Казакстан «Кашаганга» үмүт артууда
среда, 23 января 2013 г. 7:27:55
«Кашаган» кенин иштетүү Казакстандын мунай өнөр жайына Кытайдын катышуусун азайтат

Казакстандын мунай өнөр жайындагы Кытай компанияларынын саны «Кашаган» кенин ишке киргизгенден кийин азаят. Демек Кытайдын казак мунай тармагына экспансиясы тууралуу маалымат төгүнгө чыкмакчы. Бул тууралуу Казакстандын Чегарадагы кызматташтык ассоциациясынын башчысы Марат Шибутов кабарлады. Белгилүү болгондой, «Кашаган» Каспий деңизинин казак аймагындагы гиганттык оффшордук мунай кени болуп саналат.
«Казакстандын мунай жана газ тармагындагы Кытайдын үлүшү жыл өткөн сайын азая бермекчи. Биринчиден, бул быйыл «Кашаган» алгачкы мунайын берип жатканына байланыштуу жана ушундан улам өндүрүлгөн мунайдын жалпы көлөмү көбөйөт. Экинчиден, кытайлыктар пайдасы улам азайып бараткан жээктеги эски кендерге ээ», - дейт Шибутов. Анын айтымында, Казакстандын мунай тармагындагы кытай экспансиясы тууралуу маалымат чындыкка коошпойт. «Мунун баары болбогон кеп», - дейт ал.
Эске салсак, бир аз мурда «КазТАГ» маалымат агенттиги Кытай компанияларынын Казакстандын мунай тармагындагы катышы 2013-жылы 40 пайыздан жогору боло тургандыгы тууралуу макала жарыялаган. «Алдын-ала маалыматтарга таянсак, Кытай компаниялары 2013-жылдын күзүнө карай 40 пайыз казак мунайын көзөмөлгө алмакчы жана келечекте республиканын аймагында өндүрүлгөн мунайды жалпы жылдык көлөмүнүн жарымынын ашыгын өндүрмөкчү», - деп жазган белгисиз талдоочу.
«Кытайдын үлүшү казактардыкынан бир аз жогору, ал эми Кытай компаниялары 30 миллион тоннадан ашык өндүрөт» деген маалыматка таянып, талдоочу ««КазМунайГаз Exploration Production» компаниясы «Казахтуркмунай» менен «Мангистау Investments BV» компанияларынын үлүшүнө ээ болгондон кийин кытайлыктардын акциясы кыйла көбөйөт, анткени «China Investment Corporation» менен бир катар башка компаниялар «КазМунайГаздын» 30 пайызына чукулун ээлейт», деп кебин улантат.
Ал эми саясат таануучу Эдуард Полетаевдин айтымында, Кытай экспансиясы тууралуу маалымат казак ММКларында бир канча жолу айтылган жана оппозициянын арасында айрыкча талкууга алынган. «Кайсы бир деңгээлде бул маалымат калктын «биз жакында кытайлыктардын бийлигинде калабыз» деген сыяктуу нааразылыгын күчөтүп жибериши мүмкүн. Бул экономикасы кичинекей мамлекеттерге басым кылган ири коңшуларынан корккон анча чоң эмес өлкөлөргө тиешелүү кытай коркунучунун типтүү көрүнүшү», - дейт Полетаев.
Саясат таануучу мындай «жарылуу» Балтика өлкөлөрүндө болуп жатканын айтат. «Ал жакта Москванын таасиринен улам орустардан корккондор аябай көп. Латын Америкасы АКШнын таасиринен чочулайт жана андай мисалдар толтура. Ошондуктан биз бул талдоочу сунуш кылган маалыматты кокустук катары баалаганыбыз дурус. Азыр биз Кытайдын бийлигинде калдык деп болжогонго негиз жок. Бул үчүн конкреттүү далилдер зарыл», - дейт Полетаев.

Кулпаш Конырова
«New Europe», 16-январь, 2013-жыл
Которгон
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Кулпаш Конырова Казакстан Кашаган Кытай экспансиясы
Другие материалы раздела:
Комментарии
куплю авто в киргизии


Публикации Авторов:

14.07.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Ашхабаде пандемии нет, но с ней борются

10.07.2020
I.Djorbenadze (Rosbalt)
Кыргызстан согласился на «российскую оккупацию»

09.07.2020
V.Panfilova, NG
Коронавирус в Туркменистан надуло с Арала

06.07.2020
“Nezavisimaya gazeta”
Журналистам Таджикистана заткнули рты штрафами

03.07.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан провалил тест на коронавирус

02.07.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Казахстан остановится в пятницу

01.07.2020
V.Panfilova, NG
Узбекистан получит новое задание от США

29.06.2020
E.Pogrebnyak(Vz.ru)
Китайская дорога в Средней Азии угрожает интересам России

29.06.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Кыргызстан возвращают цензуру

26.06.2020
V.Panfilova (NG)
Бишкек готовится перенести выборы в парламент из-за эпидемии

26.06.2020
"RIA Novosti"
В Кремле опровергли сообщения о готовящейся встрече Путина и Жээнбекова

25.06.2020
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
А. Атамбаев будет сидеть дольше, чем правил

25.06.2020
V.Panfilova, NG
Бердымухамедов борется не с вирусом, а с американцами

25.06.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Президент Кыргызстан привез в Москву коронавирус

22.06.2020
I.Alekseenko, NG
K.Келимбетов: «Мы – платформа, где западные и восточные инвесторы могут встречаться и вести свою деятельность»

19.06.2020
V.Panfilova, NG
COVID опустошил коридоры казахстанской власти

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней