Мурси Асадды соттоого каршы эмес
вторник, 8 января 2013 г. 9:18:15
Мурси Сириянын президенти Башар Асаддын үстүнөн процесс жүргүзүү тууралуу сириялыктардын чакырыгын колдоду

Каир. Жекшемби күнү CNN менен болгон эксклюзивдүү маегинде Египеттин президенти Мохамед Мурси «Сириянын президенти Башар Асадды аскердик кылмыштары үчүн соттош керек» деген сириялыктардын чакырыгын колдой турганын айтты.
«Жакында революциялар менен нааразылык акциялары бүткөндөн кийин Сирия эли өз жолун тандап, парламентти жана өкмөттү түзүү мүмкүндүгү пайда болот», - деп билдирди бир аз мурда CNNдин журналисти Вольф Блитцер менен Каирде болгон маегинде Египеттин биринчи жолу эркин шайланган президенти Мурси. «Жана алар ошондо аларга каршы кылмыш жасаган адамдарды эмне кыла тургандыгын чечишет. Эң башкысы чечимди Сириянын эли кабыл алмакчы», - деп белгиледи ал.
2011-жылы өкмөткө каршы чыккан нааразылык акцияларын басыш үчүн кылган Асаддын күч-аракети БУУнун берген маалыматы боюнча 60 миңден ашуун адам кырылган кандуу жарандык согушка айланып кетти. Жекшемби күнү телевидение аркылуу элге кайрылган Асад «Сирия киши өлтүрүү менен кылмыштын тилин гана билген тышкы экстремисттердин кучагында калганын» айтты.
Сирия жөнүндө суроого жооп берип жатып Мурси Асадды кызматын өткөрүп берүүгө чакырды. 2011-жылдын башында Египеттин революциячылары Хосни Мубаракты бийликтен кулатышкан. Мурси Египет Асадды бийликтен кулатыш үчүн араб мамлекеттери менен эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болууда колуна келген күч-аракетин жумшаарын билдирди. «Сириянын башчысы аскердик кылмышы үчүн Эл аралык кылмыш сотуна тартылышы керек деп ойлогон жоксузбу?» - деген суроого Мурси: «Бул менен талабым эмес, Сириянын элинин талабы», - деп жооп узатты.
«Бул элдин каалаганы», - дейт Мурси. «Египеттин эли да азыр Сирия эли сурап жаткан нерсени талап кылган. Биз Сирия элин колдойбуз жана ал жеңишке жетет, ошондой эле анын жеңишке жетүүгө эрки бар», - деп белгиледи ал.
Ноябрда Мурси Израиль менен Газа тилкесин көзөмөлдөп турган палестиналык ислам фракциясы болгон ХАМАСтын ортосундагы сегиз күнгө созулган чатакты токтотуш үчүн болгон сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп чыккан. Азыр биримдикке жетиш үмүтү менен ал эки негизги палестиналык фракциянын башчыларын Каирге сүйлөшүүгө чакырды. Анын айтымында, биримдикке келүү оңой иш эмес болуп турат.
Мурси Палестин Автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен Каирде жашаган ХАМАСтын саясий башчысы Халед Машалды чакырганын тастыктайт. ХАМАС Газа тилкесин көзөмөлдөйт, ал эми Аббастын ФАТХ партиясы Иордан дайрасынын батыш жээгин карайт. Көп жылдан бери эки фракциянын ортосунда айыгышкан тирешүү байкалууда.
АКШ, Израиль менен Европа Биримдиги ХАМАСты «террорчу уюм» деп атап келишет. Топ көп сандаган кол салууларды ишке ашырган жана ондогон карапайым калкты кырган.
Жекшемби күнү CNN менен болгон маегинде Мурси эл аралык аудиторияга, ошондой эле египеттиктерге өлкөдөгү демократияны өнүктүрүш жана азчылыктарды, анын ичинде христиан-копторду дискриминациядан коргоону ишке ашырыш үчүн колунан келген аракетин кылып жатканын ишендирүүгө аракет кылды.
Мурси америкалык демократия жөнүндө  абдан эле жакшы кабары бар, анткени ал түштүк Калифорния университетинин докторлук  даражасына ээ болгон. Анын айтымында, ал Египетте кең-кесири сөз эркиндиги болушун каалайт.

CNN, 7-январь, 2013-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Мурси Асад Сирия процесс
Другие материалы раздела:
Комментарии
nissan


Публикации Авторов:

13.11.2019
"EADaily"
Узбекистан покинул тройку мировых лидеров по экспорту хурмы

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней