Казакстанда бир айдын ичинде экинчи жолу учак кыйрады
четверг, 31 января 2013 г. 7:57:28
Казакстандагы жүргүнчү учактын кыйрашы - акыркы айда экинчи жолу

«SCAT airlines» компаниясына таандык учак кыйраган кезде эң аз дегенде 20 адам курман болду. Инцидент Казакстандын Алмата шаарынан анча алыс эмес жерде катуу тумандан улам келип чыкты. «SCAT» компаниясына Европа Биримдигинин (ЕБ) ичине учууга тыюу салынган.
Шейшемби күнү бортунда кеминде 20 киши бар учак катуу тумандан улам Казакстандын Алмата шаарынан анча алыс эмес жерде кыйроого учурды. Расмий тараптардын айтымында, учактын бардык жүргүнчүлөрү курман болду. Казакстандын башкы прокурору кырсыктан улам курман болгон 21 адамдын ысымын атады. «SCAT» авиакомпаниясы билдиргендей, учактын бортунда 20 жүргүнчү болгон.
Бул окуя бардык авиалинияларына Батыш Европага учууга тыюу салынган Казакстандын аба коопсуздугу жөнүндө кабатырлыкты алдыңкы планга чыгарды.
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, түндүктөгү Кокшетау калаасынан учкан учак жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 13.13тө, ал коно турган маалынан 20 мүнөт өтүп кеткенден кийин радардан жоголгон. Мамлекеттик «Казинформ» маалымат агенттиги кырсык болгон жерде жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлүнө шилтеме кылып, начар көрүнгөндүктөн улам учакка аэропорттун жанына конууга уруксат берилбегенин маалымдады. Учак экинчи жүрүштү жасаганда багытын жоготуп, аэропорттон бир нече миль аралыкта талкаланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлангандай, учак эки кыймылдаткычтуу, ичине 50 киши бата турган, канадалык өндүрүштөн чыккан «Bombardier CRJ200» учагы болгон. «SCAT» компаниясынын жетекчилиги «кара кутунун» маалыматтары изилденмейинче кыйроонун себептери аныкталбай турганын билдирди.
Абдан калың жааган кар жана туман акыркы бир жумаларда бүтүндөй Казакстан боюнча аба каттамдарынын тынымсыз кечигүүсүнө себеп болгон.
«Казинформ» учак төрт ай мурда Словениядан ремонттон өткөнүн кабарлады.  Башкы прокуратура бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоого ниеттенип жатканын билдирди. Өкмөт башчы Серик Ахметов кыйроону иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүгө буйрук берди.
Өзүнүн расмий веб-сайтындагы билдирүүсүндө президент Нурсултан Назарбаев көңүл айтты. «Бүткүл Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам» деп айтылат билдирүүдө.
Бул окуя акыркы айлардагы экинчи кыйроо болуп калды. Декабрда түштүктөгү Шымкент шаарынан анча алыс эмес жерде Россиядан чыгарылган «Ан-72» аскер учагы кыйраган маалда 27 киши мерт болгон. Кыйроонун себеби катуу бороон болчу.
Шымкентте офиси жайгашкан «SCAT» компаниясынын учактарына ЕБдин ичине учууга тыюу салынган. Компания аймагы Техастын көлөмүнөн төрт эсе көп болгон, 16,5 млн. адам аймакка чачыранды жайгашкан өлкөдө ички каттамдарды тейлейт.
Казактардын көптөгөн аба компаниялары советтик доордон калган эски учактарды пайдаланышат, ал эми аэропорттордун абалы оңчулуктуу эмес. ЕБдин аткаминерлери кызматкерлерди тиешелүү окутуу жагына тынчсызданышууда. Казактардын бир эле аба компаниясынын, тактап айтканда мамлекеттик «Air Astana» компаниясынын учактарына гана ЕБге учууга уруксат берилген.

Питер Леонард
«Associated Press», 29-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Питер Леонард Казакстан учак кыйроо
Другие материалы раздела:
Комментарии
audi


Публикации Авторов:

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней