Казакстан «жашыл» экономикага чындап кызыгып жатат
среда, 16 января 2013 г. 7:17:32
Казакстан «жашыл» экономикалык системага айлана алабы?

Казакстан мунайдын ири өндүрүүчүсү болуп эсептелет. Ошондой эле Казакстан энергияга көз каранды аймакта абдан кенен көмүрсуутектин камылгасына ээ болгон мамлекет болуп саналат. Дал ошондуктан айрым адамдар Казакстан атаандаштыкка туруштук берүүчү индустриалдык оюнчуга айлануу жолунда «жашыл» экономикалык системага өтүүгө белсенип жатканын билгенде таң калышы мүмкүн.
Эмне үчүн Казакстан өз экономикасын өнүктүрүүдө «жашыл» жолду тандап алды? Жооп эң жөнөкөй. Жердин ресурстары акыры бир күнү түгөнөт, ал эми көбөйүп бараткан дүйнө калкын камсыз кылып туруш үчүн дүйнөлүк экономиканын өсүшү башка мүмкүндүктөрдүн эсебинен болууга тийиш. Өнүгүп бараткан бир дагы мамлекет же болбосо өнүккөн бир дагы экономикалык система бул чындыкка көз жуумп кое албайт.
Казакстан өкмөттү, эл аралык уюмдарды жана жеке бизнести бириктирип турган «Жашыл көпүрө» деген өнөктөштүк программасын ишке ашырууга киришти. «Жашыл көпүрө» программасы туруктуу экономикалык өнүгүүдөгү эл аралык маселелерди чечүү жолунда, ошондой эле Батыш мамлекеттери ээ болгон эң мыкты «жашыл» технологиялар менен ыкмаларды Борбор Азиянын мамлекеттерине берүүдө платформа болуп калууга тийиш.
Июнда өткөн БУУнун «Рио+20» саммитинде «Жашыл көпүрө» программасы эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгон. «Рио+20» саммитинен кийин Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Эл аралык каржы корпорациясы, Дүйнөлүк банк сыяктуу ири чет элдик инвесторлор жана чет мамлекеттер «Жашыл көпүрө» программасына катышууга кызыгаарын билдиришкен. Азыр Казакстан ушул долбоорду ишке ашыруунун практикалык бөлүгүнө киришти.
Казакстандын жаңыланып туруучу энергия жаатында, айрыкча анын шамал жана күн энергиясы сыяктуу түрлөрүнүн өнүктүрүүдө зор мүмкүнчүлүгү бар. Шамалдын энергиясы азыркы учурда Казакстанда казылып алынып жаткан көмүрсуутекке караганда 25 эсе көп энергия бериши мүмкүн. Ошондой эле Казакстан энергияны, анын ичинде колдонуу тармагындагы энергияны 50-60%га үнөмдөө жагын караштырып жатат. Мындан тышкары Казакстандын жетекчилиги парник газдарынын көлөмүн азайтыш үчүн колунан келген аракеттерди кылууда. Казакстан 2013-жылдын январынан тартып парник газынын чыгарууну чектөө жана соода квота саясатын кармана турган КМШдагы алгачкы мамлекет болуп калууга ниеттенүүдө.
Казакстандын «жашыл» экономикага өтүшүнүн башкы максаты өзүнүн көмүрсуутек энергиясына көз карандылыгын жана анын айлана-чөйрөгө таасирин азайтууга байланыштуу.
Казакстандын жетекчилиги «бир нече ири компаниялар Казакстан менен Борбор Азиянын «жашыл» энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча шарттарына кызыгат» деп үмүттөнүп жатат. Европа менен Азиянын ортосундагы стратегиялык жактан маанилүү райондо жайгашкан Казакстан туруктуу энергетиканын өнүгүшүнө маанилүү роль аткарышы мүмкүн.
Европанын тажрыйбасын ылайыкташтырып колдонуу менен Казакстан өз маселелерин чечиши мүмкүн. Бул процесстин жүрүшүндө Казакстан Азиянын башка мамлекеттери үчүн өрнөк болуп калышы ыктымал.
Казакстандын экономикасынын «жашыл» экономикага өтүү процессине «Келечектин энергиясы» деген темадагы эл аралык «ЭКСПО-2017» көргөзмөсү да түрткү болуп калышы мүмкүн. Буга окшогон эл аралык көргөзмө мурдагы Советтер Союзунун мамлекеттеринде биринчи жолу өтөт. Казак жетекчилигинин эсебине караганда, өлкөгө 100 мамлекеттен 5 миллионго чукул киши келмекчи.
Казакстандын жетекчилигинин пикиринде, Астанада өтө турган эл аралык «ЭКСПО-2017» көргөзмөсү өз маалында өткөн жана мааниси зор окуя болуп калмакчы. Ошондой эле казак жетекчилиги «көргөзмө инновациялык технологияларды алмашууну тездетүү жана аймактык кызматташтык үчүн жаңы демди бериш үчүн платформа болуп калат» деп эсептейт.
Иш жүзүндөгү жыйынтыктардын көз карашы менен алганда эл аралык «ЭКСПО-2017» көргөзмөсү энергетикалык жана экологиялык коопсуздук, анын ичинде суу маселелери боюнча байланышкан Борбор Азия жана КМШ мамлекеттеринин көптөгөн маселелерин чечүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Мындай масштабдагы эл аралык көргөзмө эл аралык коомчулуктун аймакта чечилүүгө тийиш болгон экологиялык жана энергетикалык маселелери боюнча так жоопторду бериши ыктымал. Муну менен катар «ЭКСПО-2017» дүйнөдөгү энергияны үнөмдөөчү технологиялар жана күн, шамал, толкун сыяктуу энергиянын альтернативалуу булактары өңдүү маселелерде эң мыкты эксперттик билим тартып келиши да ажеп эмес.
Казакстандын жетекчилиги Астананы ушул багыттагы дүйнөлүк жаңы жетишкендиктердин көргөзмөсүнө айлантууга жана Казакстанды Борбор Азиядагы альтернативдүү энергия булактарынын борбору кылууга бүт аракетин жумшоодо.

Алтай Абибулаев
«Renewable Energy World.com», 15-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Алтай Абибулаев Казакстан жашыл экономика
Другие материалы раздела:
Комментарии
автогид


Публикации Авторов:

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

11.12.2019
"Finance.kz"
Кыргызстан демонстрирует один из самых высоких темпов развития в ЕАЭС

10.12.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Нур-Султан освободит немецкий бизнес от налогов

07.12.2019
V.Panfilova, NG
Президент Таджикистана готовит себе преемника

03.12.2019
"Vedomosti Kazakhstana"
Транзит Касым-Жомарта, Шавката и Сооронбая: «сегунат», выход из-под контроля и борьба со спецслужбами

02.12.2019
"Tengrinews", KZ
Иностранный олигарх "спонсировал" политиков из Казахстана - СМИ

29.11.2019
F.Vakilov (Trd)
Узбекистан - "Открытие года" по версии National Geographic Traveler

28.11.2019
V.Panfilova, NG
Казахстанский бизнес укрепляется в Кыргызстане

27.11.2019
"Express-k.kz"
Казахстан – единственный в мире экспортер осмия, самого дорогого металла в мире

27.11.2019
К.Карабеков, К.Кривошеев, Ъ
Кыргызская таможня перешла все границы

25.11.2019
"Haqqin.az"
Кыргызы протестуют против коррупции

25.11.2019
"Eurasia.expert"
Армения и Казахстан упростят миграционный режим

25.11.2019
V.Panfilova (NG)
Президенту Кыргызстана грозят импичментом

21.11.2019
"Vesti.uz"
Из Узбекистана активнее других выезжают казахи

20.11.2019
"Cabar.asia"
«Противоречит национальному менталитету». Почему узбекские артисты уезжают за границу?

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней