Чавестин оорусу Венесуэладагы кризисти жакындатууда
пятница, 11 января 2013 г. 13:26:32
Чавес өзүнүн такка олтуруу каадасына келе албайт, ал эми оппозиция Венесуэланын президентин сындаш үчүн дагы бир шылтоо тапты

Каракас, Венесуэла. Венесуэланын президенти Уго Чавес бейшемби күнү боло турган инаугурацияга катыша албайт. Шейшемби күнү Венесуэланын өкмөтү Чавес иш-чарага катыша албасын билдирген соң «Венесуэланын башчысы оорусунан улам Кубанын бейтапканасында калууга аргасыз болуп жатат» деген шектенүүлөр анык болду.
Улуттук Ассамблеянын төрагасы Диосдадо Кабеллонун мыйзам чыгаруу органынын жыйынында айтылган билдирүүсү Венесуэланын вице-президенти Николас Мадуро тарабынан жазылган.
Өкмөт менен оппозициянын ортосундагы чыңалуу Конституциянын абалы боюнча пикир келишпестиктердин себеби болуп калды, анткени эки жаат тең өлкөнүн президентинин оорусунан улам «Инаугурациянын мөөнөтүнүн жылдырылышы мыйзамдуубу?» деген суроодо ар башка пикирде болуп жатышат.
Өткөн айда Кубада Венесуэланын президентине шишик оорусуна байланышуу төртүнчү жолу операция жасалган жана ал бир айдан бери эл алдына чыга элек.
Буга чейин шейшемби күнү Венесуэланын оппозициясынын башчысы Энрике Каприлес бул өлкөнүн Жогорку Соту «Чавестин өкмөтү менен оппозициянын ортосундагы пикир келишпестикке чекит коюушу керек», - деп билдирген.
Оппозициянын башка лидерлери «такка олтуруу каадасы мыйзамдын эрежелери боюнча кийинкиге жылдырылбашы керек жана Улуттук Ассамблеянын президенти эгерде Чавес инаугурация күнү Кубадан келбесе убактылуу мамлекет башчысынын кызматын ээлөөгө тийиш» дешүүдө.
«Венесуэланын Жогорку Соту Конституциянын жобосуна макул болушу керек», - дейт Каприлес. Үч ай мурда болгон президенттик шайлоодо Каприлес Чавестен жеңилип калган. «Венесуэлада монархия жок жана биз Кубада жашап жаткан жокпуз», - деп белгиледи ал.
Каприлестин айтымында, Жогорку Соттун чечимин талашууга себеп жок, ошондой эле Жогорку Сот бул маселени соңуна чыгарышы керек.
Чавестин союздаштары келе жаткан бейшемби күнү боло турган такка олтуруу каадасын кийинкиге калтырууну жана муну менен катар Жогорку Сотко инаугурацияны жылдыруу тууралуу маселени кечирээк мөөнөттө кароо жагын сунуш кылышты.
Ошол эле маалда Чавести жактаган жана каршы чыгып жатышкан эки жааттын башчылары «келе жаткан бейшембиде Венесуэлада тополоң чыгып кетпейт» деп эсептебей тургандарын жана такка олтуруу каадасынын белгиленген күнүнөн кийин дагы иштей турган кызмат адамдарынын мыйзамдуулугуна байланыштуу оппозиция маселе жаратарын айтышууда.
Венесуэланын Конституциясында президенттин инаугурациясы бул мамлекеттин Эл өкүлдөрүнүн улуттук жыйынында болууга тийиш деп айтылат. Бирок Баш мыйзамда ошону менен катар эле президент эгер Венесуэланын Эл өкүлдөрүнүн улуттук жыйынында ант бере албаса, муну Жогорку Соттун алдында деле ишке ашыра ала турганы жөнүндө айтылат.
Аткаминерлер «Конституцияда дата тууралуу ачык айтылбайт» дешүүдө, бирок каршылаштар «Баш мыйзамда 10-январь эң акыркы мөөнөт экени жазылган», - деп жатышат. Венесуэланын вице-президенти Мадуро ант берүүнү «формалдуулук» деп атады жана «оппозиция өлкөнүн Конституциясын туура эмес түшүнүп жатат» деп белгиледи.
Чавес эгерде ал «өлкөнүн президентинин милдеттерин аткара албай калса, Мадуро анын ордун ээлеши керек жана Венесуэланын жаңы президенти болуш үчүн шайлоого катышууга тийиш» деп билдирген.
Каприлес «Чавес ишке чыкпай калгандан бери Мадуронун талапкерлиги жаңы мөөнөткө бекитилген эмес», - деп айтты. «Эгерде Мадуро өлкөнүн жаңы президенти болгусу келсе - бул туура эмес кадам», - дейт Каприлес. Ал буга чейин «Биз Конституция тараптабыз» деп айткан аскерлер менен бул маселени талкуулап үлгүргөнүн кошумчалады. «Баш мыйзамдын сакталышына армия маанилүү роль ойнойт», - дейт Каприлес.

Фабиола Санчес
«Associated Press», 9-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Фабиола Санчес Чавес оору Венесуела
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто из киргизии в казахстан


Публикации Авторов:

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней