АКШ 2014-жылдан кийин Афганистанда канча аскер кала турганын чечүүдө
пятница, 11 января 2013 г. 9:03:34
АКШ 2014-жылдан кийин Афганистандан бардык аскерин алып чыгып кетиши мүмкүн

Вашингтон. Шейшемби күнү Ак Үй Обаманын администрациясы НАТОнун аскердик миссиясы расмий аяктады деп эсептелген 2014-жылдын соңунда азыркы учурда Афганистанда жайгашкан өзүнүн бардык аскерин алып чыгуу мүмкүндүгүн караштырып жатканын билдирди.
Ак Үйдүн улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс Пентагон менен Ак Үй 2014-жылдан кийин Афганистанда калышы мүмкүн болгон аскерлердин санын караштырып жатканын билдирди. Анын айтымында, калган аскерлер козголоңчулар менен күрөшүүнү улантат, ошондой эле афган коопсуздук күчтөрүн даярдайт.
Жума күнү Вашингтондо Афганистандын президенти Хамид Карзай менен АКШнын президенти Обаманын жолугушуусу болду. Ошондой эле эки президент Афганистандын келечегин талкуулашты.
Родс Обаманын администрациясы 2014-жылдан кийинки Афганистан боюнча ар түрдүү варианттарды караштырып жатканын билдирди. Варианттардын биринде АКШ өзүнүн бардык аскерлерин Афганистандан чыгарып кетмекчи. АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, бир аз мурдараак Афганистанда балким 6 миңден 15 миңге чейин америкалык аскерлер калат деп болжолдонуп жаткан. АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына АКШнын Афганистандагы күчтөрүнүн жогорку даражалуу командачысы генерал Джон Аллендин берген баасы негиз болгон.
«Биз «Аль-Каида» Афганистанда жаңы баш паанек таппайт деп ынангыбыз келет, ал эми афган өкмөтү өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу жана «Аль-Каиданын» Афганистанда чыңдалышына бөгөт коюш үчүн жетиштүү сандагы коопсуздук күчтөрүнө ээ болгон», - дейт Родс. «Дал ошондуктан биз бул мамлекеттеги кала турган аскерлер тууралуу маселени, муну менен катар Афганистандан АКШнын аскерлерин толук чыгарып кетүү зарылдыгын талкуулап жатабыз».
Родс Карзайдын иш сапарынын маалында америкалык тарап 2014-жылдан кийин Афганистанда кала турган күчтөр тууралуу кандайдыр бир келишимге кол коюну көздөбөгөнүн тастыктайт. Бирок ал кандайдыр бир чечим кабыл алганга чейин бир нече ай өтө турганын белгилейт.
«Ак Үйгө Афганистан кайрадан «Ал-Каидага» баш паанек бойдон калбашына кепилдик керек», - дейт Родс. «АКШнын президенти жогоруда сөз болгон Ак Үйдүн талаптары Афганистандагы америкалык аскерлерди калтырыш үчүн негиз болот деп эсептебейт. Биз афган тарап менен макулдашкан жалпы жоболорго, ошондой эле афган күчтөрү менен отряддарын терроризм менен күрөшкө даярдоо жана камсыздоо жөнүндө макулдашууларга баш ийебиз», - деп белгиледи ал. Бирок Кошмо Штаттар Афганистанда 2014-жылдан кийин калышы мүмкүн болгон өз аскерлеринин укуктук коргоосун талап кылууда.
Эгерде 2014-жылдын соңуна чейин АКШ менен Карзай америкалык аскерлерди укуктук жактан коргоо тууралуу келишимге кол кое албаса, Афганистанда Кошмо Штаттар Ирактан кеткендегидей жагдай кайталанышы мүмкүн.
Согуш бүткөндөн кийин Кошмо Штаттардын Ирактан кетишинин негизги себептеринин бири Ирак өкмөтүнүн америкалык аскерлер үчүн укуктук жактан коргоону улантып берүүдөн баш тартышы болгон. Мындан тышкары Америка жергиликтүү күчтөрдү окута турган өзүнүн аскер кеңешчилерин Иракка калтырууну каалаган эмес.
Бирок Карзай америкалык аскерлер НАТОнун миссиясы бүткөндөн кийин да анын өлкөсүндө калышын каалай турганын билдирген. Бир нече жылдардан бери Карзай америкалык аскерлердин колунан карапайым калк набыт болгондугу үчүн Батыштын аскерлерин күнөөлөп келген.
АКШнын Коргоо министрлигинин аткаминерлери күтүүчү позицияга өтүштү жана Карзайдын АКШга жасаган иш сапарынан кийин эмне болоорун карап турушат. Дүйшөмбү күнү АКШнын Коргоо министрлигинин бир аткаминери CNN агенттиги менен болгон маегинде Афганистандын президенти тууралуу: «Карзай ага эмне керек экенин болду бекен?», - деп сурады.

Майк Моунт
CNN, 9-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: АКШ Афганистан аскерлер Карзай Обама Майк Моунт
Другие материалы раздела:
Комментарии
куплю авто в киргизии


Публикации Авторов:

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней