Кыргызстан инвесторлорго муктаж болуп турат
вторник, 22 января 2013 г. 7:50:33
Келечекте бай болууну кыялданган Кыргызстан өзүнө жардам бере ала турган чет элдик өнөктөштөрдү издеп жатат

Өзүнөн байыраак болуп эсептелген коңшуларынан импортко көз карандылыкты жоюш үчүн жана экспорттун эсебинен кирешесин көбөйтүш үчүн Кыргызстан жаратылыш ресурстарына инвесторлорду тартып келүүгө ниеттенүүдө.
Өзүнүн абдан зор гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүнө карабай, жыл өткөн сайын Кыргызстан коңшу мамлекеттерден көп өлчөмдө жаратылыш газын жана көмүр импорттойт. Бул көз карандылыкты азайтыш жана өнөр жайын өнүктүрүш үчүн Кыргызстандын жетекчилиги өлкөдөгү жаратылыш ресурстарын казып алууну тездетүү, мындан тышкары Борбор Азия менен Кытайды байланыштыра турган газ өткөргүч түйүнүнө кошулуу жагын караштырууда.
Газ өткөргүч түйүнү жаратылыш газынын кенчи боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Түркмөнстандан башталат. Кыргызстандын жогорку даражалуу аткаминерлери бул мамлекеттин аймагында жаратылыш ресурстарынын ири кенчтери табылганын бир нече жолу тастыкташкан. Алар «жаратылыш байлыктарын казып алыш үчүн инвесторлор зарыл» деп белгилешүүдө.
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандагы алтындын көлөмү 430 тоннадан ашуун, көмүрдүн өлчөмү 1 миллиард тоннадан ашык, ал эми алюминий 340 миллион тоннаны түзөт. Ошондой эле Кыргызстанда пайдалуу кендердин башка дагы көп түрлөрү бар. Акыркы жети жылда эки революцияны баштан кечирген өлкө дагы эле туруктуулуктан алыс жана ушуга байланыштуу чет элдик инвестиция абдан жетишпей турган маал.
Кыргызстандын жаңы жетекчилиги өлкөдөгү жагдайды өзгөртүш үчүн колунан келген аракетин кылып жатат. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргызстандагы саясий туруктуулуктун орношу менен өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө жардам бере турган инвесторлор келет», - деп билдирди.
Канада - бул мамлекеттеги жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүгө кызыккан башкы өлкөлөрдүн бири. 1994-жылдан бери Кыргызстанда Канаданын «Центерра Голд» алтын казуу компаниясы иштейт. Жыл сайын компания «Кумтөр» кенинен 18 тоннадан 20 тоннага чейин алтын казып алат. Өлкөнүн ички дүң өндүрүмүндөгү компаниянын салымы болжол менен 12 пайызга барабар.
Кыргызстандын өкмөтү тоо-кен тармагында иштеп жаткан ири чет элдик компаниядан өзүнүн көз карандылыгын азайтууга ниеттенет, ошондой эле башка чет элдик инвесторлордун эсебинен өлкөнүн экономикасын диверсификациялоого аракет кылууда. Өлкөнүн тоо-кен тармагына көбүрөөк инвестиция тартып келиш үчүн Кыргызстан Кытайдан келчү потенциалдуу инвесторлорго геологиялык маалыматтарды берүүгө даяр.
2012-жылы декабрда КЭРдин мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябаонун Кыргызстандагы иш сапарынын маалында геологиялык маалыматтарды Кытай тарапка берүү маселеси талкууга алынган. Ошону менен катар башка маселелер дагы сүйлөшүлгөн. Акырындап Кытай чоңдугу жагынан Кыргызстандагы экинчи инвесторго айланып бара жатат, ошондой эле ал өлкөнүн минералдык ресурстарын иштеп чыгууга кызыгып жатканын көрсөттү.
Кытай компаниялары «Куру-Тегерек» полиметалл кенин жана Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан «Иштамберды» алтын кенин иштетүүдө. Кытайдын «Хунбо» компаниясы Кыргызстандын аймагындагы сейрек кездешүүчу металл кендерин иштетүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары Кытай жалпы көлөмү 585 миллион тоннаны түзгөн «Тегене» көмүр кенин иштетүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
КЭРдин Мамкеңешинин премьери Вэнь Цзябаонун Кыргызстандагы иш сапарынын учурунда Кытайдан Өзбекстанга салына турган темир жол, өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жаңы гирдоэлектр станциясынын курулушу, ошондой эле трактор чогултуучу заводдун курулушу үчүн мүмкүн болуучу инвесторлорду тартып келүү тууралуу маселелер талкууга алынды.
Ошого карабай, Кыргызстанга өзгөчө кызыккан кытайлык жана башка инвесторлор дагы эле чет элдик компаниялар менен өлкөнүн экологиясын сактоо жана жергиликтүү тургундарга көп жумушчу орун берүүнү талап кылган жергиликтүү жамааттардын ортосунда болгон чатактарга туш келүүдө.
Буга окшогон пикир келишпестиктерди токтотуш үчүн үч тараптын - мамлекеттин, инвесторлордун жана жергиликтүү коомдордун - кызыкчылыгын тең салмактай турган норма кабыл алынды.
Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан пайдалуу кендерди иштетиш үчүн өз капиталын пайдаланууну каалаган инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө умтулууда. «Бирок инвесторлор Кыргызстанга бир гана шарт менен - туруктуулук болгондо гана келет», - дейт кыргыз саясат таануучусу Марс Сариев. «Бул учурда Кыргызстан өзүнө пайда көрө алат, анткени КМШнын башка мамлекеттеринде алардын ресурстарына карата бюрократиялык тоскоолдуктар көп кыйынчылыктарды жаратат», - деп белгилейт Сариев.
Ошол эле маалда Кытай, Россия менен АКШнын геосаясий кызыкчылыгынын чок ортосунда турган Кыргызстан дүйнөлүк державалардын саясий колдоосуна жана бай коңшуларынын достук мамилесине муктаж. Жогоруда саналган бардык нерселер болмоюнча чийки зат рыногуна өз алдынча кирүү жеңил боло койбойт.
Бул зарылдыкты түшүнгөн Кыргызстан өзүнүн экономикасын ири дүйнөлүк инвесторлор менен биргелешип жаратылыш ресурстарын иштеп чыгуунун эсебинен чыңдоого ниеттенүүдө. Дал ушундай болгондо гана Кыргызстандын экономикасы атаандаштыкка туруштук бере алмакчы.
(Макаланын автору Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору болуп саналат).

Кубан Абдымен
«Global Times», 21- январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Кубан Абдымен Кыргызстан инвесторлор
Другие материалы раздела:
Комментарии
автомобили в киргизии


Публикации Авторов:

25.05.2017
"NSN.fm"
В Институте стран СНГ назвали варианты передачи власти в Казахстане

24.05.2017
V.Panfilova (NG)
В Кыргызстане переносят дату выборов

22.05.2017
E.Ivashenko (Ferghana)
Аскат Алиев: «Кыргызские мигранты боятся обращаться в полицию»

22.05.2017
"Afghanistan"
Джафар Махдави: США собираются присутствовать в Афганистане десятки лет

22.05.2017
E.Korotkova (News-Asia)
Марс Сариев : «Центральноазиатский регион еще возможно «сшить»»

19.05.2017
E.Stashkina (News-Asia)
Президентом России может стать эмигрантка из Таджикистана

19.05.2017
"East Time"
В Центральной Азии может появиться единая энергосистема

18.05.2017
V.Panfilova (NG)
Брюссель заинтересовался строительством Рогунской ГЭС

18.05.2017
"Caravan.kz"
В капшагайских казино проигрывают от 100 тысяч до 13 миллионов долларов - откровения завсегдатая

16.05.2017
"Afghanistan.ru"
Китай построит железную дорогу между Афганистаном и странами Центральной Азии

16.05.2017
G.Mirzayan (RIA)
Новый китайский папа: Пекин собирается стать ведущей силой в Евразии

16.05.2017
V.Panfilova (NG)
Китайская финансовая петля затягивается на Бишкеке

15.05.2017
V.Panfilova (NG)
Бердымухамедов отправил за решетку пятьдесят чиновников

14.05.2017
"RIA Novosti"
Бойкот? Индия не прислала делегацию на форум "Один пояс — один путь"

Все материалы раздела