Америкалыктар космостон кен казгысы келет
пятница, 25 января 2013 г. 7:45:04
Космостон пайдалуу кендерди казуу: америкалык компания астероиддерден баалуу металлдарды казып алууга ниеттенүүдө

Американын «Deep Space Industries» компаниясы өзүнүн космостук кемелерин астерориддерге жөнөтүп, алардан кийин Жерге сатыш үчүн баалуу металлдарды казып алууну баштаганы жатат.
Американын компаниясы Жерге жакын учуп өткөн майда астероиддерден кен казып ала турган космостук аппараттардын флотун учуруу тууралуу өзүнүн планын айтты. Американын компаниясы кайсы бир күнү ал астероиддерден баалуу металлдарды казып алат деп ишенет.
«Deep Space Industries» компаниясы 2015-жылы космоско бир нече чакан чалгындоо аппараттарын учурууну караштырып жатат. Компаниянын ырасташынча, аппараттар космосто эки айдан алты айга чейин жүрөт, ал эми бир жылдан кийин бул аппараттарга чогултулган баалуу металлдарды жерге кое бере турган зор космостук аппараттар жөнөтүлөт.
Компаниянын төрагасы Рик Тумлинсон Жердин жанынан учуп өткөн астероиддерде «биздин цивилизация келечекте космосту өздөштүрө турган жетиштүү ресурстар бар» деп билдирди. Алгачкы издөө миссиялары космоско ракетанын жардамы аркылуу жеткириле турган «FireFly» жана «DragonFly» аппараттары аркылуу ишке ашырылат.
Компания «космостук кемелерди Жерге жакын учуп бара жаткан астероиддерге кондуруп, астероиддеги пайдалуу жана баалуу материалдарды ала алабыз» деп үмүттөнүп жатат, аларды кайра космосто иштетип чыгып же болбосо сатыш үчүн Жерге жөнөтүшмөкчү. Ошондой эле америкалык компания астероиддерден казылып алынган материалдар жеткирилип, андан соң колдонууга жарай турган эритиндилер менен башка заттарды иштетип чыга турган космостук заводдорду түзүүгө ниеттенүүдө. Компания «өнөр жай объектилери кайра иштеп чыгууга жана материалдардын айрым түрлөрүн түзүүгө колдонула турган 3D-принтерлер менен жабдылат» деп болжоп жатат.
Компаниянын келечектүү пландары дагы башка «Google» компаниясынын топ-менеджерлери Ларри Пейдж менен Эрик Шмидт, ошондой эле белгилүү режиссер Джеймс Камерон инвестиция жумшап жаткан «Planetary Resources» америкалык компаниясы астероиддерден платина тобунун металлдарын казып алууну пландап жатканын жарыялагандан кийин айтылды.
Астероиддер өздөрүнүн композициялары менен айырмаланат, бирок алардын айрымдары платина тобунун материалдарына жана башка баалуу металлдарга бай. Кээ бир астероиддерде никель менен темир көп.
«Deep Space Industries» компаниясынын кеңешчи-геологу Марк Сонтер «Жердин айланасында болжол менен бизге белгилүү 1700дөй астероиддер бар» деп эесептейт. Анын айтымында, Айга караганда аларга жетиш оңой. Астероиддердин баары коммерциялык баалуулуктарга ээ материалдардан турат. Ал «мындан тышкары астероиддерде силикат гравийи, ар түрдүү металл ширешмелери, ошондой эле суу бар» дейт. «Астероиддерде абдан эле баалуу материалдар болуп калышы да мүмкүн» деп кошумчалады ал.
Калифорниядагы Санта-Моникада жайгашкан Учуу музейиндеги тааныштыруу маалында «Deep Space Industries» компаниясы аны колдоого кызыкдар болгон инвесторлорду кызматташууга чакырды. «Бул абдан укмуш учуу болот», - дейт Тумлинсон.
«Guardian» менен болгон маегинде окумуштуулар менен инженерлер астероиддерден пайдалуу кен байлыктарды казып алуу мүмкүн экенин ырасташты. Алардын айтымында, пайдалуу кен байлыктар менен баалуу материалдарды казып алуу жакынкы бир нече он жылдыкта кызык эмес болушу мүмкүн. Алар «космоско учуунун баасы арзандагандан кийин жана Жердеги ресурстарга баа кымбаттагандан соң гана астероиддерден кен казып алуу экономикалык мааниге ээ болот» деп эсептешет.
«Nasa Watch.com» веб-сайтынын редактору Кейт Коуинг «Deep Space Industries» компаниясынын пландары ал үчүн ынанымдуу болбогонун айтат. «Астероиддердин ресурстарын пайдалануу акылдан адашкандык эмеспи? Жок бул андай эмес. Бул абдан көлөмдүү ишпи? Ооба. Буга экономикалык негиздер барбы? Адамдар прогресс кылууга аракет кылууда», - дейт ал.
Бирок ал ал кайсы гана компания болбосун өндүрүмгө, тажрыйбалуу кызматчыларга жана долбоордун экономикалык негиздерине ээ болушу керек экенин белгилейт. «Бул кыязы үч буттуу отургучка окшош көрүнөт. Силерге олтургучтун үч буту тең керек, болбосо силердин оюңар хобби болуп калат», - дейт ал.
Лондондогу «Биркбег» университетинин астроному Ян Кроуфорд «кээ бир астероиддер өнөр жайчылардын арасында абдан катуу суроо-талаптарга ээ боло турган кыйла баалуу материалдардан турат» дейт. «Буга материалдар Жерде азайганда жана суроо-талаптын баасы жогорулаган кезинде, ал эми астероиддерден кен казып алуунун чыгашалары абдан аз болуп калган кезде гана убакыт келет болуш керек. Негизинен астероиддерден пайдалуу кендер менен баалуу материалдарды казып алуу ондогон жылдардан кийин гана экономикалык жактан пайдалуу болушу ыктымал», - дейт ал.
«Келечекте астероиддерден баалуу материалдар менен пайдалуу кендерди казып алууга адистешкен өнөр жай бизге пайда алып келиши мүмкүн. Биз космостук зор таштар жер тарапка учуп келиши мүмкүн экенин дагы эстеш чыгарбашыбыз керек», - дейт Кроуфорд. «Астероиддерден кен казып алууга жардам берчү инфраструктура ошондой эле Жерге жакындап келе жаткан кандай гана астероидден болбосун кутулууга да көмөктөшүүгө тийиш», - дейт Кроуфорд.
Оксфорд университетинин физика боюнча профессору Фред Тейлордун айтымында, Жердин жанынан өтө турган чаканыраак астероиддерди издеш үчүн арзан жана компакттуу аппараттарды 2015-жылы учурулушу ыктымал. Анын айтымында, бул үчүн дагы көп иштер жасалууга тийиш.
«Космосто тийиштүү чалгындоо жана кен казуу иштери азырынча аткарылбай турган, татаал жана чыгашалуу жумуш болуп турат. Платина кымбаттап, сейрек кездешчү металлдардын баасы асманды чапчыган учур келет дейли, ошондо гана астероидди издеп жана кен казуу убактысы келет, бирок азырынча мен жакын арада бул идея пайдалуу боло койбойт деп эсептейм», - деп сөзүн толуктады ал.

Йан Сэмпл
«Guardian», 23-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Йан Сэмпл Америка космос астероид кен
Другие материалы раздела:
Комментарии
продажа машин в киргизии


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней