Рим Папасы кетип жатат, жаңы Папаны шайлоо мартта болот
суббота, 23 февраля 2013 г. 17:20:07
Ватикан. Папа Бенедикт XVI дүйшөмбү күнү 28-февралда кызматтан кетерин жарыялады-ал акыркы 600 жылда алгачкы жолу өз ыктыяры менен кызматтан кетип жаткан биринчи понтифик болуп калмакчы. Бул чечим жаңы Папаны марттын аягына чейин шайлаш үчүн конклав (жаңы Папаны шайлоо процесси) өткөрүүгө негиз түзөт. 85 жаштагы Папа өзүнүн чечими тууралуу дүйшөмбү күнү эртең менен Ватикандагы кардиналдардын жолугушуусунун маалында латын тилинде билдирди. Ал Папанын - бүткүл дүйнө боюнча миллиарддан ашуун католиктердин башчысынын милдеттерин аткаруу “руханий жан дүйнөнүн да, дененин да күчүн талап кыларын” баса белгиледи. “Мен бир нече жолу Кудай алдында өзүмдүн абийримди таразалап чыккандан соң, мен менин күчтүү сапаттарым жашым улгайып калганына байланыштуу Петрга жеткиликтүү кызмат кылууга туура келбейт деп ишендим”,-деп айтты ал кардиналдарга. “Мен бул кызмат кылуу өзүнүн күчтүү руханий натыйжасында сөз жана иш менен гана эмес, дуба кылуу жана жапа чегүү менен дагы жүргүзүлүүгө тийиш экенин жакшы билем”. "Бирок тез өзгөрүүлөрдүн жана дин ишенимине карата укмуштуудай терең суроолордун субъекти болуп калган азыркы заманбап дүйнөдө Ыйык Петр насаат кылгандай башкарып, Евангелияны үгүттөш үчүн зарыл болгон күчтүү негиздер- рухтун жана дененин күчү акыркы айларда сезилердик начарлап кеткендиктен мен мага тагылган милдетти жеткиликтүү аткара албасымды мойнума алууга аргасыз болуп жатам”. Кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алган акыры папа болуп 1415-жылы Папанын тагына атаандаш талапкерлердин арасындагы Улуу Батыш ажырымынын токтотуш үчүн жетишилеген келишимдин негизинде кызматтан кеткен Папа Григорий XII эсептелет. Бенедикт XVI өзүнүн чечимин “Чиркөөнүн жашоосуна абдан чоң мааниси бар чечим”,-деп атады. Бул кадам Ватиканга марттын орто чечинде жаңы Папаны шайлаш үчүн конклав өткөрүүгө мүмкүндүк берет, анткени Папа өлгөндөн кийин боло турган салттуу болуп калган аза күтүү убактысынын бул жагдай үчүн зарылдыгы жок болуп калат. Папанын тагына анын айланасында бир нече талапкерлер бар- бирок алардын арасында талашсыз фаворит жок- 2005-жылы Рим Папасы Иоанн Павел IIнин көзү өткөндөн кийин понтифик болуп шайланган Бенедикти шайлоодо дагы ушундай эле жагдай болгон.

“Associated Press”,
11-февраль 2013-жыл
Которгон –
Inozpress.kg

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
dizel.kg


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней