмөнстандын Улуттук мурастар бөлүмүнүн кызматкери Париждеги Лувр  музейинин байыркы эстеликтер бөлүмү менен биргелешкен долбоор боюнча  сүйлөшүү жүргөнүн, бирок ал үзгүлттүккө учурганын айтат. 
 "Дүйнөнүн эч бир жеринде жок, абдан сейрек кездешчү табылгалар түркмөн музейинде жайгаштырыш үчүн өзүнүн убактысын күтүп жатат”, -дейт атын атабоону өтүнгөн кызматкер. 

“The Star”,
8-апрель, 2013-жыл
Которгон 
- "Inozpress.kg"

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
бишкек


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней