Россия менен АКШнын ортосунда мыйзамдар согушу башталды
среда, 23 января 2013 г. 11:05:22
Россия америкалык аткаминерлерге карата «Гуантанамо тизмесин» түздү

АКШнын адам укугун бузууга карата киргизген санкциясына жооп кылып Россия америкалык аткаминерлерге сокку урмак болду.
Москва. «Гуантанамо тизмесине» Россияга киргизүүдөн баш тарткан ондогон америкалык аткаминерлердин ысымы катталды. «Гуантанамо тизмеси» Россиядагы адам укуктарын бузуу боюнча шектелгендерге карата киргизген АКШнын санкциясына Москванын акыркы жолку кабыл алган өч алуу чарасы болуп калды.
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушковдун айтымында, адегенде тизмеде Гуантанамо түрмөсүн башкарууга тиешеси бар 11 америкалык аткаминердин ысымы бар болчу. Анын айтымында, кийинчерээк тизме 60 адамга чейин көбөйтүлгөн.
Ал «тизмеге россиялык курал сатуучу Виктор Бут жана аткезчи Константин Ярошенконун сотуна тиешеси бар Юстиция министрлиги менен атайын кызматтын аткаминерлеринин, тергөөчүлөрүнүн, сотторунун ысымдары киргизилген» деп тастыктайт.
Россия «Бут американын түрмөсүнө саясий мотив менен камалган» деп билдирүүдө. Ошондой эле Россия «Ярошенко уурдалып кеткен жана Либериядан АКШга мыйзамсыз экстрадицияланган» деп тастыктап жатат. Былтыр Нью-Йорк шаарынын округдук соту Бутту 25 жылга эркинен ажыраткан. 2011-жылы Ярошенко 20 жылга соттолгон.
«Известия» гезити менен болгон маегинде Пушков «Гуантанамо тизмесине» АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн, ошондой эле кийинчерээк Америкада өлгөн россиялык баланы асырап алган америкалыктардын ысымдары киргизилгенин айтты.
Азырынча жарыялана элек «Гуантанамо тизмеси» Кремль америкалыктарга Россиядан бала асырап алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алгандан кийин түзүлгөн.
Өткөн айда Россиянын президенти Владимир Путин «Магнитский мыйзамына» каршы Россиянын өчүн колдой турганын айткан кезде, ал ««Гуантанамо» түрмөсүндөгү жаткандарды кармоо шарттары орто кылымдагыдай», - деп билдирген.
««Гуантанамо» түрмөсүндөгүлөр көп жылдан бери кандайдыр бир айып коюлбай туруп эле камалып жатат», - деп билдирген Путин Москвада болгон басма сөз жыйынында. ««Гуантанамо» түрмөсүндө жаткандар орто кылымдагыдай болуп кишен салынып басып жүрүшөт».
Өткөн жумада Россиянын тышкы иштер министрлиги «Гуантанамо» түрмөсүнүн мурдагы башчысы контр-адмирал Джеффри Харбесондун Россияга келишине тыюу салынганын билдирди.
Декабрдын соңунда президент Обама «Магнитский мыйзамына» кол койгондон кийин Россия өзүнүн нааразылыгын билдирген. Америкалык мыйзам кабыл алынгандан кийин 2009-жылы Москвадагы убактылуу кармоочу жайда көз жумган 37 жаштагы юрист Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар деп эсептелген, ошондой эле адам укугун одоно бузуу боюнча күмөн туудуруп жаткан россиялык аткаминерлерге АКШнын аймагына келүүгө тыюу салынды. Мындан тышкары америкалык мыйзамдын алкагында Американын банктарында сакталып жаткан россиялык аткаминерлердин эсептери тоңдурулду.
Магнитский Россиядагы Салык кызматынын аткаминерлерин массалык кыянаттыкка барды деп айыптаган соң абакка камалган. Россиянын адам укуктары боюнча кеңешинде 2011-жылы Магнитский түрмөнүн күзөтчүлөрү тарабынан өлөрчө сабалганын билдиришкен. Бирок актоочунун өлүмү үчүн эч ким жаза тарткан эмес, ал эми Магнитскийге өлгөндөн кийин «салык төлөөдөн качкан» деп иликтөө иши жүргөн.
«Магнитский мыйзамы» Путинге каршы кыймыл, анын ичинде былтыр АКШнын Конгрессинин жогорку даражалуу мүчөлөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, аларга АКШнын аймагына орус аткаминерлерин киргизүүгө тыюу салуу тууралуу маселени талкуулоону айткан Россиянын мурдагы вице-премьер Борис Немцов тарабынан сунуш кылынган.
Кремль «Магнитский мыйзамын» абдан эле саясатташкан жана достукка каршы аракет, ошондой эле Россиянын ички ишине кийлигишүү аракети деп атады.
«Магнитский мыйзамы» үчүн өч алып Россия америкалыктардын россиялык балдарды багып алышына тыюу салды. АКШнын Мамлекеттик департаментинин берген маалыматы боюнча, акыркы 20 жылда америкалык үй-бүлөлөр 60 миңден ашык россиялык балдарды асырап алышса, анын ичинде 1000ге чукул баланы 2011-жылы багып алышкан. Россиянын мыйзам чыгаруучулары америкалыктардын орус балдарды багып алышына тыюу салган мыйзамды актап жатышат. Алардын маалыматы боюнча, 1999-жылдан бери АКШда багып алган ата-энесинин колунан Россиядан асыралып кеткен 60 миң баланын 19у өлгөн.
Америкалыктарга бала асырап алууга тыюу салган мыйзам Россиядагы коомдук пикирдин бөлүнүшүнө себеп болду, ошондой эле мамлекеттик ишмерлерге карата сейрек кездешкен ачык сынды пайда кылды. Мындан тышкары РФнын тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы мыйзамга каршы сүйлөдү. Ушул айдын башында Россиянын тыюусуна каршы болуп миңдеген адамдар Москванын көчөлөрүнө чыгышты. Декабрдын соңунда Коомдук пикир фонду 56% россиялыктар Кремль тарабынан кабыл алынган мыйзамды колдой турганы айкын болгон баяндаманы жарыялады.
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков «азыркы учурдагы Москва менен Вашингтондун ортосундагы дипломатиялык чыңалууга АКШ күнөөлүү» деп билдирди. «Биз «сыйга-сый» дегендей манера менен жооп берүүнү ойлогон эмеспиз», - деп айтты ал мамлекеттик РИА «Новости» маалымат агенттиги менен болгон маегинде. «Бирок биз ушундай кылууга аргасыз болдук», -деди ал.

Марк Беннетс
«Washington Times», 22-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Марк Беннетс Россия АКШ Гуантанамо тизмеси мыйзам
Другие материалы раздела:
Комментарии
автомобили в кыргызстане


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней