Россиядагы мигранттардын жашоосу
четверг, 31 января 2013 г. 9:19:45
Россиядагы мигранттар үйүнө барууну кыялданышат

Абдан узакка созулган сапардын ири бөлүгү Москванын Казан бекетинде аяктайт. Платформадан анча алыс эмес жерде Мурат өзүнүн досторун күтүп турат. Анын достору Москвага чейин 2815 чакырымды түзгөн же болбосо болжол менен үч күн аралыгында келе турган Ташкенттен аттанышкан.
Өзбекстандын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Гулистан шаарында Мураттын келинчеги жана үч жашар кызы калган. Жигит аларды сагынганын айтты. Мурат өзүнүн ченеми боюнча жакшы акча төлөнгөн Москвадагы складда иштейт. цены на эвакуатор из Москвы в Санкт-Петербург Өз мекенинде болсо ал айына 500 же 600 доллар тапмак, бул анын ай сайын кетирген чыгымдарын жапмак эмес. Москвада анын эки эсе көп акча табууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ал өз мекендештерине Москвадан жумуш табууга көмөктөшөт, бирок майда-чүйдөсүн айткан жок, бул таң калыштуу деле эмес. Айрым маалыматтарга таянсак, Россияда иштеп жаткан мигранттардын төрттөн үчү мыйзамсыз жумушчулар болуп саналат. «Айрым мигранттар Россияда көп жылдан бери жүрүшөт, кээ бирөөнө болгону бир нече ай гана болду, айрымдары үй-жайсыз болсо, дагы башкалары ушул жерден каза табышат», - дейт Мурат бир чыны кофе ичип олтурган маалда. Өтө деле шарты жакшы эмес темир жол бекетинин кафесинде дагы башка эмгек мигранттары дагы бар болчу. Алардын айтымында, баары Москвага акча иштеп табыш үчүн келишет.
Бекеттин жанындагы кафеде үстөлдөр толтура коюлуптур. Кафедеги кардарлар олтуруп самсы менен ысык чай ичишет. Самсы - бул ичине эт салынган өзбектердин үч бурчтуу токочу.
Советтер Союзу кулагандан кийин Борбор Азиянын, айрыкча Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын миллиондогон жашоочулары Россияны өз үйүнө айландырышты. Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардын так санын айтыш кыйын, бирок айрым эксперттер Россияда бүтүндөй 10 миллион мигрант жашаарын айтышат.
Алардын көбү Россиянын өзүнүн жашоочулары иштегиси келбеген булганыч жана коркунучтуу жумуштарды аткарышат. Алар курулуштарда иштешет, жашылча-жемиштерди сатышат, мекемелерди, дүкөндөр менен кафелерди жыйнашат.
«Россияга эмгек базарынын кемтигин толтуруш үчүн мигранттар керек», - дейт Миграцияны талдоо жана алдын-ала маалымат берүү лабораториясынын башчысы Жанна Зайончковская. «Мигранттарсыз Россиянын экономикасы азыркыга караганда кыйла эле төмөн болмокчу», - деп сөзүн толуктады ал.
Июнда Россиянын өкмөтү эмгек мигранттары Россиянын азайып бара жаткан калкынын маселесин чечүүгө жардам берери тууралуу макаланы жарыялады.
Төрөлүүнүн аздыгы жана укмуштуудай жогорку көрсөткүчтөгү өлүм 2030-жылы Россиянын калкы 14 миллионго чейин азая турганы көрсөтүүдө. Калк азайгандан кийин пенсия курагындагыларды кармап турууга жетишерлик жумушчу калк калбай калат. Өкмөт «бул жай жарылган демографиялык бомбаны токтотуп калууга мигранттар жардам бериши ыктымал» деп үмүттөнүүдө.
«Левада-борбордун» берген маалыматына таясак, россиялыктардын көбү же болбосо 67 пайызы «чет элдик жумушчулар жергиликтүү калктын жумушчу орундарын тартып алып жатат» деп эсептешет. «Россиянын жаштары мигранттар өлкөнүн экономикасына түрткү берээрин түшүнбөйт», - дейт Зайончковская. «Жаштар улгайгандарга караганда мигранттарга карата катуу позицияны карманышат. Бул абдан өкүнүчтүү, анткени келечекте мигранттардын саны азайбайт», - деп белгилейт ал.
Анын кооптонуусу эки ай мурда миңдеген ультра оңчул улутчулдар Москванын көчөлөрүнө чыгып, «Россия орустар үчүн!» деп ураан чакырып турушкан кезде тастыкталды. Россиянын бийлиги алгачкы жолу баш калаанын борборунда мындай жыл сайын болуучу жыйынды өткөрүүгө уруксат берди. Жүрүштүн катышуучулары Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визалык чектөөлөрдү киргизүүнү талап кылышты жана чогулгандардын тобу падышалык Россиянын кара-сары желегин булгалап, Россиянын өкмөтүн славян калкына тоготпостук менен мамиле кылат деп айыптады.
Өзбек кафесинде эч ким Россиядан кеткиси келип жатканы жөнүндө айткан жок. Бирок алардын айрымдары гана узак убакытка калууну көздөшөт.

Дженифер Ранкин
«Irish Times», 30-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Дженифер Ранкин Россия мигранттар
Другие материалы раздела:
Комментарии
www.diesel.elcat.kg


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней