Алжирдеги террордук аракеттин издери Батышка такалабы?
среда, 23 января 2013 г. 13:30:44
Түндүк Африкадагы коркунуч: Алжирдеги террордук чабуулга чет элдик жарандар катышканбы?

Малиде англис тилинде сүйлөгөн джихадчыны көрүштү. «Канадалык Алжирдеги мунай газ компаниясына кол салууну көзөмөлдөдү» деп кабарланып жатат.
«Алжирдин өкмөт башчысы Канаданын жараны ондогон туткундар өлтүрүлгөн мунай газ объектисине кол салууну координациялаган» деп айтылгандан кийин Канаданын жетекчилиги Алжирде болгон бардык жагдайды изилдөөгө киришти.
Өткөн аптада Алжирдин Ливия менен чектешкен жерине жакын жайгашкан «Тигантурин» мунайгаз кенине кол салышкан «бир нече ислам жоочуларынын катарында Батыш мамлекеттеринин жарандары болгон» деп болжолдонуп жатат. Ошондой эле окуянын күбөлөрүнүн айтымында, жоочулардын арасында саргыч чачтуу, көгүш көздүү адам байкалган.
«Туткундарды басып алууда Франциядан бир жана Канададан эки джихадчы катышкан» деп болжолдонууда. Маалыматтарга таянсак, Алжирдеги мунай газ кенинин жумушчуларын туткунга алган экстремисттердин арасында Батыш акценти бар адам болгон.
Алжирдин өкмөт башчысы Абдельмалек Селлал журналисттерге «канадалык» деп боолголонуп жаткан киши Алжирдеги мунай газ кенине кол салган жана дүйнөлүк кризисти пайда кылган 32 исламчынын катарында болгонун айтты. Шаддад аттуу канадалыктардын бири Алжирдин коопсуздук күчтөрү менен төрт күнгө созулган, 58 туткун, анын ичинде 37 чет элдик курман болгон кол салууда алдыңкы ролду ойногон деп айтылууда. Бул апаатта беш чет элдик жумушчу али күнгө чейин дайынсыз жоголду деп изделүүдө. «Жоочулардын арасында канадалык болгон», -дейт Селлал. «Ал чабуулду башкарып турган», - деп кошумчалады өкмөт башчы.
«Ошондой эле террорчу топтун курамында Тунис, Египет, Мавритания менен Нигерден келген кишилер бар экен», - деп белгиледи Селлал. Туткундарды куткаруу боюнча атайын оперциянын жүрүшүндө эң аз дегенде сегиз түрдүү улуттагы 29 исламчы өлтүрүлүп, дагы үчөө тирүү колго түшкөн. «Аль-Каиданын» филиалы болгон жана өздөрүн «Кан менен антташкандар» деп атаган террорчу топтун курамы тыкыр изилденди, анткени коопсуздук маселелери боюнча эксперттер Түндүк жана Батыш Африкадагы террор коркунучтун масштабын баалоого аракет кылып жатышат.
Алжирдеги террорчу топтун курамында эл аралык жоочулардын бар экени тууралуу ырастамалар текшерилди жана Малинин Диабали шаарынын жашоочуларынын айткандары менен салыштырылды. Эксперттер өткөн аптада Диабали шаарын басып алган исламчылардын курамында Батыш мамлекеттеринин жарандары, ошондой эле европалык келбеттүү жоочулар болгон-болбогонун билгиси келип жатышат. Француздардын жана Малинин күчтөрү шаарды жоочулардан тартып алган соң «Independent» гезитинин кабарчысы менен болгон маегинде студент Амаду Думбиа: «Мен аларды даана уктум жана мен алардын тилин башка тилдер менен чаташтырбайм. Алар Англиядан келгенин айтышты, бирок алар бир аз кара тору экен», - деп билдирди.
Бүгүн Алжирдин чегинде жайгашкан мунай газ объектине жашыруун кол салуу боюнча шектелип жаткан террорчу топтун башчысы Мухтар Белмухтар анын тобу Малидеги аскер өнөктүгүнүн катышуучуларына чабуул жасаарын билдирди. Мавританиядагы радиодон сүйлөгөн сөзүндө ал: «Биз Малинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан Азвад районундагы өнөктүккө катышып жаткан бардык мамлекеттерге эскертебиз: эгерде алар чегинбей турган болсо, жоочулар аларга кол салуусун улантат», - деди.
Ал ошондой эле кол салууга жоопкерчилик алган террорчу топтун курамында чет элдиктер бар экенин айтып жатат. Мухтар: «Болгону беш алжирлик гана кол салууга катышты, бирок алар Диабали шаарынын жергиликтүү тургундары эмес», - дейт.
Бүгүн Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон Сахель районунда Батыш ислам экстремисттеринин «уулуу иделологиясы» менен болгон күрөштө «муундардын каршылашуусуна» туш келгенин айтты. Камерон ошондой эле Британия Белмухтардын сары изине чөп салууга кошула турганын билдирди жана Малидеги француз өнөктүгүнө кошумча колдоо көрсөтүүгө убада берди. Камерон: «Бул биздин муунга туш келген жаткан иш. Биз мурдагы муундар сыяктуу чечкиндүүлүк көрсөтүүгө тийишпиз», - дейт.
Бүгүн Канаданын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Канаданын жетекчилиги «Канадалык жарандардын кол салууга тиешеси барбы же жокпу?» - деп изилдеп жатканын кабарлады. «Биз Алжирдин жетекчилиги менен тыгыз байланыштабыз, бирок азырынча эч нерсе далилдене элек», - дейт Канаданын «Globe and Mail» гезити менен болгон маегинде Кристиан Рой.
Алжирдин жетекчилиги «чабуулду көзөмөлдөшү мүмкүн деген канадалык жаран окко учкан 29 жоочунун арасында болушу ыктымал» деген фактыны тастыктоодон баш тартты.
«Мунай газ объектисине кол салууга жана япон жумушчуларын өлтүрүүгө Түндүк Американын бир атуулу катышкан» деп маалымдады AFP. Мунай газ компаниясында иштеген япондордун инженердик фирмасынын бир кызматкери исламчылар автобуста олтурган үч японду атып салганын, андан соң япондор жүргөн имаратка кирип келишкенин айтты.
«Бир террорчу англис тилинде «Эшикти ачкыла!» деп кыйкырды, андан соң атылган октун үнү угулду», - дейт ал AFP менен болгон маегинде. «Ал имаратка кирип келгенден кийин дагы эки японду өлтүрдү. Кийинчерээк биз дагы төрт япондун денесин таптык», - деп кошумчалады япон фирмасынын кызматкери.
Алжирдин аскер булактары Норвегиянын «Aftenposten» гезитине англис тилинде сүйлөгөн жоочулардын бири сары чачтуу, көгүш же болбосо жашыл көздүү, узун бойлуу киши экенин маалымдашкан. Норвегиянын «Statoil» энергетикалык компаниясы мунай газ комплексинде иштеген чет элдик фирмалардын бири болуп саналат.

Дэниэль Хоуден
«Independent», 22-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Дэниэль Хоуден Алжир террор Батыш Канада
Другие материалы раздела:
Комментарии
авторынок бишкек азамат


Публикации Авторов:

18.07.2019
"Dzen.Yandex"
Чт за народ каракалпаки в Узбекистане?

18.07.2019
"Afghanistan.ru"
Узбекистан собирается принять участие в строительстве афганского участка газопровода ТАПИ

17.07.2019
V.Panfilova, NG
Президента Кыргызстана перехватила Москва

15.07.2019
"Ritmeurasia"
Чем выгоден ЦА экономический коридор Пакистана и Китая

12.07.2019
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
Россия и Кыргызстан рекультивируют отношения

12.07.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский вектор становится менее привлекательным для стран ЕАЭС

12.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Премьер-министр Узбекистана доволен тем, как развиваются отношения его страны с Россией

09.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Евросоюз презентовал в Бишкеке новую стратегию для Центральной Азии

09.07.2019
V.Panfilova, NG
Русских в Туркменистане легализуют

07.07.2019
"Tengrinews"
Кыргызстан всколыхнуло убийство иностранца в центре Бишкека

04.07.2019
V.Panfilova, NG
Туркменские мигранты ищут «Путь к свободе»

01.07.2019
V.Panfilova, NG
Экс-президенту Кыргызстана грозит пожизненное заключение

26.06.2019
"EADaily"
В Афганистане формируется новая база ИГИЛ — эксперт

26.06.2019
"RIA Novosti"
В ОДКБ рассказали о возросшей угрозе терактов в Центральной Азии

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней