Африка - жаңы Афганистан
понедельник, 28 января 2013 г. 7:37:08
Африканистанбы?

Чыныгы коркунуч жихадчылардын ордосуна айлана турган башка орунга бурулганында болууда.
Афганистан менен Иракта террор менен алышып 11 жыл бою 1,5 трлн. доллар сарптап, жүз миңдеген адам өмүрүн алган согуштан кийин Батыш коомчулугу оор сабак алганын сезип жаткан кези. Эми ал эң жакшы ниетти көздөгөн болсо да чет элдик интервенция кайрымсыз жергиликтүү жашоочуларга жардам бериш жана куткарыш үчүн көрүнбөс душмандар менен аягы бүтпөгөн согуштун сазына армияны батыраарына мурдагыдан алда канча терең ишенип турган кези.
Афганистандын жаңырыгы ушул айдын башында француз аскерлери Малини коркутуп жаткан исламчылардын колоннасына чабуул койгон кезде жаңырды. Жана дагы бир жаңырык бир нече күн өткөндөн кийин, «Signed-in-Blood Battalion» террорчу тобунун сакалчан жана куралданган жихадчылары коңшулаш Алжирде газ заводун басып алып ондогон чет өлкөлүктөрдү өлтүргөндөн кийин угулду. Кыязы, бул аймак террор менен атак-даңкты сүйгөн Батыш лидерин кызыктырган чөлдөгү дүйнөлүк согуштун экинчи фронту болуп калат окшойт.
Бирок ошондой болсо да согуштар ар кандай болот эмеспи. Бир өнөктүктөн алынган сабакты кийинкиге пайдаланууга болбойт. Чыгышында Сомали менен Судандан башталып, батышында Чад менен Малиде бүтүп жаткан туруксуздукту Ирак же болбосо Афганистан сыяктуу кароо таптакыр туура эмес. Анан калса анын зыяны көп. Кийлигишүү дайыма коркунучтуу болгонуна карабай, Африкада ал Багдад менен Кабулдагыдай узакка созулбашы жана натыйжасыз болбошу керек.

Малинин ач арбактары
Бүт дүйнөдөгү ММКлар жазып жаткан чатактын алгачкы себептери биринчи кезекте жергиликтүү эмес, аймактык же болбосо дүйнөлүк масштабга тиешелүү. Эзелтен бери эле Сахара чөлүнүн айланасында жана Сомалинин чыгышына жакын жайгашкан аймакта мыйзамсыздык менен зомбулук үстөмдүк кылып келген. Бирок акыркы жылдары башаламандык күчөп кеткен, ал айрыкча курал чегара аркылуу суудай аккан 2011-жылдын соңунда, Муаммар Каддафи кулагандан кийин ого бетер күч алды. Туткундарды барымтага алуу, аларды акчага сатуу, аткезчилик, баңгизат менен бандитчилик көптөгөн гангстерлерди ээликтирди. Алардын айрымдары исламдын атын жамынып алып, жакырчылыкка, дискриминация менен коррупциялашкан өкмөттүн башкаруусуна нааразы болгон элди пайдаланууда.
Түндүк Нигерияда «Boko Haram» деп аталган ислам тобу зомбулук жана киши өлтүрүү өнөктүктөрүнө катыштырыш үчүн сабаты начар, жумушсуз жана кыжырданган жаш мусулмандарды өзүнө тартууда. Малиде өлкөнүн түндүгүндөгү туарегдер уруусу көптөн бери эле обочолонуп калган. Эфиопия менен Кения сыяктуу мамлекеттерде жихадчылар уялбай туруп буга чейин тынчтыкта жашап келишкен мусулмандар менен христиандардын айырмаларын айтып, ортого от жагууда.
Аталган топтордун көбү дүйнөлүк аренада өздөрүн жакшы жагынан көрсөтүүгө аракет кылушууда. Алжирдеги газ заводуна кол салган жихадчылар - Тунистин, Малинин жана Нигердин жашоочулары. Алжирдин бийлиги маалымдап жаткандай, алардын арасында бир канадалык болгон. Түндүк африкалык исламчылар «Аль-Каиданын» ишмердүүлүгүнөн таасир алышууда. Айрымдары Сауд Арабиясынан жана Перс булуңунун бай демөөрчүлөрүнөн кошумча каражаттарды таап жатышат. Бул топтордун баары Батышка жана анын Африка менен анын чегинен тышкары турган досторуна душман болууда. «Аль-Каида» Афганистан менен Пакистандын чегара аймагында, ошондой эле Йемен менен Сомалинин айрым бөлүктөрүндө кыйын абалда калгандыктан, топтун кээ бир мүчөлөрү Африка аймагынан баш паанек издеп жатышат.
Бул байланыштарга карабай түз коркунуч көпчүлүк даражада жергиликтүү мүнөзгө ээ. Бул туурасында бир заматтын ортосунда шариаттын кескин мыйзамынын тартибинде калган Тимбуктун жашоочуларынын, чет өлкөдө окуп келген бомба даярдоочулардын курмандагы болгон Нигерден, жаңы гана Шабаб кошуунчулар отрядынын жардамы менен күнүмдүк тынч жашоого кайтып келип жаткан Сомалинин жашоочуларынан сураңыздар. Бирок дүйнөлүк жихад жаш мусулмандарды радикалдаштырууда. Коопсуздуктун начар окутулган аскерлери өзүнүн таш боордугу менен козголоңчу кыймылдардын чыгышына себеп болууда. Сомалилик качкындар мусулмандар менен христиандардын ортосунда чыңалууну пайда кылган Кениядагыдай болуп, бир мамлекеттеги чатак коңшу мамлекетке жайылуу өзгөчөлүгүнө ээ. Акыркы жылдары радикалдуу, куралданган жана машыккан исламчылар дүйнөнүн бул алсыз бөлүгүнө аябай чоң зыян келтиришти.

Зарыл болгон сабак
Интервенциянын тууралыгынан жана акылдуулук менен кылынган иш экенинен шек санап жүргөндөр үчүн бул жүйө жөнөкөй жыйынтыкты көрсөтүп турат: чоочундар бул жакка кире албайт. Бирок Сахарадан болуп жаткан окуялардын бүт дүйнөгө да тиешеси бар. Аймак мунай менен газдын ири өндүрүшчүсү болуп саналат. Түндүк Африкадагы чет элдик ишканалардын жабылышы болуп көрбөгөндөй жоготууларга алып келет. Франсуа Олланд Малиге аскерлердин жөнөтүшүнүн бир себеби - президент ал жакта жашаган 6 миң французду коргогусу келгенине да байланыштуу. Сомалидеги мыйзамсыздык Индия океанынын жээктерин бойлото каракчылык кылган топторду пайда кылды. Түндүк Африкадагы жихадчылар колунан келишинче Европа менен Америкада террор жасоого аракет кылууда, бирок алар бир күнү өлкөнүн бүт ресурстарын башкарууну басып алган кезде баары өзгөрүп кетиши мүмкүн. Аларды чөлгө кармап турган оң.
Жеке кызыкчылыктардан тышкары кыска жана кескин интервенция миллиондогон адамдардын азап-тозогуна чекит коюшу мүмкүн деген факты да бар. Француз парашютчулары 2011-жылы Кот-д'Ивуарда болгон жарандык согушту токтотууга көмөктөшкөн. Миңдеген британ аскерлери 2000-жылы Сьерра-Леоненин борбору Фритаунда абдан коркунучтуу жарандык согуштун келип чыгышын токтотууга жардам беришкен. Интервенция африкалык аскерлер кабагын ачканда жана өнүгүү боюнча узак программалар иштегенде гана ийгиликтүү болот. Муну Барак Обаманын билгени абдан маанилүү. Анын кызматтан кетип жаткан мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул коркунучтарды мойнуна алды. Малиге Америкадан жардам жөнөтүүнү сураган Олланддын өтүнүчүнө Обама кечигип, салкын жана туура эмес мамиле кылды. Немистер дагы жардам берүүгө өзгөчө ынтызарлык көрсөтүшкөн жок.
Сахарадагы жагдай ал өнүккөндө гана турукташмакчы. Африкалык континенттин калган ири бөлүгү ошондой келечектен ырахат ала баштайт. Африкадагы көпчүлүк мусулмандар жихадга каршы. Батыш өлкөлөрү интервенциянын кыйынчылык жаратаарын шылтоолоп, бул адамдардын баарынан баш тарта турган болсо, олуттуу ката кетирмекчи.

«Economist», 25-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Африка Афганистан жихадчылар
Другие материалы раздела:
Комментарии
авторынок кыргызстан


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней