Россиялыктар майрамдан кийин соолуга башташты
пятница, 18 января 2013 г. 9:45:39
Россия эки аптага созулган жаңы жылдан соң жана Иса пайгамбардын туулган күнүнөн кийинки мастыктан көзү жаңы эле ачылды

Байкоочулардын маалыматы боюнча россиялыктар 1,5 миллиард литр алкоголь ичкен январдагы эс алуу күндөрүнүн таасири тууралуу медицина кызматкерлери эскертишти.
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү үчүн Жаңы жыл жаңы башталыш дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле Жаңы жыл жаңы чечимдерди кабыл алуунун, машыгуучу залга жазылуунун, ошону менен катар жаңыча жашоо баштоонун мезгили деп саналат. Россияда болсо жаңы жыл эки жумалык мастык деген сөз.
Өлкө Жаңы жылдын алдында башталып, бейформал түрдө Россиянын жашоочулары, өткөн жекшембиде белгилеген эски жаңы жылдан кийин бүткөн эки жумага созулган жаңы жылдык жана Иса пайгамбардын туулган күнүнөн кийинки мастыктан эми гана соолуга башташты. Ошого карабай Саламаттыкты сактоо министрлиги «эки жумалык аракечтиктен толук калыбына келүү көп убакытты талап кылат» деп эскертүүдө.
«Кандай болсо да узакка созулуп кеткен майрамдар тескери таасир этет», - деп билдирди дүйшөмбү күнү Москвадагы илимий-практикалык наркология борборунун директору Евгений Брюн. «Алкоголдун кайсы гана түрүн болбосун узак убакыт колдонуу организмге тескери таасирин тийгизет. Өтүшкөн уулануу таасири байкалат жана бул бир айга чейин уланышы мүмкүн», - дейт ал. «Алкоголдун адамдын организминде толук ажыратылышы үч жумага чейин созулат».
Россия 9-январдан тартып гана иштей баштады. Узакка созулган жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө бүт өлкөдө жашоо токтоп калгансыды. Фондулук рыноктор жабылды, бир дагы гезит басылган жок. Кээ бир россиялыктар Россия эски юлиан календары боюнча Жаңы жылды майрамдаган 13-январга чейин өздөрүнүн жаңы жылдык эс алуусун улантышты.
Мамлекеттик РИА «Новости» маалымат агенттиги экономисттердин эсеби боюнча узакка созулган эс алуунун айынан Россиянын ички дүң өндүрүмү 1 триллион рубль жоготконун кабарлады. Бирок россиялыктар үчүн Жаңы жыл өзгөчө майрам болуп эсептелет. Айрымдар өлкөдөн жылуу жактарга кетишип, ал эми Москва ээн калган шаарды элестетти. Көптөгөн россиялыктар жөн гана ичимдиктин артынан түшүп кетишти.
Эксперттердин биринин берген маалыматына таянсак, эгерде эс алуу күндөрү россиялыктар ичкен бош шишелердин баарын чогултуп, Экватордун айланасына жайгаштыра турган болсок, алар биздин планетаны 17 жолу айланта курчаганга жетмек. Россиянын федералдык жана аймактык алкоголь рыногун илимий изилдөө борборунун жетекчиси Вадим Доброз узакка созулган эс алуу күндөрү орточо статистикалуу россиялык 12 миң рублдей акчасын ичкилик сатып алууга коротконун белгилейт.
Медициналык «Норма» илимий изилдөө түйүнү орустар жаңы жылдык майрамдын маалында 100 миллион пиво шишесин, 100 миллион шише шампанский жана 250 миллион шише арак ичишкенин тастыктайт. Мындан тышкары россиялыктар 80 миллион шише вино, 10 миллион шише коньяк жана 1,5 миллион шише ром, джин, текила жана виски сыяктуу ичимдиктерди ичишкен. Анын жыйынтыгында «Норма» илимий изилдөө түйүнү чыгарган жалпы сумма укмуштуудай болуп чыкты.
Азыркы учурда россиялык гезиттер менен веб-сайттар кызуу эс алуудан кийин өзүнө келүүгө аракет кылып жаткан миллиондогон россиялыктарга өз кеңештерин айтып жаткан кези. «Med Portal» медициналык веб-сайтынын бириндеги макала төмөнкүдөй сөздөр менен башталат: «Катардагы адамдар үчүн бул майрам кадимки майрам болсо, дарыгерлер үчүн, айрыкча наркологдор үчүн жумушчу күндөр болду». «Чыныгы көңүл ачуу майрам бүткөндөн кийин үч же төрт күн өткөн соң башталат. Эң аз дегенде 10 күн бою (кээ бирөө декабрдын ортосунда эле иче баштаган) ичимдикти ашыкча ичкен жарандар бир маалда эле жумушка баруу керек экенин эстешти», - деп кошумчалайт макаланын автору.

Мириам Элдер
«Guardian», 16-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Теги: Мириам Элдер Россия ичкилик жаңы жыл мастык
Другие материалы раздела:
Комментарии
toyota


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней