АКШ Асадды орой какты
среда, 9 января 2013 г. 9:05:21
АКШ Асаддын «оюндарын» четке какты

АКШнын Мамлекеттик департаменти Сириянын президентин «чындыктан четте калган жана Сирия элине каршы кандуу репрессияларга күнөөлүү» деп таап, Башар Асаддын акыркы айтылган сөзү үчүн сынга алды.
Жекшемби күнү Асад бир саат бою Дамаскидеги Опера үйүндө сүйлөгөн кезде эл аралык коомчулуктун кызматтан кетүү талабын четке кагып, анын айтымында, Сирияны жок кылууну каалаган экстремисттерден өз өлкөсүн коргоого сириялыктарды чакыруу менен баш ийбес позицияга чыкты.
Батыш мамлекеттеринен жана Жакынкы Чыгыштагы өз коңшуларынан сириялык козголоңчуларды каржылоону жана куралдандырууну токтотууну талап кылган Асад жаңы шайлоо өткөрүүгө жана жаңы Конституцияны иштеп чыгууга даяр экенин айтты. Ал ошондой эле ынтымакка келүү боюнча улуттук диалогду жүргүзүүгө, бирок буга анын кызматтан кетишин талап кылгандарды катыштырбоого чакырды.
Мамлекеттик департамент Асаддын сөзүн болбогон кеп катары четке какты. Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Виктория Нуланд өзүнүн билдирүүсүндө «Асаддын сөзү кандай гана болбосун Сирия элинин максатка, тактап айтканда саясий өткөөлгө жетишине жардам бербей турган, бийликти кармап калыш үчүн режимдин кезектеги кылган аракети болду» деп билдирди.
«Сириянын президенти эл аралык коомчулуктун жана БУУнун элчисинин эки жылдан бери уланып келе жаткан Сириядагы жарандык согушту токтотуу аракеттерин бузууга далбастады», - дейт Нуланд. «Чындыктан ажырап калган анын демилгеси БУУнун атайын өкүлү Лахдар Брахиминин бардык күч-аракетин жокко чыгарат. Бул режимдин Сирия элине каршы кандуу репрессияларды уланта беришине мүмкүндүк берет», - дейт Нуланд.
«Эки жылга жакын убакыттан бери Асаддын режими өз элине таш боордук менен мамиле кылууда. Ал тургай бүгүн Асад диалог тууралуу айтып жатканча режим билип туруп эле чатакка май тамызып, кыргынды улантууда», - дейт ал. «Асад бардык мыйзамдуулугун жоготту, ал сириялыктардын тилегин канааттандыра турган саясий чечимге жана демократиялык өткөөлгө мүмкүндүк бериш үчүн кетиши керек».
Ошого карабай, Мамлекеттик департамент АКШнын Асадды кулатууда жөн гана колдоо же болбосо Сирия чатагын чечүү боюнча чечим кабыл алуудан тышкары көп нерсеге даяр экендигин эл аралык коомчулукка айткан жок.
«АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү, Араб Мамлекеттер Лигасы жана БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан макулдашылган Женева колдоо тобунун саясий жөнгө салуу боюнча планын колдой бермекчи», - дейт Нуланд. «Биз максатка жетүүдө эл аралык коомчулукту бириктириш үчүн БУУнун атайын өкүлү Лахдар Брахимини колдоону улантабыз жана Сирия чатагынан бардык тараптарын бул максаттарга жетиш үчүн натыйжасы сезилгидей кадамдарды жасаганга чакырабыз».
Бул арада БУУ эки жылдын ичинде курман болгондордун эсеби тууралуу өз маалыматтарын кайра карап чыкты. Эми БУУнун берген баасына таянсак, согуш башталгандан бери 60 миң адам курман болгон.

Гай Тэйлор
«Washington Times», 7-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: АКШ Асад Нуланд Гай Тэйлор
Другие материалы раздела:
Комментарии
www.diesel.elcat.kg


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней