Мали менен Алжир жоочулар менен салгылашып жатат
пятница, 18 января 2013 г. 11:52:16
«Чөлдөгү бороон»: исламчылардын согуштары Мали менен Алжирди карай жылды

Бүгүн британиянын «British Petroleum» компаниясы иштетип жаткан Алжирдеги газ кенинде эмгектенип жаткан 40 чет өлкөлүк инженер исламчы жоочулардын барымтасына алынды. Айрым баяндамачылар «жоочулардын объектке кол салышы Малидеги чатак бүт Түндүк Африканын чөлүндө Батышка каршы согуш чыгарып жибериши мүмкүн экендигинен кабар берет» деп белгилешти.
Маалыматтарга таянсак, ислам жоочулары Ливиянын чегарасына жакын жайгашкан газ кенине кол салган маалда бир англиялык жана бир француз өлтүрүлгөн. Ошондой эле жоочулар газ кенинин бир нече жумушчусун, анын ичинде бир канча британиялыктарды жана Ирландиянын бир жаранын туткунга алган. Газ кенине алтымыш жакшы куралданган жоочулар чабуул коюшкан.
Бүгүн объектке тамак жеткирген француз компаниясынын башчысы: «Бардык чет өлкөлүк жумушчулар кармалып, байланып коюлган. Жоочулар аларды бири-биринен алыс кармоодо жана чогуу болууга мүмкүндүк бербей жатышат», - деп кабарлады. Кечээ кечинде ММК жоочулардын тобу эгерде Алжир түрмөдө жаткан 100 исламчыны кое берсе жана аларды Малинин чегарасына жеткире турган болсо туткундарды бошото турганын билдиргенин маалымдашты. Мындай жагдайларда катуу позицияны карманууга ыктаган Алжирдин өкмөтү террорчулар менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Алжирдин и чки иштер министри Дахо Оулд Каблиа: «Алжирдин бийлиги террорчулар менен сүйлөшүүгө барбайт жана алардын талаптарын аткарууга ниети жок», - деп билдирди.
Алжир аткаминерлеринин айтымында, алжир армиясынын курчоосунда турган, кол салган жоочулар алардын талабы аткарылбаса «объектини жана бардык барымтадагыларды жардырып жиберебиз» деп коркутуп жатышат. Кечээ эртең менен исламчылар 41 адамдан турган топту, анын ичинде 13 норвегиялыкты, 7 америкалыкты, бир канча япондор менен бир британиялыкты туткунга алышкан. Ошондой эле жоочулар тарабынан 300дөн ашуун алжир жумушчулары дагы туткундалып, бирок кийинчерээк алар аман-соо куткарылды.
«British Petroleum» британ компаниясынын өкүлү: «Британ убактысы боюнча болжол менен саат 5те объектке чабуул коюлду жана аны белгисиз куралчан адамдар басып алышты. Объект менен байланышка чыгуу абдан эле кыйын болуп жатат, бирок биз куралчан адамдар мурдагыдай эле бул объектини кармап турганын түшүнүп жатабыз», - деп билдирди.
ММК берген маалыматтардан улам басып алгандар араб тилинде «катуу байкалган ливиялык акцент менен» сүйлөшөөрү түшүнүктүү болду. «Катибат Моулатамин» же башкача айтканда «Жашырынган бригада» деп аталган топ мавритандык радиодон «кол салуу Малинин козголоңчуларына чабуул коюш үчүн француз аскер учактарына өз аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берген Алжирдин чечимин жазалаш үчүн ишке ашканын» айтты.
Алжир өкмөтү «кылмышкерлер Малиден Сахара чөлү аркылуу келди» деп жатат. Бүгүн Малиде француз аскерлери ислам жоочуларына каршы аскер операциясын баштады. Атайын кызмат алар дүйшөмбү күнү басып алынган Бамако баш калаасынын түндүгүндө жайгашкан Диабали шаарчасын коргоп жатышканын кабарлашты.
Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан «шаар «Ислам Магриби өлкөлөрүндөгү «Аль-Каида»» көп улуттуу террорчу тобунун 1300 жоочусу тарабынан басылып алынганын» билдирди. Анын айтымында, былтыр Малинин түндүктөгү кеңири чөлдүү райондорун басып алган үч топтун арасынан «бул топ эң катаал жана тажаал, ошондой эле мыкты уюшкан, чечкиндүү жана жакшы куралданган топ».
Алтынчы күнү катары менен француз аскер учактары жана тик учактары жоочуларды бомбалап жатат. Өткөн аптада жоочулар Малинин 90 пайыз калкы же болбосо 14,5 миллион адам жашаган калкы жыш жана бышыкчылыктуу түштүгүнө кууш өткөөл аркылуу кирүүгө аракет кылышкан.
Бүгүн 30 француз ок өтпөс транспортерунан жана жеңил танктарынан турган колонна Диабали шаарынан түштүккө карай ага турган Нигер дарыясында позицияны ээледи. Бул куткаруучу күчтөрдүн атайын бөлүгү согуш аркылуу чалгындоо жүргүзүп, шаардын өзүндө исламчылардын бар экенин текшериш үчүн алга жылмакчы.
Француз күчтөрү Батыш Африка мамлекеттеринен 3500 миң аскерден турган армия келгенге чейин линияны кармап турууну каалап жатат. Франциянын президенти Франсуа Олланд анын кургак жердеги армиясы «африкалык аскерлердин бир нече күн же бир жума аралыгында өтүп келишин камсыз кылат» деп билдирди. Күтүлүп жаткандай, биринчи африкалык аскерлер Малиге эртең келмекчи, бирок алар жоочулар менен күрөшкөнгө даяр болгонго чейин бир нече ай талап кылынат.
Ал арада түштүк-чыгыш Алжирдеги кенге ислам жоочуларынын кол салуусу «Малидеги чатак Сахара менен Мавританиядан Ливияга чейин жайылып жаткан Сахель аймагындагы кеңири чегараны кучагына алат» деп айтылып жактан кооптонууларга далил болуп калды.
Алжирдин ММКлары Алжирдин Ички иштер министрлигиндеги маалымат булактарынын сөзүн цитата келтиришти, алар чабуул койгон жоочулар адегенде чет өлкөлүк жумушчуларды аэропортко ташый турган автобусту айдап качууга аракет кылышкан деп айтышкан. Ошондой эле Алжирдин ММКлары кол салгандар эки кишини, анын ичинде бир британиялыкты өлтүргөн соң чегинүүгө аргасыз болушканын маалымдашты.

Исламчылардын башчысы - «Кармалбас Белмухтар»
Британиянын «British Petroleum» компаниясы иштетип жаткан алжир газ кенине кол салуу Түндүк Африкадагы эч бир колго түшпөгөн жана кандуу исламчылардын биринин иши деп саналууда.
«Кармалбас» деген каймана аты бар Мухтар Белмухтар өткөн жылга чейин «Ислам Магриб өлкөлөрүндөгү «Аль-Каиданын»» командири болгон. Бул террористтик топ Малини басып алууга аракет кылып жаткан үч исламчы топтун эң коркунучтуусу болуп саналат. Өткөн айда Интернетке жайгашкан алгачкы элге кайрылуусунда ал «Ислам Магрибиндеги «Аль-Каидадан»» бөлүнгөнүн жана коңшу Нигерде «Кан менен антташкандар» деген жаңы топ түзгөнүн айткан. Ошондой эле Белмухтарды «Беллаоуар», «Халед Абу Аббас» же болбосо «жалгыз көз» деп да коюшат. Ал Алжирдеги Гардайада болжол менен 50 жыл мурда туулган деп белгиленип жүрөт. Ал ошондой эле 1991-жылы Афганистанда согушкан.
1993-жылы Түндүк Африкага кайтып келгенден кийин ал Батыш күчтөрүнө каршы ондогон же балким андан дагы көп кол салууларга катышкан. Анын ошондой эле 2007-жылы декабрда төрт французду жана 2009-жылы январда эки швейцариялыкты, британиялыкты жана бир немис аялды өлтүрүүгө катышы бар. ММКлар былтыр июль айында ал «Сахарадагы өз алдынча мамлекет түзүүнү каалаган атаандашкан Малинин тобу менен болгон кагылышта өлдү» деп кабарлаган. Бирок бул кабар жалган болуп чыкты. Өзүнүн каржылык ишмердүүлүгүндө, айрыкча курал сатып алууда Белмухтар айрым чет өлкөлүк туткундар үчүн берилген акчаны пайдаланат деп айтылып жүрөт.
Кечээ Алжирдин ички иштер министри «Белмухтар жана анын 20 жоочусу «British petroleum» гез кенине кол салды», - деп билдирди. Ошондой эле Алжирдин ИИМи жоочулар коңшу мамлекеттин жарандары эмес экенин тастыктоодо. Ал эми жоочулардын Нигерде, 1000 чакырым жерде жайгашкан Белмухтардын жаңы базасынан Алжирдин түштүгүнө кантип жеткени жашыруун сыр бойдон калууда.

Ким Сенгупта менен Джон Личфилд
«Independent», 17-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Ким Сенгупта Джон Личфилд Белмухтар Мали Алжир жоочулар
Другие материалы раздела:
Комментарии
субару


Публикации Авторов:

18.07.2019
"Dzen.Yandex"
Чт за народ каракалпаки в Узбекистане?

18.07.2019
"Afghanistan.ru"
Узбекистан собирается принять участие в строительстве афганского участка газопровода ТАПИ

17.07.2019
V.Panfilova, NG
Президента Кыргызстана перехватила Москва

15.07.2019
"Ritmeurasia"
Чем выгоден ЦА экономический коридор Пакистана и Китая

12.07.2019
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
Россия и Кыргызстан рекультивируют отношения

12.07.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский вектор становится менее привлекательным для стран ЕАЭС

12.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Премьер-министр Узбекистана доволен тем, как развиваются отношения его страны с Россией

09.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Евросоюз презентовал в Бишкеке новую стратегию для Центральной Азии

09.07.2019
V.Panfilova, NG
Русских в Туркменистане легализуют

07.07.2019
"Tengrinews"
Кыргызстан всколыхнуло убийство иностранца в центре Бишкека

04.07.2019
V.Panfilova, NG
Туркменские мигранты ищут «Путь к свободе»

01.07.2019
V.Panfilova, NG
Экс-президенту Кыргызстана грозит пожизненное заключение

26.06.2019
"EADaily"
В Афганистане формируется новая база ИГИЛ — эксперт

26.06.2019
"RIA Novosti"
В ОДКБ рассказали о возросшей угрозе терактов в Центральной Азии

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней