Россия НАТО чыгып кеткенден кийинки Афганистан тууралуу олуттуу тынчсызданып жатат
вторник, 12 марта 2013 г. 15:15:23
Кошмо Штаттар Афганистандагы өзүнүн  аскер миссиясынжыйыштырып жаткан маалда, Россия буга кекээрлүү кубануу менен эмес, абдан катуу тынчсыздануу менен карап турган кези.   
Россия өзүнүн саясий эркине баш ийдире албаган өлкөнү таштап эмне экендигин жакшы билет.   
Советтик аскерлер 1979-жылы Афганистанга басып кирген кезде, Кремль бул согуш канчалык узак, кымбатка турган жана жагымсыз болоорун ойлогон эмес. 
site essay info Советтик лидер Михаил Горбачев 1989-жылы оккупациянын аягына чекит коюуну чечкенге чейин, 15 миңден ашуун советтик аскер жана бир миллиондон ашуун афгандыктар кармаш талаасында набыт болушту.   
Эми юолсо, 2014-жылдын соңунда калган 68 миң аскерди үйүнө кайтарууга президент  Барак Обаманын кезеги келди, бул менин Европадан жазган акыркы катыма негиз болуп калды. 
Барак Обама өлкөдөгү абал жөнүндөгү өзүнүн кайрылуусунда “Американын бирдиктүү жана эгемендүү Афганистанды түзүүгө белсенгени мурдагыдай эле сактаарын, бирок бул ойдун табияты өзгөрөөрүн” айтты.  
Америка абдан эле аз, балким 10 миңдин тегерегиндеги аскерин гана калтырмакчы. Жана дал ушунун өзү Россияны кабатыр кылууда.      
Россиянын кайрадан Афганистанга кийлигишүүгө ниети жок. Ошого карабай Борбор Азиянын өлкөлөрү, айрыкча Өзбекстан, НАТОнун 100 миң аскер контингенти кеткенден кийинки өзүнүн чегарасындагы туруксуздуктан кооптонуп жатат.   
"Афганистанга байланыштуу анын коңшу жайгашкан мурдагы советтик республикалар абдан чочулап жатышат”, - деп жазат күн сайын чыгуучу «Московский Комсомолец» гезитиндеги кызыктуу кыскача талдоосунда Михаил Ростовский. "Бул мамлекеттер Россия алар менен бирге болушун жана чечүүчү учурда колдоо көрсөтүүсүн каалашат”. Алар ошондой эле Россия афган ишинде активдүү катышса дешет. 
Бул Россия каалап жаткандардын эң арткысы. Ал НАТО токтото албаган баңгизат соодасынын, козголоңдор менен коррупциянын аягына чекит кое албайт. Ал өлкөдө кайрадан изин калтырууну да көздөп жаткан жок.  
НАТО чыгып кеткенден кийинки коопсуздук тармагындагы боштукта, бул канчалык чындыкка жакынбы же жакын эмеспи, айтор Россиянын жалгыз үмүтү жаңы жана  туруктуурак афган өкмөтүнүн жаралышына байланган. 
 "Кабулда жалпы адамзат баалуулуктарын азыраак карманса да, бутуна бекем турган жаңы режимдин пайда болушуна үмүт артканыбыз дурус”, -  деп жазат Ростовский. НАТОнун дагы ушуну каалап жатканы - тагдырдын тамашасы эмеспи. 
 
Джуди Демпсей,
“New York Times”,5-март,2013-жыл
Которгон – “Inozpress.kg”

Другие материалы раздела:
Комментарии
мэрс


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней