Укук коргоочулардын Гүлнара Каримованын дарегине айтылган сыны
четверг, 31 января 2013 г. 11:41:53
«Tвитер» менен сүйлөшүү Өзбекстандын жаманаттысын жашырып кое албайт

Редактордун эскертүүсү: Эндрю Строхлейн Эл аралык кризистик топтун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн директору болуп саналат. Стив Свердлов – Борбор Азия боюнча «Human Rights Watch» уюмунун директору. Бул макалада жарыяланган пикирлер авторлорго таандык.
Бир аз мурда өзбектердин авторитардуу өкүмдарынын ак сөөк болуп көрүнгүсү келген кызынын «Твитерде» сүйлөшүүсү өлкөдөгү сынчылар үчүн абдан таңкалыштуу жана тамашалуу көрүндү. Бул диалогдор ал тургай эл аралык коомчулук четке каккан, жат эчкидей бөлүнүп турчу режимге карата дүйнөлүк басма сөздүн көңүлүн бурду.
Бирок бул «Твиттер» баарынан дагы полициянын бөлүмдөрүндө кыйноо кадыресе көрүнүш болгон, ал эми миллиондон ашык балдар менен чоңдор жыл сайын пахта талааларында иштөөгө аргасыз болгон репрессиячыл Өзбекстандагы эч кимдин жашоосун оңдоп жиберген жок.
Гүлнара Каримованын «Твитерде» сүйлөшүүсүнө басма сөздүн көңүлү бурулганы толук түшүнүктүү. Мындай авторитардуу мамлекет башчысынын кызынан жазылган «Твит» чыны менен өзгөчө жана фактынын өзү басма сөздүн көңүлүн бурууга арзыйт. Бирок бул ал тууралуу айта турган жалгыз жана таңкалыштуу нерсе эмес.
Чыны менен ал мындайча айтканда «таң калыштуу жаңылыктарды» өзүнө тарткан магниттей болуп турат. Каримова музыкалык видеоклиптерди тарткан дипломат, анын арасында Россиянын жарандыгын жаңы гана алган Жерар Депардье тартылган бир аз мурдагы клипти да кошсок болот. Анын ал тургай жеке парфюмердик бренди бар. Мындан тышкары анын зер буюмдарын жасоочу линиясы иштеп жатат, президенттин кызы мода көрсөтмөлөрүндө дизайнер катары чыгат жана көйнөк сатат.
Чындап келгенде ал өзүн сүйүктүү кылып көрсөтүп, өз товарларын жарнамалаш үчүн абдан эле көп убакыт коротот жана ошондуктан ал Өзбекстандын Женевадагы БУУнун туруктуу өкүлү катары расмий милдеттерин аткарууга качан убакыт табаары белгисиз.
Швейцариянын бул шаарында БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын кеңсеси, мындан тышкары БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин кеңсеси - Өзбекстан кача турган эки мекеме жайгашкан. Негизинен өзбек өкмөтү өлкөгө Адам укуктары боюнча кеңештин өз алдынча эксперттерин изилдөө жүргүзүү максатында киришине карата өтүнүчүн абдан дыкаттык менен четке кагып келет.
Өзбекстан өз кезегинде бул мамилеге карата акыркы 11 жылда 11 процедура жүргүзүүдөн баш тартуу менен өзүнчө эле «рецидивист» болуп калды. Бул деген сөз өлкөнүн жетекчилиги өлкөдө БУУнун кыйноо, укук коргоочулар боюнча жагдай, аялдарга карата зомбулук, дин эркиндиги, соттор менен юристтердин өз алдынчалыгы, соттон тышкаркы жана өз алдынча жазалоо, жыйынга чогулуу эркиндиги жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачыларды өлкөгө кабыл алуудан баш тартып жатат дегенди түшүндүрөт. Мунун баарынан тышкары бийлик мыйзамсыз камоо жана адамдардын уурдалышы боюнча жумушчу топту дагы киргизбейт.
Өзбекстан бул тармактарда эч нерсеси менен сыймыктана албасын эске алганда, кыязы, алар мындай конокторду киргизгиси келбегени анык жана Женевадагы БУУ менен кызматташуунун ордуна Каримова өз убактысын «Googoosha» деген каймана ысым менен ырдап, Депардье менен бийлеген клиптерин тартып, атырларын сатуу менен өткөрүп жатканы таң калыштуу эмес.
Бирок эч кандай атыр ондогон жылдардан бери дүйнөдөгү эң катаал режимдердин бири болуп келаткан Өзбекстандагы адам укуктарынын бузулушунун жытын жашыра албайт.
«Human Rights Watch» укук бузулган жагдайларды көп жылдан бери документтештирип келет. Укук бузулган учурлардын катарында - саясий эркиндиктин таптакыр жоктугу жана жарандык коомдун активисттерин түрмөгө каматуу; полиция участоктору менен түрмөлөрдөгү системалуу кыйноо; чоңдорду жана балдарды пахта талааларында мажбурлап иштетүү; 2005-жылы өкмөттүн аскерлери жүздөгөн адамдарды кыруу менен куралсыз демонстранттарга ок аткан Анжиян окуясы боюнча эч кандай жоопкерчиликтин жоктугу; сөз эркиндигин кескин чектөө; көп сандаган эл аралык уюмдар менен ММКны киргизүүдөн баш тартуу; жана албетте, Өзбекстандын БУУ же болбосо БУУнун башка мониторинг жүргүзүүчү уюмдары менен кызматташуудан баш тартышы бар. Бул албетте, узун тизме, бирок өкмөттүн өзүнүн элине каршы жасаган кылмыштары жөнүндө толук баяндама мындан алда канча узун.
Биздин бирөөбүз (Эндрю менен) «Твитерде» сүйлөшкөн маалында Каримова бул суроолорду кеңири берүүнү өтүндү жана аларга жооп узатууга убада берди. Биз бир ай мурдагы ачык катта жазылган айрым «коркунучтар» тууралуу ага айтып бердик. Азырынча элчи БУУнун бул өтүнүчүн унутуп калгандай, жогорудагы маселелерди чечүү тууралуу убадасын аткара элек.
Албетте, ММКда таң калыштуу пайда болуу менен, эч кимди бир нече «твиттер», музыкалык клиптер же болбосо жаңы кийимдердин линиясы менен алдап коюуга мүмкүн эмес. Биз Каримованын дүйнөбий активдүүлүгүнө алаксый албайбыз. Анын өкмөтү адам укуктарын бузуунун аягына чекит коюуга тийиш жана ал жогорудагы маселелерди чечүүчү расмий кызматты ээлеп олтурат. Ошондуктан бакшасын коюп, ушул жөнүндө айтыңызчы, элчи Каримова.

Эндрю Строхлейн, Стив Сведлов
CNN, 25-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Эндрю Строхлейн Стив Сведлов Гүлнара Каримова адам укуктары БУУ
Другие материалы раздела:
Комментарии
купить авто в бишкеке


Публикации Авторов:

13.11.2019
"EADaily"
Узбекистан покинул тройку мировых лидеров по экспорту хурмы

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней